Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 10-майы № 199-б
Адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин өз убагында аткаруу жана Расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө конвенциянын ченемдерин аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын бириктирилген сегизинчи-онунчу Улуттук баяндамасынын долбоорун даярдоо максатында:
1. Расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө конвенциянын ченемдерин аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын бириктирилген сегизинчи-онунчу Улуттук баяндамасынын долбоорун даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2016-жылдын 30-майына чейинки мөөнөттө Расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө конвенциянын ченемдерин аткаруу тууралуу бириктирилген сегизинчи-онунчу Улуттук баяндаманын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты ыкчам тартипте беришсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топ белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
Расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө конвенциянын ченемдерин аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын бириктирилген сегизинчи-онунчу Улуттук баяндамасынын долбоорун даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Рыспаев Бакыт Келгенбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Асанов Курсан Сатарович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Акыев Арзыбек Акыевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы (макулдашуу боюнча); |
Юсупова Надия | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча); |
Азимжанова Бермет Низамидиновна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук практиканы жалпылоо жана соттук статистиканы талдоо боюнча бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Карыпбеков Урмат Карыпбекович | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ыкчам иликтөө иши жана териштирүүнүн мыйзамдуулугуна көзөмөл боюнча башкармалыгынын жазык процессинин сотко чейинки баскычында жарандардын укуктарынын сакталышы үчүн көзөмөл боюнча бөлүмүнүн улук прокурору (макулдашуу боюнча); |
Аралбаев Урмат Сагыналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппаратынын эксперттик-укуктук иштер бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча); |
Осмонова Асель | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин кеңешчиси; |
Бакирова Нургуль Жакыповна | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин гендердик саясат бөлүмүнүн башчысы; |
Мамбеталиева Марьям | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин саламаттык сактоо жана социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы; |
Бакасов Султан | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Алтымышева Алмаш Дюшенкуловна | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин экинчи катчысы; |
Сарыбаев Чынгыз Абдусатарович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын качкындар менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу; |
Туратбек кызы Зарина | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кадрлар жана укуктук иштер бөлүмүнүн юридикалык кызматынын башкы адиси; |
Аманжолова Кундуз Бошкоевна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармалыгынын башкы адиси; |
Омельченко Клим Сергеевич | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Болоталиева Аида Болоталиевна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты жана дары-дармек саясаты бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Абдылдаева Рима Искендеровна | - | Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын укуктук секторунун жетектөөчү адиси (макулдашуу боюнча); |
Тыныбеков Бакнур Тыныбекович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери. |