Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 4-июну № 235-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Иран Ислам Республикасынын Финансылык чалгындоо бөлүмүнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык:
Кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоо менен байланышкан маалыматтарды алмашуу боюнча кызматташуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Иран Ислам Республикасынын Финансылык чалгындоо бөлүмүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун мамлекеттик тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жана Иран Ислам Республикасынын Финансылык чалгындоо бөлүмү, кызматташуу жана өз ара кызыкчылык маанайында, кылмыштуу кирешелерди адалдоо, терроризмди каржылоо менен байланышкан адамдарга, кирешелерге жана финансылык операцияларга жана алар менен байланышкан кылмыштарга карата маалымат алмашууга көмөктөшүүнү каалашат.
Ушуга байланыштуу Тараптар төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты:
1- берене
Тараптар кылмыштуу кирешелерди адалдоо, терроризмди каржылоо менен байланышкан финансылык операцияларга жана алар менен байланышкан кылмыштарга карата болгон маалыматты чогултууда, иштеп чыгууда жана талдоодо кызматташат.
2- берене
Тараптар кылмыштуу кирешелерди адалдоо же терроризмди каржылоо менен байланышкан финансылык операцияларга тиешеси бар жана бул кылмыштарга катышкан жеке жана юридикалык жактарга карата ар кандай жеткиликтүү маалыматтарды өз демилгеси менен же суроо-талап боюнча алмашат.
Маалыматтын ар кандай суроо-талабы негизги фактыларды кыскача баяндоо менен негизделет.
3- берене
Тийиштүү Тараптан алынган маалымат каалаган үчүнчү жакка берилиши мүмкүн эмес жана берүүчү Тараптын алдын ала макулдугусуз административдик, тергөө же соттук максаттарда колдонулушу мүмкүн эмес.
4-берене
Тараптар тийиштүү Тараптан алынган ар кандай маалымат документин өткөрүп берген Тараптын алдын ала макулдугусуз Меморандумда көрсөтүлбөгөн максаттарда пайдаланылышына же ачыкка чыгарылышына жол беришпейт.
Ушул Меморандумга ылайык алынган маалымат купуя болуп саналат. Ал кызматтык сырдын предмети болуп эсептелет жана дегенде ал улуттук булактардан алынган ушундай маалыматка карата алуучу Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарында каралган коргоо режими менен корголушу керек.
5- берене
Тараптар өз ара аракеттенүүнүн алгылыктуу жол-жоболорун өздөрүнүн мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык биргелешип аныкташат жана ушул Меморандумду ишке ашыруу маселелери боюнча консультацияларды өткөрүшөт.
6- берене
Тараптардын ортосунда маалымат алмашуу англис тилин жургузулет. Маалыматты беруу тууралуу суроо-талап байланышть корголгон электрондук каналдары же почта аркылуу жазуу жузун,, жиберилет.
7- берене
Эгерде суроо-талапта көрсөтүлгөн фактылар боюнча соттук териштирүү жүрүп жаткан болсо, Тараптар маалымат берүүгө милдеттүү эмес.
8- берене
Ушул Меморандум Тараптардын өз ара макулдугу менен каалаган убакта өзгөртүлүшү мүмкүн.
9- берене
Ушул Меморандум каалаган убакытта токтотулууга жатат. Тараптардын биринен жазуу жүзүндөгү билдирүү алынган учурдан тартып иш-аракет токтотулат.
Ушул Меморандум кол коюлган датадан тартып күчүнө кирет.
________________ шаарында 2015-жылдын «____»__________________________________
ар бири кыргыз, англис жана фарс тилдеринде эки түпнускада түзүлдү Бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Меморандумду чечмелөөдө же пайдаланууда кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы үчүн | Иран Ислам Республикасынын Финансылык чалгындоо бөлүмү үчүн |