Редакцияот 24.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2016-жылдын 24-майы № 291

Эл аралык соттук териштирүүлөрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын талаптагыдай жана натыйжалуу коргоо менен байланышкан чечимдерди кабыл алуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгон учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтүп, зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды өз убагында берип турушсун.

4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруу, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборуна жүктөлсүн.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков

 

Тиркеме

Ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:

экономикалык блокту тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директору;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антикоррупциялык кызматынын директорунун орун басары.