Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 27-июлу 352-б
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына 197 100 247,9 (бир жүз токсон жети миллион бир жүз миң эки жүз кырк жети сом жана тогуз тыйын) сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берсин, анын ичинен:
- шайлоочулардын тизмелерин башкаруу жана жарандарды биометриялык идентификациялоо маалыматтык тутумун программалык камсыздоону иштеп чыгууга - 9 180 640 (тогуз миллион бир жүз сексен миң алты жүз кырк) сом;
- сервердик жабдууларды, анын ичинен инженердик тутумдарды жана курулуш-монтаждоо жумуштарын сатып алууга - 15 047 350 (он беш миллион кырк жети миң үч жүз элүү) сом;
- шайлоо участоктору үчүн локалдуу тармактарды түзүүгө жана аларды байланыш менен камсыздоого - 5 857 927,5 (беш миллион сегиз жүз элүү жети миң тогуз жүз жыйырма жети сом жана 5 тыйын) сом;
- шайлоо участокторунда техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыздоо жана добуш берүү күнү жарандарды идентификациялоо үчүн тартылган адамдарга компенсация жана эмгек акы төлөөгө - 124 200 000 сом (бир жүз жыйырма төрт миллион эки жүз миң) сом;
- шайлоо участокторунда техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыздоо жана добуш берүү күнү жарандарды идентификациялоо үчүн тартылган адамдарды окутууга - 31 760 330,4 (отуз бир миллион жети жүз алтымыш миң үч жүз отуз сом жана төрт тыйын) сом;
- униформа (тартылган адамдар үчүн жилеттер) сатып алууга - 1 840 000 (бир миллион сегиз жүз кырк миң) сом;
- жарандарды идентификациялоо үчүн жабдууларды ташууга - 8 800 000 (сегиз миллион сегиз жүз миң) сом;
- жарандарды идентификациялоонун жүрүшүндө берилүүчү чектер үчүн астына койгучтарды сатып алууга - 414 000 (төрт жүз он төрт миң) сом;
2) шайлоо участокторунда техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыздоо жана жарандарды идентификациялоо үчүн тартылган адамдарды окутуу үчүн Бишкек жана Ош шаарларындагы окуу борборлорун берсин;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна тиешелүү түзөтүүлөрдү караштырган "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык:
- шайлоочулардын тизмелерин башкаруу жана жарандарды биометрикалык идентификациялоо маалыматтык тутумун программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жүргүзүлсүн;
- сервердик, тармактык жабдууларды жана шайлоо участоктору үчүн локалдуу тармактарды түзүү жана аларды байланыш менен камсыздоо үчүн жабдууларды, операторлор үчүн униформаларды (жилеттерди), чектер үчүн астына койгучтарды. анын ичинен инженердик тутумдарды жана курулуш-монтаждоо жумуштарын сатып алууну жүргүзсүн;
2) келишимдик негизде шайлоо участогунда техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыздоо жана шайлоо күнү жарандарды идентификациялоо үчүн зарыл сандагы адамдарды бир айлык мөөнөткө ишке тартсын;
3) жабдууларды ташуу үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Атайын байланыш кызматы" мамлекеттик ишканасы менен келишим түзсүн;
4) Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 24 дарегинде жайгашкан имаратка жарандардын биометриялык маалыматтарынын базасын жайгаштыруу жана жарандарды идентификациялаган жабдууларды сактоо үчүн "Учкун" ачык акционердик коому менен жайды ижарага алуу келишимин түзсүн;
5) шайлоо участогунда техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыздоо жана шайлоо күнү жарандарды идентификациялоо үчүн тартылуучу адамдарды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ош жана Бишкек шаарларындагы окуу борборлорунда окутуу, анын ичинен ишке тартылуучу адамдарга коюла турган квалификациялык талаптарды бекитүү боюнча зарыл иш-чараларды жүргүзсүн;
6) ушул буйруктун 2-пунктунун 1-5-пунктчаларында көрсөтүлгөн иш-чараларды жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча толук маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |