Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 17-майы № 214-б
Бишкек шаарында 2016-жылдын 18-19 майында өтө турган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы "Башкаруунун жана атаандаштыктын жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү жаатындагы саясатты колдоо максатында биринчи кадам" программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынын протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
Бишкек шаарында 2016-жылдын 18-19 майында өтө турган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы "Башкаруунун жана атаандаштыктын жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү жаатындагы саясатты колдоо максатында биринчи кадам" программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ
Касымалиев Адылбек Алешович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын башчысы; |
Примов Улан Бердибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, бюджет жана финансы Комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Жамангулов Акылбек Жекшенович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын экономика министри; |
Мамбеталиева Жылдыз Жеенбаевна | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министри; |
Айдаров Замирбек Казакбаевич | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; |
Кайкиев Эмиль Абдыкалыевич | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Нурбашев Таалайбек Инашевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин директору; |
Осмонов Замирбек Бабакулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы; |
Даникеев Улан Оскенович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору; |
Мурзаев Кубат Садырбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкармалыгынын начальниги; |
Акжолов Нурбек Акжолович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин техникалык жардам жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк бөлүмүнүн башчысы. |