КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ - МИНИСТР
БУЙРУК
2016-жылдын 11-февралы № 18
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
Ведомстволор аралык жумушчу топ эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү механизмдерин иштеп чыгуу боюнча сунуш киргизсин.
Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга, ошондой эле иш үчүн зарыл болгон материалдарды сурап алууга уруксат берилсин.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине жуктөлсүн.
Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.С. Момуналиев |
Тиркеме
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү механизмдерин иштеп чыгуу боюнча сунуштарды иликтөө жана киргизүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Эргешов Алтынбек Калдарович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Рыспаев Бакыт Кеогенбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Бакиров Жетиген Жокинович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы; |
Касымбеков Баисбек | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Есеналиев Максат Кульчороевич | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Кармышаков Улукбек Тойчуевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Куйкеев Эрик Асанович | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары; |
Асылбеков Таалайбек Спартакович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын статс-катчысы; |
Асанбаев Алмазбек Жолчуевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары; |
Шамканов Кумушбек Куручбекович | - |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
Жумаев Нурлан Кадырович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Мамбеткулов Алишер Шамильевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Жусупов Аширбай Бапович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Сейдалиева Марипа Эрмековна |
| Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин нотариат жана адвокатура боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Турсуналиев Сагынбек Сатыбекович | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин агрардык саясатты талдоо жана айыл чарбасын өнүктүрүүнү болжолдоо башкармалыгынын начальниги; |
Ниязалиев Нурлан Кубанычбекович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын аскердик эсепке алуу бөлүмүнүн начальниги; |
Алыкулов Рамис Муратбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун эксперти |
Чекиров Асылбек Асаналиевич | - | көз карандысыз эксперт(макулдашуу боюнча); |
Бекиев Бекболот Джапарович | - | Жарандардын үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчеттуулугу: бюджеттик процесс долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Балтагулов Жалалбек Торогелдиевич | - | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директору(макулдашуу боюнча). |