Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 3-июну № 307
2016-жылдын 7-9-июнунда Аомэнь шаарында (Кытай Эл Республикасы) болуучу IV Эл аралык маданий форумдун ишине катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2016-жылдын 6-10-июнунда Кытай Эл Республикасына командировкага жиберилсин.
3. Суткалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
Кудайбердиева Гульмира Каримовна(*) | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын башчысы; |
Бактыгулова Канайым Джумадиловна | - | Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси; |
Бекманбетов Фархад Шаршенович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Утебаев Медер Шамшыбекович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Исаматова Гульзат Тыныбековна(*) | - | К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин алдындагы Конфуций институтунун директору; |
Парханов Мирлан Абдивалиевич(*) | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин жардамчысы. |
Эскертүү:
(*) - суткалык чыгымдардан тышкаркы командировкалык чыгымдар чакыруучу тараптын эсебинен төлөнөт.