Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы

№ 622 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2016-жылдын 3-июну № 307

2016-жылдын 7-9-июнунда Аомэнь шаарында (Кытай Эл Республикасы) болуучу IV Эл аралык маданий форумдун ишине катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2016-жылдын 6-10-июнунда Кытай Эл Республикасына командировкага жиберилсин.

3. Суткалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков

 

 

Тиркеме

2016-жылдын 7-9-июнунда Кытай Эл Республикасынын Аомэнь шаарында болуучу IV Эл аралык маданий форумдун ишине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ

Кудайбердиева Гульмира Каримовна(*)

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын башчысы;

Бактыгулова Канайым Джумадиловна

-

Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси;

Бекманбетов Фархад Шаршенович(*)

-

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;

Утебаев Медер Шамшыбекович(*)

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Исаматова Гульзат Тыныбековна(*)

-

К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин алдындагы Конфуций институтунун директору;

Парханов Мирлан Абдивалиевич(*)

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин жардамчысы.

Эскертүү:

(*) - суткалык чыгымдардан тышкаркы командировкалык чыгымдар чакыруучу тараптын эсебинен төлөнөт.