КР Премьер-министринин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 922 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 2-июну № 305
(КР Премьер-министринин 2016-жылдын 29-августундагы № 489 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболор 1-20-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
(КР Премьер-министринин 2016-жылдын 29-августундагы № 489 буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү өз иштерин ушул буйрук менен бекитилген жоболорду жетекчиликке алуу менен өз ара байланышта жүргүзүшсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 3-августундагы № 365 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 3-февралындагы № 67 буйругунун 1-пункту.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |