Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 3-июну № 242-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Канаданын Финансылык операцияларды жана билдирүүлөрдү талдоо боюнча борборунун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык:
Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (изин жашырууга) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча кызматташуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Канаданын Финансылык операцияларды жана билдирүүлөрдү талдоо боюнча борборунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Канаданын Финансылык операцияларды жана билдирүүлөрдү талдоо боюнча борбору,
кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (изин жашырууга) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө өз ара кызыкчылыктарды жетекчиликке алып,
кызматташтыкты кыйла натыйжалуу ыкма менен ишке ашыруу зарылдыгын көңүлгө алуу менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
1. Тараптар өз ара аракеттенишет, анын ичинде Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын жана эл аралык милдеттерин сактоо менен өз компетенцияларынын чегинде иштөө менен ушул Меморандумдун жоболоруна ылайык маалымат алмашышат.
2-берене.
2. Тараптар кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (изин жашыруу), терроризмди каржылагандыгына шектелген акча каражаттары же башка мүлк менен болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтарды алмашууда өз ара аракеттенет, ошондой эле бул операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоого катышкан жеке жана юридикалык жактардын иши жөнүндө маалыматтарды алмашуу боюнча өз ара аракеттенишет.
3-берене.
3. Маалымат алмашуу жазуу жүзүндө, анын ичинде Тараптардын демилгеси боюнча же суроо-талаптарынын негизинде текстти берүүнүн техникалык каражаттарын колдонуу аркылуу Тараптардын макулдугу боюнча ишке ашырылат.
4. Маалыматты алууга суроо-талап жазуу жүзүндө же электрондук санариптик кол тамганы колдонуу менен Эгмонт Корголгон Тармагы аркылуу электрондук почта боюнча жөнөтүлөт.
5. Зарыл болгон учурда суралуучу Тарап суроо-талап жиберген Тараптан суроо-талапты талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтарды сурай алат.
6. Суроо-талап жиберген Тарап мүмкүн болушунча маалыматты берүү жөнүндө каалаган суроо-талапты негиздеген фактылардын кыскача баяндамасын берет.
4-берене.
7. Эгерде суроо-талапты аткаруу суралуучу Тараптын мамлекетинин эгемендүүлүгүнө, коопсуздугуна, коомдук тартибине же башка маанилүү кызыкчылыктарына зыян келтирсе, суралуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына жана (же) эл аралык милдеттерине каршы келсе, ошондой эле эгерде суроо-талапта айтылган фактылар боюнча суралуучу Тараптын мамлекетинде буга чейин эле соттук териштирүү жүрүп жаткан болсо, суроо-талапты аткаруудан толук же жарым-жартылай баш тартылышы мүмкүн.
8. Эгер суралуучу Тарап суроо-талапты аткаруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алса, анда ал мындай чечимди кабыл алуунун себебин көрсөтүү менен суроо-талап жиберген Тарапка бул жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт.
5-берене.
9. Ушул Меморандумдун алкагында алынган маалымат аны берген Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз ал суралган жана берилгенден башка максаттарда колдонулушу мүмкүн эмес.
10. Ушул Меморандумдун алкагында алынган маалымат купуя болуп саналат жана ага улуттук булактардан алынган ушундай маалыматка карата алуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдарында каралган коргоо режими жайылтылат.
11. Тараптар мамлекеттеринин мыйзамдарын жана эл аралык милдеттерин жетекчиликке алуу менен ушул Меморандумдун алкагында алынган маалыматты кокустуктан же мыйзамсыз жок кылуудан, өзгөртүүдөн, ачыкка чыгаруудан, ошондой эле кандай болбосун башка укуксуз колдонуудан коргоого багытталган зарыл уюштуруу-техникалык чараларды ишке ашырышат.
12. Ушул Меморандумдун алкагында алынган маалымат ал берилген максат талап кылгандан ашык сакталбайт. Маалымат Тараптардын мамлекеттеринин ченемдик укуктук актыларына ылайык жок кылынууга тийиш.
6-берене.
13. Ушул Меморандумдун 14-пунктуна ылайык суроо-талап жиберген Тарап берген Тараптын алдын ала макулдугусуз маалыматты (маалыматты берүү жөнүндө суроо-талапта көрсөтүлгөн учурлардан тышкары) ачыкка чыгарбайт (административдик, тергөө же соттук териштирүүдө ачыкка чыгарууну кошо алганда).
14. Эгер Тарап экинчи Тараптан алынган маалыматты ачыкка чыгарууну талап кылган соттук процесстин же териштирүүнүн субъектти болуп калса, анда мындай процесстин же териштирүүнүн субъектти болгон Тарап дароо кабарлоого жана маалыматты ачууга экинчи Тараптын көрүнөө макулдугун алууга аракет кылуусу керек, эгер макулдук каралбаса, анда маалымат үчүнчү жактарга жайылбастыгына же аны ачыкка чыгарууга тийиштүү чектөөлөр коюуларына кепилдик берген ылайыктуу күч-аракеттер көрүлөт.
7-берене.
15. Тараптар биргелешип Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык маалыматты өткөрүп берүү тартибин аныкташат жана ушул Меморандумду ишке ашыруу маселелери боюнча консультацияларды жүргүзүшөт.
16. Тараптар суроо-талап же өз демилгеси боюнча кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (изин жашырууга) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдары жөнүндө маалымат алмаша алышат.
17. Тараптар өз ара келишкендик боюнча тажрыйба алмашуу жана өз ара кызыкчылык туудурган маселелерди талкуулоо үчүн биргелешкен конференцияларды жана семинарларды өткөрө алышат, ошондой эле техникалык жардам көрсөтө алышат.
18. Ушул Меморандум кызматташуунун эки тарапка тең алгылыктуу башка формаларын иштеп чыгууга жана өнүктүрүүгө тоскоол болбойт.
8-берене.
19. Тараптардын ортосундагы өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашуу англис тилинде ишке ашырылат.
9-берене.
20. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Меморандумга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
10-берене.
21. Ушул Меморандумду чечмелөөдө жана колдонууда Тараптарда пайда болуучу талаш маселелер Тараптардын ортосундагы консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
11-берене.
22. Ушул Меморандумдун жоболору Тараптар катышуучусу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу укуктарга жана милдеттерге таасирин тийгизбейт.
12-берене.
23. Ушул Меморандум ага кол коюлган датадан тартып күчүнө кирет жана аныкталбаган мөөнөткө колдонулат.
24. Ушул Меморандум колдонулушу Тараптардын бири бул Меморандумдун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндөгү экинчи Тараптын жазуу жүзүндөгү кабарлоосун алган датадан тартып токтотулат.
25. Ушул Меморандумдун мурда алынган маалыматтын купуялуулугун камсыздоону каралган жоболору Меморандумду колдонуу токтотулгандан кийин да күчүндө калат.
_____________________ шаарында 2016-жылдын "___" _______________________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, орус, француз жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы үчүн |
| Канаданын Финансылык операцияларды жана билдирүүлөрдү талдоо боюнча борбору үчүн |
___________________________ |
| ___________________________ |
Төрага Мэлис Мамбетжанов |
| Директор Gerald Cossette |