Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 3-июну № 243-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 743 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын электрондук маалымат базасын түзүүнүн концепциясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын электрондук маалымат базасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча секторлор аралык координациялык кеңеш (мындан ары - Кеңеш) 1-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын электрондук маалымат базасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча секторлор аралык координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кеңештин ишин жалпы координациялоону жана анын ушул Жобого ылайык милдеттүү иштешин камсыз кылсын.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилери жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Кеңештин тапшырмаларын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты беришсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
1-тиркеме
Социалдык саясат маселелерин координациялоочу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри, Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыз кылуу департаментинин башкы директорунун биринчи орун басары, Кеңештин катчысы.
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык технологиялар башкармалыгынын начальниги;
Кыргызстандын Фармацевтикалык союзунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча)
Кыргызстандын үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун жана үй-бүлөлүк медициналык айымдарынын ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча).
2-тиркеме
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын электрондук маалымат базасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча секторлор аралык координациялык кеңештин (мындан ары - Кеңеш) статусун, милдеттерин жана функцияларын, ишин уюштуруу жана чечимдерди кабыл алуу тартибин аныктайт.
2. Кеңеш Кыргыз Республикасынын дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдарынын электрондук маалымат базасын (мындан ары - ЭМБ) башкаруунун туруктуу иштеген коллегиялык органы болуп саналат.
3. Кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилет.
4. Коомдук уюмдардын жана фармацевттик ассоциациялардын талапкерлери Кеңештин курамына коомдук уюмдардын жана ассоциациялардын сунуштары боюнча киргизилет.
5. Кеңештин иши Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.
6. Кеңештин мүчөлөрү өз ишин коомдук негизде жүргүзүшөт.
2. Кеңештин негизги милдеттери жана функциялары
1. Кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын электрондук маалымат базасын түзүү жана өнүктүрүү концепциясынын негизги максаттарына жетишүүгө багытталган шарттарды түзүү;
- Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын электрондук маалымат базасын түзүүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча 2016-2020-жылдарга Иш-чаралар планын жана Кеңештин чечимдерин аткарууну, ЭМБ туруктуу иштөөсүн камсыз кылууну контролдоо жана мониторинг жүргүзүү;
- ЭМБ өнүктүрүү боюнча сунуштарды берүү;
- ЭМБ иштөө маселелери боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын жана башка уюмдардын ишин координациялоо.
8. Кеңештин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- ЭМБ өнүктүрүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларды, Кеңештин чечимдерин аткаруунун натыйжалуулугун талдоо;
- ЭМБ жаатындагы милдеттерди аткаруу боюнча чечимдерди кабыл алуу;
- ЭМБ маселелери боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эл аралык уюмдар менен кызматташууларынын жана аракеттенүүлөрүнүн багыттарын жана приоритеттерин аныктоо;
- ЭМБ боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар аркылуу калкты кеңири маалымдоону камсыз кылуу.
3. Кеңештин укуктары
9. Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден жана административдик ведомстволордон, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан ЭМБ маселелери боюнча керектүү маалыматты белгиленген тартипте сурап алууга;
- ЭМБ маселелери боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн жыйындарга чакырууга жана маалыматын угууга;
- жыйындарда маселелерди кароо үчүн сунуштарды киргизүүгө;
- Кеңешке жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында адистерден, көз карандысыз эксперттерден турган жумушчу чакан топторду түзүүгө.
4. Кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары
10. Кеңештин төрагасы:
- Кыргыз Республикасын ЭМБ маселелери боюнча өз компетенциясынын чегинде көрсөтөт;
- Кеңештин жыйындарын чакырат, жыйында каралууга тийиш маселелерди аныктайт;
- ЭМБ маселелери боюнча аткаруучу бийлик органдарынын жана башка уюмдардын макулдашылган аракеттерин камсыз кылат.
11. Төрага жок учурда анын функцияларын Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары аткарат.
5. Кеңештин ишин уюштуруу
12. Кеңештин иши зарылдыкка жараша, бирок жарым жылда жок дегенде бир жолу чакырыла турган жыйындарды өткөрүү түрүндө жүргүзүлөт.
Кеңештин жыйыны, эгерде анда Кеңештин мүчөлөрүнүн төрттөн үч бөлүгү катышкан учурда ыйгарым укуктуу болуп саналат.
13. Кеңештин иши чечим кабыл алууда теңчилик жана коллегиялуулук принциптерине негизделет.
14. Кеңештин чечими жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн добуштарынын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет. Кеңештин жыйынынын протоколуна төрага кол коёт. Кеңештин мүчөлөрүнүн ар бир чечим боюнча өзгөчө пикирлери жыйындын протоколуна жазылат.
15. Кеңештин кезексиз жыйындары Кеңештин төрагасынын жана көпчүлүк мүчөлөрүнүн сунушу боюнча чакырылышы мүмкүн.
16. Кеңештин жыйынынын күн тартиби жана чечимдеринин (сунуштарынын) долбоорлору Кеңештин мүчөлөрүнө жыйын өткөрүү күнүнөн бир ай мурда катчы тарабынан жиберилет.
17. Кеңештин ишин уюштуруу жана башка жагынан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлөт.
18. Кеңештин катчысы болуп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек каражаттары жана медициналык техника менен камсыз кылуу департаментинин директорунун биринчи орун басары эсептелет.
Кеңештин протоколдорун жүргүзүүнү Кеңештин катчысы жүзөгө ашырат.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 3-июну № 243-б
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 438-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 743 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын электрондук маалымат базасын түзүүнүн концепциясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын электрондук маалымат базасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча секторлор аралык координациялык кеңеш (мындан ары - Кеңеш) 1-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын электрондук маалымат базасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча секторлор аралык координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кеңештин ишин жалпы координациялоону жана анын ушул Жобого ылайык милдеттүү иштешин камсыз кылсын.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилери жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Кеңештин тапшырмаларын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты беришсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | С.Жээнбеков |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын электрондук маалымат базасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча секторлор аралык координациялык кеңештин
КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 438-б буйругунун редакциясына ылайык)
Социалдык саясат маселелерин координациялоочу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри, Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыз кылуу департаментинин башкы директорунун биринчи орун басары, Кеңештин катчысы.
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык технологиялар башкармалыгынын начальниги;
Кыргызстандын Фармацевтикалык союзунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча)
Кыргызстандын үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун жана үй-бүлөлүк медициналык айымдарынын ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча).
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |