РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-ноябрындагы № 578-б (Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун долбоору («Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу») жана «Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу» долбоорунун алкагында ЕРӨБ акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбоорлорун жактыруу тууралу) буйругу

Редакция27.11.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 27-ноябры № 578-б

1. Расмий тилде тиркелген (расмий эмес котормо) төмөнкү долбоорлор жактырылсын:

- Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун долбоору ("Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу");

- "Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу" долбоорунун алкагында ЕРӨБ акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашуунун долбоору.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган макулдашуулардын долбоорлоруна принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу" долбоору боюнча грант-элементти эсептөөдө бул долбоорго тартылган бардык инвестицияларды эсепке алсын.

 

Премьер-министр

Т.Сариев