Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 20-июну № 279-б
Ысык-Көл облусунда экономикалык майнаптуулукту жогорулатуу жана сүт продукциясын туруктуу экспорттоого жетишүү, сүт тармагын өнүктүрүү максаттарында, "Ветеринария жөнүндө", "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Ысык-Көл облусунда ветеринардык зоналаштыруу аркылуу сүт тармагын өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоор жүргүзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Ысык-Көл облусунда сүт тармагын өнүктүрүү боюнча 2016-2019-жылдарга пилоттук долбоордун программасы 1-тиркемеге ылайык;
- Ысык-Көл облусунда сүт тармагын өнүктүрүү боюнча 2016-2019-жылдарга пилоттук долбоордун программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
3. Иш-чаралар планынын жооптуу аткаруучулары болгон мамлекеттик органдар:
- Иш-чаралар планын ишке ашырууну камсыз кылышсын;
- отчёттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине берип турушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги:
- отчёттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү тууралуу жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун;
- Ысык-Көл облусунда сүт тармагын өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө республиканын сүт тармагын өнүктүрүү үчүн пилоттук долбоордун жыйынтыктарын пайдалануу боюнча сунуштарын киргизсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
1-тиркеме
2016-2019-жылдарда Ысык-Көл облусунда сүт тармагын өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоордун ПРОГРАММАСЫ
1. Жалпы жоболор
1. 2016-2019-жылдарда Ысык-Көл облусунда сүт тармагын өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоордун ушул программасы (мындан ары - Программа) ата мекендик сүт мал чарба тармагын туруктуу өнүктүрүүнүн экономикалык жана технологиялык шарттарын түзүү боюнча эң майнаптуу жолдорду аныктоо жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукциянын өндүрүшүнүн негизинде сүт өндүрүүнүн көлөмдөрүн көбөйтүү, кийин республиканын бул региондорунда Программанын натыйжаларын таратуу менен туруктуу экспортко жетишүү максаттарында иштелип чыкты.
Программа биринчи этапта (фазада) Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюму Ысык-Көл облусунда сунуштаган инструменттерди жана стандарттарды жайылтуунун жана колдонуунун бир кыйла майнаптуу жолдорун аныктоону, экинчи этапта алынган натыйжаларды эске алуу менен "Ветеринария жөнүндө" жана "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун ишке ашырууну көздөйт.
2. Табигый ойдуңду түзгөн Ысык-Көл облусунун географиялык абалы жаныбарлардын оорулары боюнча регионго азыраак чыгым жумшап, өзгөчө ветеринардык-санитардык статус берүүгө жана сүт тармагын өнүктүрүү максатында азыркы сүт өндүрүү технологияларын киргизүү үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Соңку жылдары Ысык-Көл облусунда сыр жасоо боюнча ишканалар түзүлүп, сыр жасоо өндүрүшү модернизацияланган. Сүт тармагындагы инвестициялардын көлөмү өсүүдө. Бирок сүт багытындагы уйлардын сүт өндүрүмдүүлүгүнүн генетикалык потёнциалы 40-50 пайызга гана ишке ашырылууда.
3. Асыл тукум уйлардын сүттүүлүгү боюнча генетикалык потенциалын толук ишке ашырууга тоскоол болгон факторлордун бири анын биологиялык өзгөчөлүктөрүнө жана даярдалган тоюттун сапатына уйларды кармоонун шарттарынын ылайык келбөөсү болуп саналат.
Облуста азыркыга чейин уйларды кармап байлоого жана суу ташуучу чакаларга сааганга негизделген сүт өндүрүүнүн моралдык жактан эскирген, майнапсыз жана ысыраптуу технологиясы колдонулуп келе жатат. Бул сүт өндүрүшүн өстүрүүгө, уйлардын сүт өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана сапатын жакшыртууга тоскоол болгон факторлордун бири болуп саналат.
2. Сүт багытындагы мал чарбачылыгынын жана сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын азыркы абалынын анализи жана Ысык-Көл облусундагы көйгөйлөрдүн мүнөздөмөсү
4. Ири мүйүздүү малдын 98 пайызга жакыны юридикалык жакты түзбөстөн өз ишин жүзөгө ашыруучу, короосунда 3 баштан 5 башка чейинки малы бар майда жеке дыйкан (фермер) чарбаларына таандык. Ири мүйүздүү мал жай айларында кеңири жайлоолордо кармалат. Кыш айларында ири мүйүздүү мал айылдын жанындагы кыштоолордо жем-чөп берип багылат. Чөп, буудайдын жана арпанын кебектери, картошканын калдыктары, буудай менен арпанын улпактары кыш айларындагы негизги тоют булактары болуп саналат. Ири мүйүздүү мал, маселен, жер-жерлерде күнжаранын жоктугунан, белоктун кошумча булактарын алышпайт. Даяр кошундулар фермаларга жакын жерде сатылбагандыктан, аларды үй шарттарында фермерлердин өздөрү даярдашат.
Эспарцет менен беде бул региондо кеңири таралган көп жылдык чөптөр болуп саналат.
Көпчүлүк дыйкан фермаларындагы санитардык-гигиеналык шарттары төмөнкү деңгээлде турат. Уйларды саамай, тоют даярдоо жана чөп чабуу сыяктуу бардык операциялар кол менен аткарылат. Фермерлер гигиеналык ченемдерди сактоонун жана сүт өндүрүүнүн таза методдорун сактоосунун маанилүүлүгүн билишпейт.
5. Сүт өндүрүү жалпысынан майда фермердик чарбалар үчүн сезондук мүнөзгө ээ. Кыш - сүттү өндүрүү үчүн жагымсыз мезгил, ал эми жайында сүттүн көлөмү көбөйгөндүгү байкалат. Сүттүн баасы кыш мезгилинде сүт аз өндүрүлгөндүгүнө жана сүт өндүрүүдөгү жайкы агымга жараша коюлат. Малдын башын кыскартуу жана ири мүйүздүү малды плансыз төлдөтүү, кыш айларында тоюттун жана тоют кошулмаларынын жетишсиздиги, кышкы тоютту камдоо стратегиясынын жоктугу кыш айларынын ичинде сүт тартыш болгон кырдаалды жараткан кошумча факторлордон болууда. Сүттүн негизги бөлүгүн мобилдүү чогултуучулар чакан муздатылбаган идиштерде чогултушат.
6. Ысык-Көл облусундагы айыл чарба жаныбарлары үчүн негизги тоют базасы болуп жайыттар саналат. Эгерде жайыттар сарамжалдуу күтүлсө жана пайдаланылса жылына 1-1,5 миллион тоннага жакын чөп (гектарына 1-1,5 тонна түшүм) бермек. Бул Ысык-Көл облусундагы бардык ири мүйүздүү малдын тоют өсүмдүктөрүнө болгон талаптарын канааттандыруу үчүн жетиштүү болмок.
Ошону менен бирге, жайыттар кедери кетүүнүн ар кайсы баскычтарында турушат. Эң чоң кедери кетүү жаныбарлар үчүн тоюттар тартыш болуп жаткан чакта көбүрөөк пайдаланылып жаткандыгын эске алсак, айылдарга жакын жайгашкан кыштоолордо байкалууда. Жайыттарды сугаруу үчүн сугат системалары жан кейиткен абалда турат, ушуга байланыштуу сугат иштери жылдан жылга начарлап бара жатат. Соңку 10 жылда суунун тартыштыгы 40 пайызга жетти.
7. Айыл чарба жаныбарларын аман сактоо максаттарында, фермерлер эмдөөнүн маанилүүлүгүн билишет жана аларды мезгил-мезгили менен эмдеп турушат. Эмдөө программасы жаныбарлардын төмөндөгү ылаңдарын контролдоону камтыйт: ири мүйүздүү малдагы шарп (FMD), сибирь жарасы жана пастереллез (геморрагиялык септицемия), койлордогу бруцеллез жана иттердеги кутурма. Эмзаттар бекер жеткирилип берилет, ал эми жеке ветеринарлар номиналдык баага эмдөө программасын ишке ашырышат. Азыркы тапта жаныбарлардын чектелген пайызы гана эпизоотикага каршы иш-чаралар планынын алкагында мезгил-мезгили менен эмделип турат. Айыл чарба жаныбарларын дегельминтациялоо сейрек колдонулууда.
8. Ветеринардык дарылоо кызматтарын жеке ветеринарлар толук наркына сунушташат, фермерлер болсо ветеринардык дары-дармектердин наркынын кымбаттыгынан, ошондой эле ветеринардык кызматтардын айрыкча алыскы райондордо күнү-түнү жетишсиздигинен улам кыйынчылык тартышат. Жеке ветеринарлар айыл чарба жаныбарларынын амандыгына байланышкан ар кандай көйгөйлөрдү чечүү үчүн зарыл болгон жабдууга жана дары каражаттарына ар дайым эле ээ боло беришпейт. Мамлекеттик ветеринардык кызматтар тарабынан сунушталган ооруларды диагностикалоо боюнча кызматтар эскирип бүткөн жана жеткиликтүү эмес. Дыйкандарга (фермерлерге) айыл чарба мал-жандыктарында бруцеллез, туберкулез, гельминта ж.б. сыяктуу оорулардын бар-жогун мезгил-мезгили менен текшерип туруу зарылдыгы тууралуу кеп-кеңештер берилбейт.
9. Фермерлер үчүн сүт өндүрүшүндөгү алдыңкы тажрыйба тууралуу билимдерди камсыз кылууга жөндөмдүү болгон адистештирилген маалыматтык-консультациялык кызматтар жок. Фермерлер мал чарбачылыктын айрым өркүндөтүлгөн методдору тууралуу белгилүү бир маалыматты ветеринарлардан жана эл аралык уюмдар каржылаган долбоорлорго негизделген уюмдардан алышат.
10. Сүттү кайра иштетүү боюнча негизги ишканалар сүт чогултуучулардын сүттү үзгүлтүксүз жеткирүүлөрүнө көз каранды. Ар бир ишканада (300 литрден 1000 литрге чейинки ар кандай сыйымдуулуктагы) ташып жүрө турган цистерналарды пайдаланып дыйкандардан (фермерлерден) сүт чогултуп, түздөн-түз кайра иштетүүчүлөргө жеткирип беришкен көптөгөн сүт чогултуучулар менен иштешет. Чогултуп жаткан учурдагы сүттүн сапатын тестирлөөнүн параметрлери - бул сүттүн кислоттуулугу жана коюулугу (лактоденсиметр). Сүттүн компоненттери адатта текшерилбейт, ал эми бааны бычуу системасы бирдейлештирилген белгиленген ыкманы (сапатына карабастан, сүттүн литрине белгиленген чен) пайдаланат. Сүт чогултуучулардын айрымдары гана сүттү кайра иштетүүчү ишканага ташып жеткирер алдында аны муздатып коюшат. Мындай сүт чогултуучуларда сүттү ишканага жеткирүүнүн алдында сүттү тестирлөөнүн туруктуу жабдылган борборлору (майлуулуктун жана майлуу эмес катуу нерселердин, соматикалык клеткалардын анализи, калифорниялык маститке тест, сүттүн температурасы, кислоталуулугу ж.б.) бар. Кайра иштетүүчү ишканалар түз сатып ала башташты, бирок мындай операциялардын масштабы минималдуу. Сүттү чогултуу менен аны муздатуунун/кайра иштетүүнүн ортосундагы убакыт аралыкка жараша 1 сааттан 3 саатка чейин созулат. Башкы көйгөй кыш айларындагы сүттүн жетишсиздигинде кайра иштетүүчүлөр тарабынан сунушталган баанын төмөндүгүндө жана сарпталган чыгымдардын көптүгүндө турат. Ысык-Көл облусунда сүт азыктарын өндүрүүнүн ийгиликтүүлүгү үчүн фермалардын майнаптуулугун жогорулатуу зарыл.
11. Ушул тапта Ысык-Көл облусунда Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында жайгашкан, суткасына 50 тонна сүттү кайра иштетүү кубаттуулугуна ээ болгон "Ак-Жалга" ЖАКы жана Түп районунун Жылуу-Суу айылында орун алган, суткасына 70 тонна сүттү кайра иштетүү кубаттуулугуна ээ болгон "Сүт-Булак" ЖАКы сыяктуу эки ири сүттү кайра иштетүүчү ишкана иштеп жатат.
Ошондой эле, Каракол шаарынын жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун аймагында модернизациялоого муктаж болгон бир катар сүттү кайра иштетүүчү майда ишканалар бар.
Сүт багытындагы ири мүйүздүү малдын негизги башы Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда, аларда сүттү кайра иштетүүчү ишканаларга берилүүчү жалпы сүттүн 90 пайызына чейинкиси өндүрүлөт.
Көптөгөн санаторийлердин Ысык-Көл районунун аймагында жайгашуусу калкты жаңы сүт жана сүт азыктары менен камсыз кылууга багыттайт, ал эми мал чарбачылык жүргүзгөн Тоң районунун тургундары сүттү жана сүт азыктарын өз керектөөлөрү үчүн өндүрүшөт.
3. Программанын максаты жана милдеттери
12. Ушул Программанын максаты Ысык-Көл облусунда атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны өндүрүүнүн жана туруктуу экспортко жетишүүнүн негизинде сүт тармагынын экономикалык майнаптуулугун жогорулатуу, андан кийинки пилоттук Программанын натыйжаларын 3-5 жылдын ичинде республиканын региондорунда колдонуу болуп саналат.
13. Ушул Программанын милдеттери:
- кайра иштетүүчү ишканаларды ынак сүт менен камсыз кылуу;
- сүттү кайра иштетүүчү ишканаларды өнүктүрүү үчүн оптималдуу шарттарды түзүү;
- сүт продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу чөйрөсүндөгү маркетингдик ишти түзүү;
- сүт продукциясын экспорттоону көбөйтүү;
- калкты жогорку сапаттагы сүт азыктары менен туруктуу жабдуу;
- короодогу тоюттун сапатын жогорулатуу жолу менен ири мүйүздүү малдын тоютун жакшыртуу;
- ири мүйүздүү малдын төлүн жакшыртуу болуп саналат.
14. Сүт өндүрүүнүн көбөйүшү тоюттардын сапатын, колдонулуучу кошмо тоюттардын рецепттерин жакшыртуу менен камсыз кылына турган жаныбарларды тоюндурууну жакшыртуунун, ошондой эле аларды өндүрүүдө заманбап жогорку сапаттагы тоют кошулмаларын, ферменттерди, адсорбенттерди, токсиндерди жана башкаларды пайдалануунун эсебинен жүргүзүлөт.
Программанын алкагында дыйкан (фермер) чарбаларга сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын тарамы аркылуу тоют өсүмдүктөрү үчүн үрөндөр, жем-чөптөр, минералдык жер семирткичтер, асыл тукумдук материал (приоритеттүү породалардагы букалардын уругу), суюк азот, жасалма жол менен куут пункттары үчүн жабдуу, теңдемделген рацион үчүн биокошулмалар менен камсыз кылуу жагынан көмөк көрсөтүү жана теңдемделген тоюндуруу, тоюттарды өндүрүү жана сактоо маселелери боюнча кеп-кеңеш берүү каралган.
4. Асыл тукум инфраструктурасы
15. Кыргыз Республикасында ири мүйүздүү малды багып өстүрүүчү асыл тукум чарбалар бар, аларда асыл тукумдуу өндүргүч букалар кармалат жана алардан уйлардын жасалма куут үчүн урук алынып, тоңдурулат, ошондой эле техниктер жасалма куутка (мындан ары - ЖК) окутулат.
Финансы каражаттарынын жоктугунан улам ар кандай породалардагы өндүргүч букалар, көптөгөн асыл тукум букаларды кармоо потенциалы бар туруп, чектелген санда (8-12) кармалууда.
16. Тоңдурулган урук өндүрүшү жол-жоболордун көпчүлүгү кол менен жасалган жөнөкөй өндүрүштү камтыйт. Жылына чектелүү эле сандагы тоңдурулган бел суу өндүрүлөт, бул өлкөнүн керектөөсүнөн алда канча аз. Асыл тукум ферманын биологиялык коопсуздук системасы жана бел сууну өндүрүү боюнча лабораториялар тийиштүү деңгээлде эмес.
17. Бел сууну сактоо үчүн суюк азот өндүрүшү эскирген, ал эми жаңы өндүрүштүн баасы жогору же аны оңой менен багып ала албайсың. Буга байланыштуу ар бир райондо чектелген сандагы жасалма куут борборлору уюштурулууда, алар, малдын репродуктивдүү башынын санын эсепке алганда, талап кылынгандагыдан бир кыйла аз.
Ишти жөнгө салуу үчүн жергиликтүү экологиялык шарттарга эң жакшы көнгөн породаларды гана багып өстүрүүгө көмөк көрсөтүү максатка ылайык.
5. Ысык-Көл облусунун сүт тармагын өнүктүрүүнүн жардамы аркасында мал чарбачылыгынын абалын жакшыртуу боюнча зарыл чаралар
18. Айыл чарба жаныбарларынын мезгил-мезгили менен келип чыгуучу сибирь жарасы, шарп, чечек, бруцеллез жана башка өтө жугуштуу ооруларга, анын ичинде адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жаратып, товар өндүрүүчүлөрдү бир кыйла экономикалык жоготууларга алып келе турган ооруларга чалдыгышы айыл чарба жаныбарларынын башына олуттуу коркунуч туудурат. Буга байланыштуу төмөнкүдөй иш-чараларды жүргүзүү зарыл:
- айыл чарба жаныбарларынын ылаңдарын контролдоо боюнча иш-чараларды майнаптуу аткаруу үчүн айыл чарба жаныбарларын каттоо, идентификациялоо жана көздөө;
- айыл чарба жаныбарларында бруцеллездун жана туберкулездун бар-жогун аныктоо, жыйынтыгы жакшы болгон учурда айыл чарба жаныбарларын союу;
- айыл чарба жаныбарларынын бардык түрлөрүн шарпка каршы эмдөө, эмдөөлөрдүн башка түрлөрүн жүргүзүү жана айыл чарба жаныбарларынын иммундук статусун катуу контролдоо;
- кайрадан кошулган айыл чарба жаныбарлары үчүн карантин;
- процессти синхрондоону камсыздоо үчүн жаныбарларды төлдөтүүнү пландуу негизде уюштуруу, бул сүттү текши өндүрүүгө кепилдик берүү жыл ичинде музоолотууну бөлүштүрүүгө сүттүн баасын стабилдештирүүгө көмөк берет;
- жайыт комитеттерин тартуу менен өсүмдүктөрдүн көптүгүн баалоонун негизинде жайыт ресурстарын туруктуу башкаруу;
- билим берүү программаларын жана консультациялык системалык модулдарды иштеп чыгуу үчүн консалтинг агенттиктерин жана коммерциялык эмес уюмдарды тартуу, аларды программалык материалдар менен камсыздоо үчүн маалымат берүү жана аларга консультациялык кызмат көрсөтүү;
- финансылык жана банк мекемелери аркылуу зарыл болгон кредитти алуу боюнча колдонмону камсыз кылуу жана (1000 литрден 3000 литрге чейинки сыйымдуулуктагы) сүттү чогултуу жана муздатуу боюнча чакан масштабдагы орнотмолорду уюштуруу үчүн сүт чогултуучуларды кредиттик колдоо жана зарыл болгон учурда атайын транспорт каражаттарын сатып берүү жана сүт өндүрүшүнүн майнаптуулугун арттыруу максатында сүт фермаларынын өнүгүүсүнө түрткү берүү;
- сапаттуу сүттү өндүрүүчүлөргө дем берүү системасын киргизүү;
- сүттү ачык-айкын жана акыйкат чогултуу, сүттүн баасын бычуу системасын камсыз кылуу, сүт чогултуу пункттарында сүттүн сапатын тестирлөө боюнча ишканаларды түзүү, сүттүн сапатынын параметрлеринин негизинде сүттүн баасын аныктоо;
- сүт чогултуучуларды тамак-аштын тазалыгын жана санитардык абалды контролдоочу мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында каттоо;
- санитардык-гигиеналык ченемдердин сакталышы боюнча сүттү чогултуучу уюмдарды, ошондой эле сүттү чогултууга катышкан персоналдын ден соолугунун абалын үзгүлтүксүз текшерип туруу;
- сүт чогултуучуларды сүттү таза чогултуу методдоруна жана ден соолуктун абалына коюлуучу талаптарга үзгүлтүксүз окутуп туруу;
- сүттүн сапатын баалоонун алдыңкы технологияларын пайдалануучу лабораторияларды түзүүдө колдоо көрсөтүү;
- базарды изилдөөлөрдү жүргүзүү жана экспорттук жана ички базар мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу боюнча маалымат берүү.
6. Ветеринардык инфраструктураны жана асыл тукум иштерин жакшыртуу боюнча иш-чаралар
19. Айыл чарба жаныбарларын идентификациялоо ылаңдардын ийгиликтүү алдын алуунун жана айыл чарба жаныбарларын багып өстүрүүнүн зарыл шарты болуп саналат. БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму (мындан ары - ААУ) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте орун алган көйгөйдү чечүү үчүн жаныбарларды идентификациялоо программасын демилгелеген.
20. Жаныбарлардын бирден ашуун түрүнө таралуучу ылаңдарга (маселен, ири мүйүздүү малга, койлорго, эчкилерге, чочколорго жайылуучу шарпка) каршы бардык жаныбарларды эмдөө зарыл.
Эмдөө программасын иштеп чыгуу максатында жаныбарлар арасында ар кандай инфекциялык оорулардын таралыш деңгээлин тыкыр изилдеп чыгуу, эмдегенге чейин жаныбарлардын иммундук системасынын абалына баа берүү зарыл. Шарп сыяктуу ылаңдар үчүн мезгил-мезгили менен баа берүүнү жүргүзүү жана штаммды идентификациялоо бул ылаңга каршы күрөшүүнүн майнаптуу программасы үчүн чечүүчү мааниге ээ.
Эмзаттарынын жана дары-дармектердин сапатын контролдоо системасы эл аралык стандарттарга ылайык күчөтүлүүгө тийиш. Кокустан тандоо методу менен тандалып алынган эмзатынын тобунун сапаты Эл аралык эпизоотиялык бюронун аккредитацияланган лабораторияларынын биринде мезгил-мезгили менен текшерилип турууга тийиш.
Эмдөөдөн кийинки серологиялык мониторинг эмзатынын майнаптуулугун жана мезгилдүүлүгүн баалоо үчүн эмдөө программасынын маанилүү бөлүгүнө айланууга тийиш.
Ветеринарлар эмдөө программасынын алкагында температуралык режимин кармоо (муздатуу) үчүн жетиштүү жабдылууга жана анализ үчүн үлгүлөрдү чогултуунун тийиштүү жабдуусуна ээ болууга тийиш.
21. Ысык-Көл облусунун Чүй облусу жана Казакстан Республикасы менен чек араларында контролдоо-өткөрүү постторун калыбына келтирүү жана жабдуу зарыл. Контролдоо-өткөрүү посттору персонал менен толукталууга жана жаныбарлардын ылаңдарын алдын ала диагностикалоону жүргүзүү, пробаларды алуу жана эмдөө үчүн жабдылууга тийиш. Алар, ошондой эле, облустун аймактарына ташылып кирип жаткан жаныбарларда кандайдыр бир инфекциялык ылаңдар бардыгы шек туудурган учурларда иш-чараларды аткаруу үчүн анча чоң эмес карантиндик объектиге ээ болууга тийиш.
22. Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору азыркы ветеринардык диагностикалык методдорду пайдалануу үчүн потенциалды арттырууга муктаж. Бул үчүн жакынкы жана ырааккы чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларында адистерди окутууларды уюштуруу, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү жана кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн алдыңкы ветеринардык институттар менен алака түзүү керек.
Каракол шаарындагы облустук ветеринардык диагностика борбору инфраструктураны чыңдоого, серологиялык изилдөөлөр үчүн иммуноферменттик анализ (ИФА/ELISА) системасы, бактериологиялык өсүмдүктөр үчүн бактериялык инкубаторлор, лабораторияны стерилизациялоо жана биокоопсуздук системасы, паразитология үчүн жабдуулар, айыл чарба жаныбарларынын тоюттарынын анализи жана инфекциялык ылаңдарга диагностика жүргүзүү үчүн негизги болуп саналган тоют ингредиенттеринин анализи үчүн аналитикалык тоют системасына муктаж.
Ветеринарлар эмзаттарын сактоо жана ташуу системасын жакшыртууга өзгөчө көңүл бөлүүсү зарыл.
23. Айыл чарба жаныбарларын багып өстүрүү жана бел сууну даярдоо үчүн мамлекеттик инфраструктура жаңы өндүргүч букаларды сатып алууну, тоңдурулган урукту даярдай турган лабораторияларды, уруктун сапатын контролдой турган лабораторияларды, адистерди айыл чарба жаныбарларынын жасалма жол менен куутуна окута турган окуу борборун модернизациялоону талап кылат.
Популяцияны контролдоо үчүн породасыз букаларды бычуу кампаниясын уюштуруу жана аткаруу керек. Ысык-Көл облусундагы айыл чарба жаныбарларынын репродуктивдүү популяциясынын жалпы санынын 60-70 пайызына жасалма куутту камсыз кылуу зарыл.
7. Программаны ишке ашыруунун механизми
24. Айыл чарба жаныбарларынын өтө жугуштуу ылаңдары боюнча сүт жана сүт продукциясын өндүрүүчүлөрдү экономикалык жоготууларга кириптер кылбоо үчүн аймакты ветеринардык-санитардык чөлкөмдөө талап кылынат.
25. Ысык-Көл облусунда сүт тармагын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун натыйжаларын анализдөөнүн жардамы аркасында жүзөгө ашырылуучу мониторинг Программаны аткаруунун ажырагыс элементи болуп саналат.
26. Буга байланыштуу, ошондой эле "Ветеринария жөнүндө" жана "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу үчүн жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынан таза чөлкөмдөрдү (облустарды) түзүү боюнча чараларды акырындап жүргүзүү максатка ылайыктуу. Ошону менен бирге чөлкөм мал-жандыктардын жугуштуу ылаңдарынан таза болуп, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун талаптарына ылайык эл аралык соода стандарттары боюнча биологиялык коопсуздукту камсыздап, кепилдей тургандай эркин болууга тийиш.
Кыргыз Республикасында мындай чөлкөмдү түзүү үчүн бир кыйла жагымдуу шарттарга Ысык-Көл облусу ээ, мындай облустар айыл чарба жаныбарларын алып чыгууну (алып кирүүнү) контролдоого мүмкүндүк берет, бул коопсуздук кепилдиктерин түзгөндөрдүн бири болуп саналат.
Республиканын курорттук регионунун статусун эске алуу менен Ысык-Көл облусунун аймагында жаныбарлардын жугуштуу ылаңдары, биринчи кезекте, жаныбарлардан адамга жугуучу оорулар боюнча бейпилдикти түзүү зарыл.
Жаныбарлардын ылаңдарынан таза чөлкөмдү түзүү, айыл чарба жаныбарларын идентификациялоону кошо алганда, бир катар уюштуруу, ветеринардык-санитардык чараларды жүргүзүүнү жана кийин бул чөлкөмдү эл аралык соода талаптарына ылайыктуу деп таанууну талап кылат.
Көрсөтүлгөн чөлкөмдү Ысык-Көл облусунун аймагында түзүү мындай чөлкөмдөрдү республиканын башка облустарында түзүү тажрыйбасын пайдаланууга мүмкүндүк берет.
27. Ысык-Көл облусунун аймагында ветеринардык-санитардык чөлкөмдөөнү киргизүү, сүттү жана сүт тармагын экспорттоону өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча иш-чараларды кошо алганда, өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:
Өткөрүлүүчү иш-чаралардын биринчи фазасы (ишке ашыруу мөөнөттөрү: 2016-жылдын сентябры - 2017-жылдын декабры)
1. Чөлкөмдөө:
- Ысык-Көл облусунун аймагын ветеринардык чөлкөмдөөнү ишке ашыруу бөлүгүндө Программаны аткаруу менен байланышкан маселелер боюнча мамлекеттик жана жеке ветеринарларды окутуу;
- соңку үч жылда облустун аймагында катталган өзгөчө коркунучтуу ооруларды аныктоо;
- мониторингдин жардамы аркасында облустун аймагын эпизоотиялык картага түшүрүү;
- айыл чарба жаныбарларына (айыл чарба жаныбарларынын ички жана тышкы кыймылына) көз салуу системасын камсыз кылуу;
- облустун аймагына айыл чарба жаныбарларын алып кирүүгө жана алып чыгууга контролду күчөтүү;
- айыл чарба жаныбарларынын өзгөчө коркунучтуу оорулары боюнча бейпил аймактык чөлкөмдүн ветеринардык-санитардык статусун аныктоо боюнча ветеринардык-санитардык иш-чараларды жүргүзүү.
2. Ири мүйүздүү малды (мындан ары - ИММ) идентификациялоо:
- ветеринарларды жана башка адистерди ири мүйүздүү малды идентификациялоого жана каттоого окутуу;
- айыл чарба жаныбарларың жана чарбаларын каттоо.
3. Инфекциялык ооруларга каршы жаныбарларды эмдөө (алдын ала эмдөөлөр):
- жаныбарлардын санын каттоо;
- биологиялык препараттарды сатып алуу;
- эпизоотияга каршы иш-чараларды (ЭКИ) өткөрүү.
4. Ветеринариялык лабораториялык изилдөөлөр:
- ветеринариялык-диагностикалык (жеке жана мамлекеттик) лабораториялардын инфраструктурасын жакшыртуу;
- лаборатория кызматкерлеринин жана жеке ветеринарлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча окутуу;
- региондук ветеринардык диагностика борборун аккредитациялоо.
5. Жөнгө салуучу чаралар:
- тамак-аш коопсуздугу жаатында ченемдик укуктук актыларды (ЧУА) иштеп чыгууга жана кабыл алууга көмөк көрсөтүү;
- улуттук ченемдик укуктук актыларды эл аралык (анын ичинде ЕАЭБ) талаптарга жана стандарттарга ылайык келтирүүгө көмөк көрсөтүү;
- сүттүн жана сүт продукциясынын коопсуздугу маселеси боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү.
6. Ири мүйүздүү малдын артыкчылыктуу жана келечектүү породаларын багып өстүрүү:
- фермерлерди, дыйкандарды жана адистерди окутуу аркылуу уйлардын жасалма куутун даңазалоо (селекциялык иштерди жүргүзүү, музоолотууну пландоо, артыкчылыктуу породадагы өндүргүч букалардын бел суусу тууралуу маалымдар базасынын бирдиктүү системасын түзүү, генетикалык банкты түзүү, жасалма куут пункттарын асыл тукумдук материалдар, суюк азот, жабдуулар менен камсыз кылуу);
- тоют базасын түзүү жана жакшыртуу, ири мүйүздүү малдын теңдемделген рациону үчүн биологиялык кошулмалар менен камсыз кылуу.
7. Кошумча нарктын сүт чынжырчасы:
- сүт өндүрүүчүлөр жана сүт чогултуучулар жана эле кайра иштетүүчү ишканалардын жумушчулары менен иштөөнүн аркасында сүттү жана сүт азыктарын көбөйтүү жана алардын сапатын жакшыртуу.
8. Ысык-Көл облусунда кошумча нарктын сүт чынжырчасын каржылоого көмөктөшүү маселеси боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн финансылык институттар менен иш жүргүзүү.
Өткөрүлүүчү иш-чаралардын экинчи фазасы (ишке ашыруу мөөнөтү: 2018-жылдын январь-декабрь айлары)
1. Жаныбарларды идентификациялоо:
- сүт продукциясын көзөмөлдөө үчүн тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу боюнча облустагы ири мүйүздүү малды жана айыл чарба жаныбарларынын башка түрлөрүн (койлорду, жылкыларды, чочколорду ж.б.) идентификациялоону жүргүзүү зарыл;
- айыл чарба жаныбарларынын бардык түрлөрүн каттоону аяктоо жана аларды айыл чарба жаныбарларын идентификациялоо жана көздөө системасынын маалымат базасына киргизүү;
- айыл чарба жаныбарларын идентификациялоо үчүн кулак эн салгычтары менен туруктуу камсыздоо.
2. Инфекциялык ооруларга каршы жаныбарларды эмдөө жана жеке ветеринардык кызмат көрсөтүүлөр:
- жеке ветеринардык кызмат көрсөтүү борборлорун өнүктүрүү жана колдоо;
- зарыл болгон биологиялык препараттардын жеке ветеринардык кызмат көрсөтүү борборлору тарабынан сатылып алынышына колдоо көрсөтүү;
- бул Программаны ишке ашыруу боюнча негизги стратегиялык иш-чаралардан тышкары, фермерлер (дыйкандар) тарабынан акы төлөө жолу менен, мамлекет тарабынан минималдуу субсидия берүү менен донорлордун Ысык-Көл облусундагы айыл чарба жаныбарларын эмдөөлөрдү субсидиялоосун азайтуу схемасын иштеп чыгуу.
3. Мыйзамдуу негиздер, бизнес чөйрө:
- сүт продукциясын башка өлкөлөргө, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоону жүзөгө ашыруу үчүн тамак-аш коопсуздугу боюнча эл аралык стандарттарга ылайык ЧУАга шайкеш келтирүүгө көмөк көрсөтүү;
- кызыкдар тараптар үчүн окутуу жана алар үчүн семинарларды өткөрүү жолу менен тобокелдиктерди жана опурталдуу контролдук чекиттерди анализдөө (мындан ары - ХАССП) принциптерине негизделген жол-жоболорду иштеп чыгып, киргизүүгө көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасынын сүтүн жана сүт продукциясын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоо;
- Ысык-Көл облусунун сүт секторуна жеке инвестицияны тартуу боюнча мамлекеттик-жеке диалог платформасын (Инвестициялык кеңешти) түзүү;
- Ысык-Көл облусунда сүт өндүрүүчүлөр ассоциациясын түзүүгө көмөктөшүү.
4. Мал чарбачылыгын өнүктүрүү:
- Ысык-Көл облусундагы ири мүйүздүү малдын (ИММ) артыкчылыктуу породаларын жакшыртуу боюнча планды иштеп чыгуу;
- жаныбарларды жасалма куут боюнча борборлорду түзүү, тоңдурулган бел сууну өндүрүштүк негизде уюштуруу жана сактоо;
- ири мүйүздүү малдын асыл тукумдуулугун жакшыртуу боюнча көрсөтмөлүү фермаларды түзүү.
5. Сүт жана сүт азыктарын жеткирип берүүлөрдү өнүктүрүү:
- Ысык-Көл облусунда ынак сүттү ички жана тышкы дүң сатып алуучуларга жеткирип берүүнү жакшыртуу;
- сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын кубаттуулугун арттыруу, сапатты жана сертификацияны контролдоону күчөтүү, кайра иштетүүчү ишканаларга таандык муздатуучу кампалардын, сактоочу жайлардын санын көбөйтүү;
- кооперативдик сүт өндүрүшүнүн көлөмүн кеңейтүү жана өндүрүштүк чыгымдарды азайтуу максаттарында сүттү кооперативдик өндүрүүнү киргизүү.
6. Каржылоого жетишүү:
- финансылык мекемелер менен мобилдүү банк платформалары аркылуу сүт ишканалары үчүн жеткирип берүүлөрдүн сүт чынжырчасын каржылоону көбөйтүү боюнча иштөө;
- сүт тармагынын кайра иштетүүчү ишканаларынын өндүрүштүк кубаттуулуктарын арттыруу үчүн инвестициялар агымын камсыз кылуу.
Иш-чараларды өткөрүүнүн үчүнчү фазасы (ишке ашыруу мөөнөтү: 2019-жылдын январь-декабрь айлары)
1. Эмдөө жана жеке ветеринардык кызмат көрсөтүүлөр:
- мамлекеттик (бекитилген бюджеттин чегинде) жана жеке ветеринарлардын эмдөөлөрдү жүргүзүү;
- региондо коммерциялык туруктуу жеке ветеринардык кызмат көрсөтүү борборлорун түзүүгө колдоо көрсөтүү.
2. Мыйзамдуу жөнгө салуу - бизнес чөйрө:
- мамлекеттик-жеке диалог платформасын (РРD) колдоо;
- ири негизги өндүрүштөргө/дыйкан (фермер) чарбаларга дем берүү үчүн жеке инвестицияларды тартуу боюнча атайын программаларды иштеп чыгуу.
3.Сүттү жеткирип берүү чынжырчасын өнүктүрүү:
- Ысык-Көл облусунун сүт жана сүт азыктарынын брендин иштеп чыгуу;
- сүттү баштапкы өндүрүүнү топтоону колдоо жана ири дыйкан (фермер) чарбаларын түзүү.
4. Ысык-Көл облусундагы сүт тармагын өнүктүрүү тажрыйбасын жалпы республикага жайылтуу:
- жүргүзүлгөн иштерди жана алынган натыйжаларды эске алуу менен план түзүү;
- репликация (методологияны жана тажрыйбаны жайылтуу) үчүн республиканын 1-2 регионун тандап алуу;
- тандалып алынган региондордо моделди ишке ашыруу боюнча даярдык иштерин жүргүзүү.
8. Ушул Программаны ишке ашырууну финансылык камсыздоо
28. Дүйнөлүк банк (мындан ары - ДБ): инвестициялык чыгымдарга жана техникалык жардамга 5 млн. АКШ доллары;
- БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк уюму (ФАО): жаныбарларды идентификациялоо жана көздөө системасын иштеп чыгууга жана программалык камсыздоону киргизүүгө 317 миң АКШ доллары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү - эпизоотияга каршы иш-чараларга, анын ичинде (биологиялык препараттарды сатып алууга) жана мамлекеттик ветеринардык врачтардын жана лабораториялардын кызматкерлеринин эмгек акысына 2,1 млн. АКШ доллары.
9. Программаны ишке ашыруудан күтүлүүчү натыйжалар
29. Программаны ишке ашыруу:
- Ысык-Көл облусунун ветеринардык-санитардык коопсуздугуна;
- Ысык-Көл облусунун аймагындагы туруктуу эпизоотиялык бейпилдикке;
- жаныбарлардын ылаңдары боюнча Ысык-Көл облусунун аймагынын бейпилдигин эл аралык таанууга;
- сүттү экспорттоонун туруктуулугуна;
- Ысык-Көл облусунун аймагында өндүрүлгөн сүт жана сүт продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө;
- дыйкандардын (фермерлердин) жалпы кирешесинин көбөйүшүнө жетишүүгө мүмкүндүк берет.
Кыскартуулардын тизмеси:
РФ | - | Россия Федерациясы |
АЧММ | - | Айыл чарба жана мелиорация министрлиги |
ВФКМИ | - | Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
КРӨнүн Ысык-Көл облусундагы ЫӨ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
БДСУ | - | Бүткүл дүйнөлүк соода уюму |
ФАО | - | БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк уюму |
ЭЭБ | - | Эл аралык эпизоотиялык бюро |
ДБ | - | Дүйнөлүк банк |
ЕАЭБ | - | Евразия экономикалык бирлиги |
ХАССП | - | тобокелдиктерди жана опурталдуу контролдук чекиттерди анализдөө |
PPD | - | мамлекеттик-жеке диалог платформасы |
ЭКИ | - | эпизоотияга каршы иш-чаралар |
ИММ | - | ири мүйүздүү мал |
2-тиркеме
Ысык-Көл облусунун сүт тармагын өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоордун программасын ишке ашыруу боюнча 2016-2019-жылдардагы ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Иш-чаранын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары | Күтүлүүчү натыйжалар |
1-милдет. Облустун аймагын ветеринардык-санитардык коргоо | |||||
1 | Ысык-Көл облусунун аймагында катталган өтө жугуштуу ылаңдарды контролдоо, алдын алуу, жоюу боюнча планды даярдоо | 2016-жылдын 1-декабрына чейин | ВФКМИ, КРӨ Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде | Облустун аймагында айыл чарба жаныбарларынын инфекциялык ылаңдары боюнча эпизоотиялык бейкуттукту камсыздоо |
2 | Жаңы инструменттерин киргизүүнү эске алуу менен региондук деңгээлде мамлекеттик ветеринария кызматынын түзүмүн жакшыртуу боюнча иш жүргүзүү (Эл аралык эпизоотиялык бюронун талаптары) | 2016-жыл | ВФКМИ, КРӨ Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде | Айыл чарба жаныбарларынын ылаңдары боюнча облустун (зонанын) аймагында бейкуттукка жетишүү боюнча мамлекеттик органдардын ишин жакшыртуу |
3 | Ысык-Көл облусунун аймагында өзгөчө ветеринардык-санитардык статусу бар зоналардын кесилишкен жайларында туруктуу иштеген ички посттордун ишин жакшыртуу үчүн зарыл болгон финансылык камсыз кылуу эсептөөлөрүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 506 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө токтомуна ылайык бекитилген тизмеге талап кылынган кошумча штаттык санды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | 2016-жыл | ВФКМИ, КРӨ Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ | Каржылоо талап кылынбайт | Ысык-Көл облусунун аймагында өзгөчө ветеринардык-санитардык статусу бар зоналардын кесилишкен жайларында туруктуу иштеген ички посттордун иштешин жабдуулар, материалдар жана каражаттар менен камсыз кылуу |
4 | Облустун аймагында өзгөчө ветеринардык-санитардык статусу бар зоналардын кесилишкен жайларында учурдагы стационардык иштеп жаткан ветеринардык-санитардык көзөмөлдөө постторун жабдуулар, материалдар жана каражаттар менен камсыз кылуу менен калыбына келтирүү | 2016-жыл | ВФКМИ, КРӨ Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ | Эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен | Ысык-Көл облусунун аймагында өзгөчө ветеринардык-санитардык статусу бар зоналардын кесилишкен жайларында жабдуулар, материалдар жана каражаттар менен камсыз кылынган туруктуу иштеген ички посттордун иштөөсү |
5 | Айыл чарба жаныбарларынын ээлерине ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдү туруктуу жүргүзүүдө жеке ветеринарлардын кесиптик жана техникалык потенциалын күчөтүү | Туруктуу негизде | ВФКМИ, АРИС (макулдашуу боюнча) | Эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен | Айыл чарба жаныбарларынын ээлерин жогорку квалификациялуу ветеринардык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу |
6 | Облустун (зонанын) аймагына жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды алып келүүгө (киргизүүгө) контроль жүргүзүү | Туруктуу негизде | ВФКМИ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде | Ысык-Көл облусунун аймагында ветеринардык-санитардык кооп-суздукту камсыз кылуу |
7 | Айыл чарба жаныбарларынын жугуштуу ылаңдары боюнча Ысык-Көл облусунун аймагын ветеринардык зоналарга бөлүү | 2017-жыл | ВФКМИ, АЧММ, ДБ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде, эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен | Облустун аймагынын ветеринардык-санитардык коопсуздугун камсыз кылуу жана айыл чарба жаныбарлары жана мал чарба азыктары менен үзгүлтүксүз эл аралык соода үчүн шарттарды түзүү |
2-милдет. Жаныбарлардын ден соолугун көзөмөлдөөнү камсыз кылуу жана профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү | |||||
1 | Облустун аймагында айыл чарба жаныбарларынын ылаңына карата эпизоотиялык (эпидемиологиялык) мониторинг жүргүзүү системасын түзүү | 2017-жыл | ВФКМИ, АЧММ, ДБ (макулдашуу боюнча) | ЕАЭБдин техникалык көмөк көрсөтүүсүнүн жана эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен | Айыл чарба жаныбарларынын ылаңына эпизоотиялык (эпидемиологиялык) контроль жүргүзүү |
2 | Ысык-Көл облусунун аймагында алдын алуу жана эпизоотияга каршы иш-чараларды өткөрүү планын иштеп чыгуу | Жыл сайын | ВФКМИ, КРӨ Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ | Каржылоо талап кылынбайт | Айыл чарба жаныбарларынын ылаңдары боюнча облустун аймагындагы бейкуттукту камсыз кылуу |
3 | Ветеринардык диагностикалык лабораторияларды (борборлорду) керектүү жабдуулар жана шаймандар менен жабдууну аяктоо жана аларды аккредитациялоо | 2017-жыл | ВФКМИ | ЕАЭБдин техникалык көмөк көрсөтүүсүнүн каражаттарынын эсебинен | Ветеринардык-санитардык иш-чараларды жүргүзүү үчүн өз убагында ветеринариялык диагностикалык изилдөөлөрдү өткөрүү |
4 | Сүт жана сүт продукциясынын коопсуздугуна көзөмөл жүргүзүү маселелери боюнча ветеринардык диагностикалык лабораториялардын кызматкерлерин жана жеке ветеринарларды окутуу | 2017-жыл | ВФКМИ, КРӨ Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ | ЕАЭБдин техникалык көмөк көрсөтүүсүнүн жана эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен | Сүт жана сүт продукциясын лабораториялык диагностикалык изилдөөлөр боюнча өз убагында иш-чараларды өткөрүү |
5 | IFAD багыты боюнча мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоорунда каралган ветеринардык жана мал чарбачылык кызмат көрсөтүүлөргө карата майда товар өндүрүүчүлөрдүн мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү | 2016-2019-жылдар | ВФКМИ, КРӨ Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ, ДБ (макулдашуу боюнча) | Эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен | Ветеринардык кызмат көрсөтүүлөр жана мал чарбачылыгын жүргүзүү чөйрөсүндө билимин жакшыртууда малчыларга көмөк көрсөтүү |
6 | Ар бир калктуу пунктта, облустун жайыт участогунда айыл чарба жаныбарларынын ден соолугунун абалына контролдукту камсыз кылуу | 2016-2019-жылдар | ВФКМИ, КРӨ Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ | Каржылоо талап кылынбайт | Айыл чарба жаныбарларынын ден соолугунун абалына контролдукту жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылуу |
7 | Айыл чарба жаныбарларынын ылаңдоо учурлары жана алардын кокусунан кырылышы жөнүндө кызыкдар мамлекеттик органдарды шашылыш кабарлоо системасын иштеп чыгуу жана киргизүү | 2016-2017-жылдар | ВФКМИ, КРӨ Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ | Каржылоо талап кылынбайт | Кечиктирилгис чараларды көрүү үчүн айыл чарба жаныбарларынын ылаңдаган учурлары жана алардын кокусунан кырылышы жөнүндө кызыкдар мамлекеттик органдарды шашылыш кабарлоо системасынын иштөөсү |
8 | Айыл аймактарында биокалдыктар үчүн биотермитикалык аңдарды куруу | 2016-2019-жылдар | ВФКМИ, КРӨ Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ | Эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен | Аймактын ветеринардык-санитардык коопсуздугун камсыз кылуу |
3-милдет. Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө | |||||
1 | Ысык-Көл облусунда бодо малды идентификациялоону уюштуруу жана өткөрүү | 2016-2017-жылдар | ВФКМИ, КРӨ Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ | ЕАЭБдин техникалык көмөк көрсөтүүсүнүн жана эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен | Айыл чарба жаныбарларын жана мал чарба продукциясын көзөмөлдөөнү камсыз кылуу |
2 | Ысык-Көл облусунун ичинде идентификацияланган айыл чарба жаныбарларынын кыймыл аракеттерине, ошондой эле аларды алып келүүгө жана алып чыгууга контролдукту камсыз кылуу | 2016-2019-жылдар | ВФКМИ, КРӨ Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ | ЕАЭБдин техникалык көмөк көрсөтүүсүнүн жана эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен | Айыл чарба жаныбарларынын ден соолугунун абалына контролдукту камсыз кылуу |
3 | Айыл аймактарынын кызматкерлери жана жеке ветеринардык врачтар үчүн айыл чарба жаныбарларын идентификациялоо жана көчүрүү боюнча окутуу өткөрүү | 2016-2017-жылдар | ВФКМИ, КРӨ Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ | ЕАЭБдин техникалык көмөк көрсөтүүсүнүн жана эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен | Айыл чарба жаныбарларын идентификациялоону сапаттуу жүргүзүү |
4-милдет. Сүт тармагын өнүктүрүү | |||||
1 | Өндүрүштүн, сүттү чогултуу, ташуу жана сактоо гигиенасынын сапатын жакшыртуу жана көбөйтүү жолу менен кошумча нарк сүт чынжыры системасынын тармагын түзүү | Сынамык долбоорду жүргүзүүнүн ичинде | АЧММ, ВФКМИ, КРӨ Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ | Эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен | Сүт жана сүт продукциясынын сапатын жакшыртуу |
2 | Муздатуучу цистерналарда сүттү санитардык-гигиеналык ташуу боюнча колдонмону иштеп чыгуу. Анча чоң эмес сүт чогултуучуларды бириктирүү үчүн сүттү муздатылган абалында гигиеналык ченемдерди сактоо менен биргелешип ташуу системасын иштеп чыгуу. Башка альтернатива жагдай катары, сүттү кайра иштетүүчү ишканалар чогултуу пункттарынан сүттү ташуу үчүн мындай муздатуучу транспорт каражаттарын уюштуруу | 2017-жыл | АЧММ, ВФКМИ, КРӨ Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ (макулдашуу боюнча) | Эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен | Мал чарбачылыктын абалын жакшыртуу жана сүт тармагын өнүктүрүү |
3 | Сүттү жана сүт продукциясын өндүрүүдө коопсуздук абалынын мониторингин жүргүзүү | Дайыма | АЧММ, ВФКМИ, КРӨ Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ | Эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен | Сүт жана сүт продукциясынын сапатын жакшыртуу |
4 | Айыл аймактарынын адистери, фермерлери жана дыйкандары үчүн селекция, айыл чарба жаныбарларынын таза тоюту, саан гигиенасы жана сүт өндүрүү процессин жалпы башкаруу маселелери боюнча окутуу өткөрүү | 2016-2017-жылдар | ВФКМИ, КРӨ Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ, ДБ (макулдашуу боюнча) | Эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен | Мал чарбачылыгын жүргүзүү боюнча билим деңгээлин жогорулатуу |
5 | Артыкчылыктуу тукумдардын уругунун бирдиктүү маалыматтар базасынын системасын түзүү жана генетикалык банкты түзүү жолу аркылуу айыл чарба жаныбарларынын тукумун жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүү | 2016-2019-жылдар | АЧММ, ВФКМИ, КРӨ Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ, ДБ (макулдашуу боюнча) | Эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен | Малчыларды сапаттуу урук менен камсыз кылуу, айыл чарба жаныбарларынын тукумдарынын генетикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу |
6 | Облуста өндүрүлгөн сүт продукциясынын коопсуздук деңгээлин эл аралык талаптарга ылайык келтирүүнү камсыз кылуу жана аны тоскоолдуксуз экспорттоо максатында сүт жана сүт продукциясын өндүрүүчүлөргө консультациялык кызматтарды көрсөтүү | 2016-2019-жылдар | АЧММ, ВФКМИ, КРӨ Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ, ДБ (макулдашуу боюнча) | Эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен | Облуста өндүрүлгөн сүт азыктарын экспорттоону жүзөгө ашыруу үчүн сүт продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жана эл аралык деңгээлге жетишүү |
7 | Аймакты ветеринардык зоналарга бөлүү жана сапаттуу сүт өндүрүүнүн максаттары жөнүндө калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | 2016-2019-жылдар | АЧММ, ВФКМИ, КРӨ Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ, ДБ (макулдашуу боюнча) | Эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен | Сүттүн жана сүт продукциясынын тамак-аш коопсуздугу жөнүндө калктын маалымдуулугу жана өз убагында кабардар болушу |
Кыскартуулардын тизмеси:
АЧММ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги |
ВФКМИ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
КРӨ Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
ДБ | - | Дүйнөлүк банк |
ЕАЭБ | - | Евразия экономикалык бирлиги |