Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 7-июну № 313
"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралын куруунун долбоорун даярдоо жана ишке ашыруу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия эки айлык мөөнөттө кытай жана өзбек тарабы менен "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралын куруунун долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү, биргелешкен изилдөөлөрдү, долбоорго чейинки жана/же долбоордук иштерди аткаруу үчүн тийиштүү жумуштарды аткарсын.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик ишканалары жана уюмдары эксперттик топтун ишинин процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн эксперттик топтун суроосу боюнча керектүү маалыматтарды беришсин жана эксперттер менен адистерди жиберишсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу жана техникалык жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
Ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору.
Ведомстволор аралык комиссиянын эксперттери:
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору, эксперттик топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи саясий департаментинин Кытай Эл Республикасы бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин инвестициялар жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк башкармасынын донорлук жардамды координациялоо бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин геология башкармасынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин экономиканын тармактарынын чыгымдарын пландоо башкармасынын транспорт, байланыш, отун-энергетикалык комплекси жана туризм бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын Магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу боюнча дирекциясынын директору;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын мото-курулуш отрядынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын Магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу боюнча дирекциясынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн начальниги.