Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 24-июну № 340
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимдин долбоорунун тиркемелеринин тексттерин Казакстан Республикасынын эксперттик тобу менен салыштырып окуп чыгуу үчүн 2016-жылдын 27-30-июнунда Казакстан Республикасынын Алматы шаарында өтө турган жолугушууга катышуу үчүн эксперттик топ тиркемеге ылайык курамда жиберилсин.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимдин долбоорунун тиркемелеринин тексттерин Казакстан Республикасынын эксперттик тобу менен салыштырып окуп чыгуу үчүн 2016-жылдын 27-30-июнунда Казакстан Республикасынын Алматы шаарында өтө турган жолугушууга катышуучу эксперттик топтун КУРАМЫ
Искандаров К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, делегациянын жетекчиси; |
Катанаев А.Г. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору, эксперттик топтун жетекчиси; |
Касмалиев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору; |
Момбеков А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Жакыпов Б.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын башкы инженери; |
Мандычев Н.И. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын экспедиция начальниги. |