Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 16-июну № 268-б
Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климатты жакшыртуунун экинчи программасынын 2-чакан программасын ишке ашыруунун алкагында Азия өнүктүрүү банкы менен расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатты жакшыртуунун экинчи программасынын 2-чакан программасын ишке ашыруунун алкагында Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тобунун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тобу бюджеттик колдоо маселелери боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары А.Сазбаковго сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
4. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тобу өзүнүн ишине мамлекеттик органдардын тийиштүү адистерин жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
Сазбаков Алмаз Замирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тобунун жетекчиси; |
Кайкиев Эмиль Абдыкалыевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; |
Байгончоков Мирлан Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Суюмбаева Паиза Усенбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы; |
Осоев Эркинбек Арстанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Орозбаева Лада Джантаевна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Орозбеков Алымбек Асылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды алдыга жылдыруу агенттигинин директору; |
Чолпонкулов Таалайбек Аскарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин директору; |
Усубалиев Азамат Абдыкадырович | - | Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигинин директору (макулдашуу боюнча); |
Абдрахманов Канат Джаныбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин инвестициялар жана МЖӨ башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучусу. |