Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 481-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 24-июну № 295-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмегинде:
- "Медициналык максатта этил спиртин пайдалануучу субъекттер" деген I бөлүмдө:
"Чүй облусунун саламаттык сактоо уюмдары" деген 9-глава төмөнкүдөй мазмундагы 50-пункт менен толукталсын:
"50. Чүй облустук кургак учукка каршы борбор";
"Дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды жергиликтүү өндүрүүчүлөр" деген 10-глава төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:
"14. "АЮ Фарм" жоопкерчилиги чектелген коому";
- "Техникалык жана башка максаттарда этил спиртин пайдалануучу субъекттер" деген III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 73, 74 жана 75-пункттар менен толукталсын:
"73. "Преобразователь" жоопкерчилиги чектелген коому
74. "ИНТЭК" жоопкерчилиги чектелген коому
75. "Авто Евро-Азия Компания" жоопкерчилиги чектелген коому".
Премьер-министр | С.Жээнбеков |