Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 4-июлу № 305-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Кытай Эл Республикасынын Гуандун провинциясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Достук жана кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Кытай Эл Республикасынын Гуандун провинциясынын Өкмөтүнүн ортосундагы достук жана кызматташтык жөнүндө макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Кытай Эл Республикасынын Гуандун провинциясынын Өкмөтү (мындан ары - Тараптар)
Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда белгиленген дипломатиялык мамилелердин негизинде,
эки мамлекеттин элинин ортосундагы достукту бекемдөө максатында достук мамилелерин түзүүгө макулдашты.
1-берене.
Тараптар өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде тең укуктуулуктун негизинде жана өз ара пайдалуу шарттарда кызматташтыкты өнүктүрүшөт жана достук алмашууларын, соода-экономикалык байланыштарды бирдикте илгерилетүүгө, экономика жана соода, илим жана техника, билим берүү, айыл чарба, маданият, спорт, туризм чөйрөлөрүндө алмашууну жана кызматташууну активдүү илгерилетүүгө макулдашты.
2-берене.
Тараптардын башчылары жана тийиштүү органдары алмашуу жана кызматташуу маселелерин, ошондой эле жалпы кызыкчылыктарды түзүүчү маселелерди талкуулоо максатында тыгыз байланышты кармашат.
3-берене.
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана беш жыл бою колдонулат. Колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин, эгерде Тараптар каршы болбосо, Макулдашуу узартылышы мүмкүн.
4-берене.
Бул Макулдашууга Ош шаарында 2016-жылдын "__" ________ кол коюлду, ар бири бирдей күчкө ээ болгон үч түп нускада, кыргыз, кытай жана орус тилдеринде түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты үчүн |
| Кытай Эл Республикасынын Гуандун провинциясынын Өкмөтү үчүн |
Т.Сарыбашов ___________________________________ |
| Сюй Жуйшэн ___________________________________ |