Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 5-июну № 243-б
1. Эл аралык илимий-техникалык борбордун ишин улантуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрине аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Т.Сариев |
Долбоор
Эл аралык илимий-техникалык борбордун ишин улантуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
УШУЛ МАКУЛДАШУУНУН ТАРАПТАРЫ,
ядролук, радиологиялык, химиялык жана биологиялык куралдардын (массалык жок кылуу куралдары, мындан ары - МЖК) таралышынын айынан түзүлгөн эл аралык коркунучка жана курал катары ядролук, радиологиялык, химиялык жана биологиялык материалдарды колдонуу коркунучуна ТЫНЧСЫЗДАНУУНУ БИЛДИРИП,
МЖК менен байланыштуу технологиялардын, материалдардын жана эксперттик билимдердин жана аларды жеткирүү каражаттарынын таркалышын болтурбоо зарылдыгын ТАСТЫКТАП,
ядролук, радиологиялык, химиялык жана биологиялык куралдарды (МЖК) жана анын жеткирүү каражаттарын иштеп чыгууну, өндүрүүнү, ташууну, берүүнү же колдонууга же аларга ээлик кылууга аракет жасаган мамлекеттик эмес субъекттерге кандай болбосун колдоо көрсөтүүдөн карманууну бардык Мамлекеттерге көрсөтмө берген Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 1540-Резолюциясын КӨҢҮЛГӨ АЛЫП;
Мамлекеттердин биргелешкен көп тараптуу күч аракеттери мындай таралууну болтурбоодо натыйжалуу каражат болуп саналаарын жана таралуу чөйрөсүндө азыркы коркунучтардын негизги элементтери катары илимий изилдөөлөрдүн жана инженердик иштеп чыгуулардын маанилүү ролун ТААНУУ МЕНЕН;
1992-жылдын 27-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Эл аралык илимий-техникалык борборду уюштуруу (мындан ары - "ЭИТБ" же "Борбор") жөнүндө Макулдашуунун жоболорун жана 1993-жылдын 27-декабрында Москва шаарында кол коюлган Макулдашууну убактылуу колдонуу жөнүндө Протоколду (мындан ары - "Макулдашууну убактылуу колдонуу жөнүндө протокол") КӨҢҮЛГӨ АЛЫП;
МЖК карата колдонулуучу технологияларга, эксперттик билимдерге жана аларга байланыштуу материалдарга жана тажрыйбага ээ өлкөлөрдө окумуштуулардын жана адистердин тынчтык максаттарда жүзөгө ашырылуучу илимий-изилдөө иштерин ЭИТБ тараптан колдоо жана көмөк көрсөтүү жолу менен МЖК же ага байланышкан материалдардын таркалышына алып келүүчү иштерге катышуу үчүн стимулдарды максималдуу азайтуунун туруктуу зарылчылыгын, ошондой эле МЖК таркалышын болтурбоо жана Макулдашууга катышуучу-өлкөлөрдүн ортосундагы мурдагы мезгилде алар тараптан аракет жасалган илимий кызматташтыкка көмөк көрсөтүү боюнча күч-аракеттерин ТААНЫП;
Борбордун ийгиликтүү иштөөсү үчүн өкмөттөрдүн, Европа союзунун жана ЕВРатомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын, фонддордун, академиялык жана илимий мекемелердин жана башка өкмөттөр аралык жана жеке уюмдардын ишеничтүү колдоосу талап кылынаарын АҢДАП-ТҮШҮНҮП;
ЭИТБнын мүчөлүк курамындагы мындан бир аз мурдагы өзгөрүүлөрдү эске алып, ЭИТБ ишин улантууга УМТУЛУУНУ БИЛДИРИП;
ЭИТБнын, окумуштуулардын жана адистердин иши, ошондой эле эл аралык илимий өнөктөштүктү түзүү, дүйнөлүк коопсуздукту чыңдоо жана инновациялар жолу менен экономикалык өсүшкө көмөк көрсөтүү максатында МЖК же аны жеткирүү каражаттарына карата колдонулуучу билимдерге жана жөндөмдөргө ээ болгон Борбордун ишине катышуучу окумуштуулардын жана адистердин иши аркылуу колдоо жана дем берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган ЭИТБ негизделген учурдан тартып өзгөргөн шарттарга анын андан аркы адаптациялануусуна УМТУЛУУНУ БИЛДИРИП; жана
1992-жылдагы Макулдашууга негизденген жана Макулдашуунун убактылуу аткарылышы жөнүндө протоколдун күчүнүн бир эле учурда токтотулушу менен ушул Макулдашууга кол коюунун эсебинен ЭИТБ максаттарын кыйла натыйжалуу ишке ашыруу зарылчылыгынан алганда илимий кызматташтык жолу менен, ЭИТБ ишин улантуу жөнүндө ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛЫП;
ТӨМӨНКҮЛӨР ЖӨНҮНДӨ МАКУЛДАШТЫ:
1-БЕРЕНЕ.
(A) Алгач 1992-жылы Макулдашуу менен уюштурулган ЭИТБ Өкмөттөр аралык уюм катары ушул Макулдашуунун шарттарына ылайык ишин улантат. Ар бир Тарап өз аймагында Борбордун ишине көмөк көрсөтөт. Тараптардын мыйзамдарына жана ченемдерине ылайык өз максаттарын жүзөгө ашыруу үчүн Борбор келишимдерди түзүү, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алуу жана жоюу, башканын ээлигине берүү, ошондой эле доо иштерин жана процесстик жооп кайтаруу аракеттерин козгоо үчүн юридикалык мүмкүнчүлүктөргө ээ.
(B) Бул Макулдашууну текст боюнча колдонууда төмөнкү терминдердин төмөндөгүдөй аныктамалары бар:
(i) "Тараптар" бул Макулдашуунун 17-беренесине (С) ылайык ушул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн бул Макулдашууга кол койгондугу жөнүндө билдирме берген катышуучулар, ошондой эле ушул Макулдашуунун 13-беренесине (В) ылайык бул Макулдашууга кошулган бардык мамлекеттерди билдирет;
(ii) "Борбордун персоналы" - Борбордо кызматта турган же контракт менен иштеген, же Борборго бекитилген же Борбор менен Тараптардын биринин же андан көбүрөөгүнүн ортосундагы макулдашуулар боюнча ага иштөөгө жөнөтүлгөн жеке адамдарды билдирет;
(iii) "үй-бүлө мүчөлөрү" жубайларды; турмушка чыга элек кыздарды/үйлөнө элек уулдарды - 21 жашка чыга элек багуусундагы балдарды; атайын орто окуу жайынын жана жогорку окуу жайынын күндүзгү бөлүмүндө окуп жаткан 23 жашка чейинки багуусундагы турмушка чыга элек кыздарды/үйлөнө элек уулдарды, ошондой эле дене боюнун же акыл-эс мүмкүнчүлүктөрү чектелген турмушка чыга элек кыздарды/үйлөнө элек уулдарды билдирет.
(iv) Борбордун "иши" долбоорлорун жана Борбордун калкасы астында ишке ашырылуучу ар кандай түрдөгү башка ишти камтыйт;
(v) Борбордун "долбоору" субсидиялар жана/же жабдуулар ишке тартылган дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун белгилүү бир убакыттын аралыгында жүргүзүлгөн биргелешкен ишти билдирет жана ушул Макулдашуунун 6-беренесине ылайык бекитилүүгө жатат;
(vi) Башкаруучулар кеңешинин "консенсусу" жолугушууга катышуучу Башкаруучулардын кеңешинде бардык Тараптардын макулдугун билдирет, анда кворум болгон шартта добуш берүү менен чечим кабыл алынат, буга ушул Макулдашуу менен каралган башка учурлар кирбейт. Жолугушуудагы кворум жана Тараптардын катышууга жол берилген формалары ушул Макулдашуунун 4-беренесине ылайык ЭИТБ Уставы менен аныкталат;
(vii) "Кабыл алуучу мамлекет" ушул Макулдашуунун 9-беренесине (А) ылайык Кабыл алуучу мамлекет катары аныкталган Тарапты билдирет;
(viii) "технологиялар, материалдар жана эки багыттагы эксперттик билимдер" коммерциялык колдонуудагы жана МЖК же аны жеткирүү каражаттарын иштеп чыгуу, өндүрүү, колдонуу же өркүндөтүү менен байланыштуу колдонуу катары таралуу жагында колдонулган технологияларды, материалдарды жана эксперттик билимдерди билдирет;
(ix) "билимдер жана эки багыттагы көндүмдөр" МЖК же аны жеткирүү каражаттарын иштеп чыгууда, өндүрүүдө, колдонууда же өркүндөтүүдө технологияларга, материалдарга жана эксперттик билимдерге карата пайдалануучу билимдерди жана көндүмдөрдү билдирет;
(x) "байланышкан материалдар" тийиштүү көп тараптуу келишимдерде жана макулдашууларда камтылган же МЖК же аны жеткирүү каражаттарын долбоорлоо, иштеп чыгуу, өндүрүү же пайдалануу үчүн колдонула турган улуттук контролдоо тизмелерине киргизилген материалдарды, жабдууларды жана технологияларды билдирет.
2-БЕРЕНЕ.
(A) Борбор Тараптардын аймаганда жайгашкан институттарда жана объекттерде жүзөгө ашырылып жаткан тынчтык максаттарда колдонуу үчүн арналган долбоорду иштеп чыгат, бекитет, каржылайт жана контролдойт. Долбоорлор МЖКга карата колдонула турган технологиялары, эксперттик билимдери жана ага байланышкан материалдары бар ушул Макулдашуунун Тараптары болуп саналбаган мамлекеттерде, эгерде бул мамлекеттер мындай долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө өтүнүч менен Башкаруучулар кеңешине кайрылып жана Башкаруучулар кеңеши мындай долбоорлорду ишке ашырууну бир добуштан колдоо көрсөткөн учурларда ишке ашырылат. Жогоруда айтылгандарга карабастан, мүчө эмес мамлекеттердин жарандары болуп саналган адамдар ушул Макулдашуунун Тараптары болгон мамлекеттерде ЭИТБ жүргүзгөн иштин түрлөрүнө катышуусуна жол берилиши мүмкүн.
(B) Борбордун алдында төмөнкүдөй милдеттер турат:
(i) МЖК же аны жеткирүү системаларын (анын ичинде эки багыттагы технологияларды, материалдарды жана эксперттик билимдерди) иштеп чыгуу, өндүрүү, колдонуу же өркүндөтүү менен түздөн-түз байланышкан негизги элементтер болуп саналган технологиялардын, материалдардын жана эксперттик билимдердин таркатылышын болтурбоонун жана бул үчүн эл аралык механизмдерди өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү;
(ii) МЖК же аны жеткирүү каражаттарына карата колдонулуучу билимдерге жана көндүмдөргө, анын ичинде эки багыттагы билимдерге жана көндүмдөргө ээ окумуштууларга жана инженерлерге алардын билимдери жана көндүмдөрү тынчтык иштеринде колдонула турган жерлерде окутуу жана альтернативалуу ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрүн берүү;
(iii) МЖК же аны жеткирүү каражаттарын долбоорлоо, иштеп чыгуу, өндүрүү же колдонуу жана алар менен иштөө жагында коопсуздук маданияты үчүн колдонула турган материалдарды, жабдууларды жана технологияларды пайдалануу жагында коопсуздук маданиятын түзүүгө көмөк көрсөтүү; жана
(iv) өз ишинин алкагында эл аралык илимий өнөктөштүктү түзүүгө, дүйнөлүк коопсуздукту чыңдоого жана инновациялар аркылуу экономикалык өсүшкө; эл аралык технологиялык проблемаларды чечүүгө; башкалардын арасында курчап турган чөйрө, энергетика, саламаттыкты сактоо жана ядролук, химиялык жана биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жагында фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдү коммерциялык жүзөгө ашырууга; ошондой эле МЖК карата колдонулган технологияларга, материалдарга жана тажрыйбага ээ окумуштууларды эл аралык илимий коомчулукка андан ары тартууну кубаттоого көмөк көрсөтүү.
3-БЕРЕНЕ.
Өз максаттарына жетүү үчүн Борбор төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:
(i) ушул Макулдашуунун 2-беренесине ылайык жүргүзүлгөн ишти фонддордун каражаттарын же башка каражаттарды пайдалануу жолу менен өнүктүрүүгө;
(ii) борбордун ишин контролдоо жана ушул Макулдашуунун 8-беренесине ылайык ага финансылык ревизия жүргүзүүгө;
(iii) өкмөттөр, Европа союзу жана атомэнергиясы боюнча Европа коомдоштугу, өкмөттөр аралык уюмдар, жеке уюмдар, фонддор, академиялык жана илимий мекемелер жана алар менен байланыштуу программалар менен кызматташтыктын тийиштүү формаларын түзүүгө, ошондой эле финансылык каражаттарды жана кошумча ыктыярдуу берилген каражаттарды алууга; жана
(iv) тараптар болуп саналган кызыкдар мамлекеттерде бөлүмдөрдү же маалыматтык бюролорду уюштурууга же Башкаруучулар кеңеши бир добуштан мындай бөлүмдү/бюрону Тарап болуп саналбаган мамлекеттин аймаганда уюштурууну кубаттаса, зарылчылыкка жараша уюштурууну; жана
(v) башкаруучулар кеңешинин консенсусу менен жетишилген мүмкүн болуучу жалпы макулдук боюнча ушул Макулдашуунун колдонуу чөйрөсүнө кирген башка иш менен алектенүүгө.
4-БЕРЕНЕ.
(A) Борбордо Башкаруучулар кеңеши жана Борбордун Уставына ылайык курамына аткаруучу директор (ал ага аткаруучу жетекчи болуп саналат), аткаруучу директордун орун басары жана башка кызматкерлер кирген катчылык түзүлөт.
(B) Башкаруучулар кеңеши төмөнкүлөр үчүн жооп берет:
(i) Борбордун саясатын жана өз жол-жоболорунун эрежелерин аныктоо;
(ii) жалпы жетекчиликти жана катчылыкты башкарууну камсыз кылуу;
(iii) Борбордун жалпы бюджетин бекитүү;
(iv) Борбордун финансылык жана башка иштерин, анын ичинде Борбордун бюджетин даярдоо жол-жобосун бекитүү жана аларды текшерүү;
(v) иши бекитүүгө карата жалпы критерийлерди жана артыкчылыктарды иштеп чыгуу;
(vi) ушул Макулдашуунун 6-беренесине ылайык долбоорду бекитүү;
(vii) Уставды жана зарылчылыкка жараша ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча башка жоболорду кабыл алуу; жана
(viii) ушул Жобо менен ага жүктөлгөн башка функцияларды же ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн зарыл болгон функцияларды аткаруу.
(C) Башкаруучулар кеңешиндеги чечимдер консенсус менен кабыл алынат.
(D) Тараптардын ар бири Башкаруучулар кеңешинде бир добушка ээ жана Башкаруучулар кеңешине экиден ашык эмес өкүл дайындайт.
(E) Тараптар Кеңешке эксперттик илимий жана башка зарыл кесипкөй рекомендацияларды берүү үчүн; Кеңешке тынчтык максаттардагы изилдөөлөр жаатында колдоого татыктуу рекомендацияларды берүү үчүн; Кеңеш суроо-талап кылышы мүмкүн болгон ар кандай башка маалыматты берүү үчүн Тараптар дайындаган өкүлдөрдөн турган илимий-консультациялык комитетти түзөт.
(F) Ушул Макулдашууну аткаруу үчүн Башкаруучулар кеңеши Уставды кабыл алат. Устав төмөнкүлөрдү аныктайт:
(i) катчылыктын түзүмүн, анын ичинде аткаруучу директордун, аткаруучу директордун орун басарынын жана башка негизги кызмат орундарын ээлеген кызмат адамдарынын функцияларын жана милдеттерин;
(ii) ишке карата тандоо, иштеп чыгуу, бекитүү, финансылоо жана ишке ашыруу жана контролдоо процессин;
(iii) Борбордун бюджетин даярдоо, эсептешүү жүргүзүү жана аларды текшерүү үчүн жол-жоболор;
(iv) Борбордун долбоорлорунан келип чыгуучу интеллектуалдык менчикке карата жана долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжаларын жайылтууга карата талаптагыдай жетектөөчү принциптер;
(v) Борбордун ишине өкмөттөрдүн, Европа союзунун жана Евратомдун, өкмөттөр аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын катышуусун жөнгө салуучу жол-жоболор;
(vi) кадрдык саясат; жана
(vii) ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн зарыл башка чаралар.
5-БЕРЕНЕ.
Өкмөттөр аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар же Тараптар болуп саналбаган мамлекеттер Башкаруучулар кеңеши тарабынан добуш берүү укугусуз байкоочулар катары Башкаруучулар кеңешинин ишине катышууга чакырылышы мүмкүн.
6-БЕРЕНЕ.
Башкаруучулар кеңешине бекитүү үчүн сунушталган ар бир долбоорлук сунуш иш жүргүзүлө турган мамлекеттин же мамлекеттердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен коштолууга тийиш. Долбоорлорду бекитүү үчүн бул мамлекеттин же мамлекеттердин алдын-ала макулдугу, ошондой эле Башкаруучулар кеңешиндеги консенсусу талап кылынат.
7-БЕРЕНЕ.
(A) Башкаруучулар кеңеши бекиткен долбоорлор Борбор же Тараптар, өкмөттүк эмес уюмдар, фонддор, академиялык жана илимий мекемелер жана башка өкмөттөр аралык жана жеке уюмдар тарабынан каржыланат же колдоого алынат. Бекитилген долбоорлорду мындай финансылоо же колдоо аларды сунуш кылгандардын шартында көрсөтүлгөн конкреттүү шарттар ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келген шарттарда камсыз кылынат.
(B) Тараптардын Башкаруучулар кеңешиндеги өкүлдөрү жана Борбордун катчылыгынын персоналы долбоор боюнча субсидияларга укуктары жок жана долбоор боюнча кандай болбосун субсидиядан кандайдыр-бир тикелей пайданы ала алышпайт.
8-БЕРЕНЕ.
(А) Борбор иш жүргүзүлүүчү мамлекеттин чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
(i) Борбор иштей турган жерде Борбордун билдирмесинен кийин же долбоор боюнча макулдашууда буга кошумча каралгандай материалдардын, коюулардын, каражаттардын жана тийиштүү кызматтардын колдонулушуна текшерүү жүргүзүүгө;
(ii) Борбордун ишине, анын долбоорлоруна жана Борбор финансылаган мезгилде жана долбоор боюнча Макулдашууда аныкталган андан кийинки мезгилде эсепке алынууга жаткан материалдар же документтер кайсы жерде болгондугуна карабастан, өз талабы боюнча Борбордун ишине байланыштуу каалаган эсепке алынган материалдарга жана башка документтерге текшерүү же ревизия жүргүзүүгө.
Бул Макулдашуунун 6-беренеси менен талап кылынган жазуу жүзүндөгү макулдук, ушул пункттун талаптарына ылайык долбоордун үстүнөн ревизияны жана контролду ишке ашыруу үчүн Борборго зарыл болгон мүмкүндүк берүүнү долбоор ишке ашырыла турган мамлекеттин да, мамлекеттердин да, ошондой эле алуучу-мекеменин да макулдугун камтыйт.
(B) Ар бир Тарап Борбор толук же жарым жартылай финансылаган, же анын аймагында ишке ашырылган долбоорлор менен байланыштуу ал аркылуу макулдашылган ушул берененин А пунктунда көрсөтүлгөн укуктарга ээ.
(C) Эгерде долбоорду ишке ашыруу шарттары сакталбагандыгы аныкталса, анда Борбор же каржылаган өкмөт же уюм анын себептери жөнүндө Башкаруучулар кеңешине билдирип, бул долбоорду ишке ашырууну токтото алат жана долбоор боюнча макулдашуунун шарттарына ылайык тийиштүү чараларды көрө алат.
9-БЕРЕНЕ.
(A) Борбордун штаб-квартирасы Казахстан Республикасында жайгашкан жана ал (i) Кабыл алуучу мамлекеттин ролун кийин аткаргысы келбесе, жана жазуу жүзүндө билдирме бербесе, бул Макулдашуунун 13-беренесинин (А) пунктчасында көрсөтүлгөн жана ушул Макулдашуунун 13-беренесинин В пунктчасына ылайык бул Макулдашууга кошулган башка Тарап (ii) мындай мамлекеттин аймагында ЭИТБнын ишин санкциялоо максатында Башкаруучулар кеңешине Кабыл алуучу мамлекеттин улантуучусу катары дайындоого жазуу жүзүндө билдирме бербесе; (iii) Башкаруучулар кеңеши Кабыл алуучу мамлекеттин улантуучусу катары дайындала тургандыгы жөнүндө бул Тараптын суроо-талабын консенсус жолу менен чечпесе; жана Кабыл алуучу мамлекеттин улантуучусу катары дайындоо жөнүндө өтүнүч менен кайрылган (iv) Тарап Кабыл алуучу мамлекет катары өз дайындалышын кабыл алып жаткандыгын тастыктап, Башкаруучулар кеңешине жазуу жүзүндө билдирме бермейинче, Казакстан Республикасы Кабыл алуучу мамлекеттин ролун аткарат.
(B) Борборго материалдык колдоо көрсөтүү тартибинде Кабыл алуучу мамлекеттин Өкмөтү өз эсебинен Борборго ылайыктуу кызматтык жай, ошондой эле бул жайды тейлөөнү, коммуналдык кызматтарды жана кайтарууну камсыз кылат. Кабыл алуучу мамлекеттин Өкмөтү жана ЭИТБ Борборго материалдык колдоо көрсөтүп жана жай(ларды) бере турган Кабыл алуучу мамлекеттин шарттарын жана жоболорун аныктаган макулдашууну түзө алат.
(C) Кабыл алуучу мамлекетте Борбор юридикалык жактын статусуна ээ жана ал катары келишимдерди түзүүгө, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алууга жана тескөөгө, ошондой эле сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
10-БЕРЕНЕ.
Кабыл алуучу мамлекетте:
(i)
(a) ЭИТБнын алган каражаттары жана бул алынган каражаттардан бардык банктык пайыздар Кабыл алуучу мамлекетте салык салынууга жатпайт;
(b) Борбор жана анын кандай болбосун бөлүмдөрү Кабыл алуучу мамлекеттин салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга жаткан өз мүлкүнө салык төлөөчү болуп саналбайт;
(c) Борбор анын ишине байланыштуу берилген жана колдонулган материалдарды, башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү кандайдыр-бир тарифсиз, салыктарсыз, бажы алымдарсыз, импортко салыксыз, кошумча наркка салыксыз (КНС) жана башка ушундай салыктарсыз жана алымдарсыз Кабыл алуучу мамлекетке ташып кире алат жана андан ташып чыгара алат же анын аймагында колдоно алат. ЭИТБ тарабынан мүлк, материалдар, башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк юридикалык жактарга (башкалардын арасында Кабыл алуучу мамлекеттин илимий уюмдарына) өткөрүп берилиши мүмкүн жана кандайдыр-бир тарифсиз, салыктарсыз, бажы алымдарсыз, импортко салыксыз, кошумча наркка салыксыз (КНС) жана башка ушундай салыктарсыз жана алымдарсыз ЭИТБга жана ушундай товарлар берилген же өткөрүлүп берилген жактарга таандык боло алат же ЭИТБ же көрсөтүлгөн адамдар колдоно алат;
(d) Кабыл алуучу мамлекеттин жарандары болуп саналбаган Борбордун кызматкерлери Кабыл алуучу мамлекетте жеке адамдардан алынуучу киреше салыгынан бошотулат;
(e) Борбордун ишине байланыштуу юридикалык жактар, анын ичинде Кабыл алуучу мамлекеттин илимий уюмдары алуучу финансылык каражаттар Кабыл алуучу мамлекетте салык салынууга жатпайт;
(f) Борбордун ишине байланыштуу жеке жактар алуучу финансы каражаттары салык салынуучу алардын жыйынды кирешесине кирбейт;
(ii)
(а) Борбор, өкмөттөр, өкмөттөр аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар Борбор жана анын иши менен байланыштуу Кабыл алуучу мамлекеттин валютасынан башка каражаттарды Кабыл алуучу мамлекетке же андан чектөөсүз которууга укуктуу. Кабыл алуучу мамлекетке которулган жалпы сумманын чектеринде кимиси болбосун мындай которууларды жүргүзүүгө укуктуу.
(b) Борборду жана өз ишин финансылоо үчүн Борбор өз атынан, ошондой эле ii пунктунун (а) пунктчасында айтылган түзүмдөрдүн тапшырмасы боюнча Кабыл алуучу мамлекеттин ички валюталык рыногунда чет өлкөлүк валютаны сатууга укуктуу.
(iii)
Борбордун кайсы-бир ишине катышуучу жана Кабыл алуучу мамлекеттин жараны болуп саналбаган Кабыл алуучу мамлекеттин уюмдарынын кызматкерлери Кабыл алуучу мамлекетке ташып киргизилүүчү, андан ташып чыгарылуучу же анын аймагында мындай кызматкерлер же алардын үй-бүлө мүчөлөрү жеке пайдалануудагы мүлккө же үй тиричилик буюмдарына карата кандайдыр-бир бажы алымдарынан же төлөмдөрдөн бошотулат.
11-БЕРЕНЕ.
(A) Кабыл алуучу мамлекетте ЭИТБ, анын активдери жана мүлкү юрисдикцияга жана аткарылышына карата иммунитетке ээ, буга ЭИТБ өзү иммунитеттен баш тарткан конкреттүү учурлар кирбейт.
(B) Борбор ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн максаттарда гана артыкчылыктарга жана иммунитетке ээ.
(C) Бул Берененин жоболору колдонулган эл аралык макулдашууларга же кайсы-бир мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык компенсация алууга же ордун толтурууга тоскоол болбойт.
(D) (А) параграфтагы эч нерсе Кабыл алуучу мамлекеттин жарандарына карата соттук териштирүүлөрдөн же доолордон же Кабыл алуучу мамлекеттин аймагында туруктуу жашаган адамдарга карата доолордон бошотуу катары чечмелениши мүмкүн эмес.
12-БЕРЕНЕ.
(А) Борбордун персоналына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө Кабыл алуучу мамлекетте башкалардын арасында, адатта башка эл аралык уюмдардын кызматкерлерине берилүүчү артыкчылыктар жана иммунитеттер берилет, тактап айтканда:
(i) өзүнүн расмий ыйгарым укуктарынын чегинде айтылган же жазылган, көрүлгөн кандай болбосун аракеттерге карата жазык, жарандык жана административдик юрисдикцияны кошо алганда, аресттен, кармоодон жана соттук териштирүүлөрдөн иммунитет;
(ii) кирешеге кандай болбосун салыктардан, социалдык камсыздандыруудан же башка салыктардан, алымдардан же башка төлөмдөрдөн бошотуу, буга товарлардын наркына киргизилген же кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдөр кирбейт; социалдык камсыздандырууга тиешелүү жоболордун сакталышынан иммунитет;
(iii) социалдык камсыздандырууга тиешелүү жоболордун сакталышынан иммунитет;
(iv) иммиграциялык чектөөлөрдөн же чет элдиктерди каттоодо иммунитет;
(v) кызмат ордуна алгач киришүүдө алардын эмеректерин жана жеке мүлкүн ташып кирүүгө укук - Кабыл алуучу мамлекетте кандай болбосун тарифтерден, салыктардан, бажы алымдарынан, импортко салыктан жана ушундай башка салыктардан жана төлөмдөрдөн эркин.
Ушул Берененин (i) пунктчасынын жоболору а) Борбордун персоналынын мүчөлөрү тарабынан бекитилген келишимден келип чыгуучу жарандык доого карата колдонулбайт, ал боюнча алар Борбордун агенти же болбосо b) үчүнчү Тарап катары Кабыл алуучу Мамлекетте жол транспорттук каражат менен болгон кырсыктын кесепетинен келтирилген зыян үчүн өздөрүнө түздөн-түз же кыйыр түрдө милдеттенмелерди алышкан эмес.
(B) Башкаруучулар кеңешине кирген Тараптардын өкүлдөрүнө, аткаруучу директорго, директордун орун басарына Кабыл алуучу мамлекеттин өкмөтү ушул Берененин (А) жана (В) пункттарында саналып өткөн артыкчылыктарга жана иммунитетке кошумча эл аралык укукка ылайык катышуучу мамлекеттердин өкүлдөрүнө жана эл аралык уюмдардын административдик жетекчилерине адатта кабыл алуучу тарап берүүчү артыкчылыктарды жана иммунитетти, алып коюу жана жеңилдиктерди берет.
(C) Ушул Макулдашуудагы эч нерсе Кабыл алуучу мамлекеттин өкмөтүнөн ушул Берененин (А) жана (В) пункттарында каралган артыкчылыктарды жана иммунитеттерди анын жарандарына же анда туруктуу жашаган адамдарга берүүнү талап кылбайт.
(D) Ушул Макулдашуудагы эч нерсе башка макулдашууларга ылайык персоналга берилүүчү А жана В пункттарында көрсөтүлгөн артыкчылыктарды, иммунитеттерди жана башка жеңилдиктерди басмырлоо катары чечмелениши мүмкүн эмес.
13-БЕРЕНЕ.
(A) Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Грузия, Казахстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Тажикстан Республикасы ушул Макулдашуунун 8, 9 (С) жана 10-12-беренелеринде Кабыл алуучу мамлекет үчүн каралган милдеттенмелерди сактоого милдеттенишет.
(B) Бул Макулдашууга кошулууну каалаган кандай болбосун мамлекет ал күчүнө киргенден кийин бул туурасында Аткаруучу директор аркылуу Башкаруучулар кеңешине билдирет. Башкаруучулар кеңеши мындай мамлекетке Аткаруучу директор аркылуу ушул Макулдашуунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берет. Башкаруучулар кеңеши жактыргандан кийин мындай мамлекет ушул Макулдашууга кошулууга укуктуу. Бул Макулдашуу мындай мамлекет үчүн анын кошулгандыгы жөнүндө Башкаруучулар кеңешине сактоого документти берген күндөн кийинки 30-күнү (отузунчу) күчүнө кирет. МЖК колдонууга карата технологияларга, эксперттик билимдерге жана аны менен байланыштуу материалдарга жана тажрыйбага ээ болгон ушул Макулдашууга кошулуп жаткан бардык мамлекеттерге ЭИТБ ишин алардын аймагында жүзөгө ашырууга уруксат берүү үчүн (бул алардын кошулгандыгы жөнүндө документте чагылдырылат) ушул Макулдашууга кошулуунун негизинде Кабыл алуучу мамлекет үчүн бул Макулдашуунун 8, 9 (С) жана 10-12-беренелеринде каралган милдеттенмелер жайылтылат.
14-БЕРЕНЕ.
(A) Бул Макулдашуунун күчү ал күчүнө киргенден эки жыл өткөндөн кийин Тараптар тарабынан кайра каралууга жатат. Мындай кароодо Тараптардын алынган финансылык милдеттенмелери жана төлөмдөрү эске алынат.
(B) Бул Макулдашууга өзгөртүүлөр Тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдашуусунун негизинде киргизилиши мүмкүн, буга Тараптын бул Макулдашууга катышуудан баш тарткан же (С)-беренесине ылайык ушул Макулдашууга катышуудан өзүнүн баш тартуу ниетин билдирген учурлар кирбейт. Эгерде катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирме берген Тарап катышуудан өзүнүн баш тартуусун ал күчүнө киргенге чейин жокко чыгарса, анда ага ушул Макулдашууга киргизилген жана бул Тараптын катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирмени берген датадан кийин күчүнө кирген кандай болбосун өзгөртүүлөргө ылайык милдеттенмелер жайылтылат.
(C) Тараптардын кимиси болбосун башка Тарапка жазуу жүзүндө билдирме берген учурдан тартып кеминде алты айдан кийин ушул Макулдашуудан чыга алат.
15-БЕРЕНЕ.
(A) Бул Макулдашууну колдонууга же чечмелөөгө тийиштүү ар кандай маселелер же талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда кеңешүүгө жатат.
(B) Эгерде маселени консультация жолу менен чечүүгө мүмкүн болбосо, бардык кызыкдар Тараптар аны макулдашуучу жол-жобо, арачылык же арбитраж сыяктуу талаш-тартыштарды жөнгө салуунун башка түрү үчүн өткөрүп берүү жөнүндө биргелешкен чечим кабыл ала алышат.
16-БЕРЕНЕ.
Бул Макулдашуудагы эч нерсе ЭИТБнын иштеп жаткан региондук бөлүмдөрүнүн ишин камтыган 1992-жылдагы Макулдашуу менен адегенде каралган өкмөттөр аралык уюм катары ЭИТБ ишин андан ары ишке ашыруу үчүн тоскоолдуктарды түзүүгө багытталбайт жана ЭИТБнын контракттарынын, гранттарынын же башка юридикалык документтеринин же макулдашууларынын аныктыгына таасир көрсөтпөйт, буга ушул Макулдашууда атайын айтылган учурлар кирбейт.
17-БЕРЕНЕ.
(A) Бул Макулдашуу бир Тарап катары чыгуучу Европа союзу менен Евратом, Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Грузия, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Норвегия Королдугу, Корея Республикасы, Америка Кошмо Штаттары, Тажикстан Республикасы жана Япония үчүн кол коюуга ачык.
(B) Бул Макулдашуу ратификацияланууга, кабыл алынууга же кубаттоого жатат. Ратификациялоо, кабыл алуу же кубаттоо жөнүндө документтер Депозитарийге сактоого өткөрүлүп берилет.
(C) Төмөндө саналып өткөн шарттардын акыркысы аткарылган күн бул Макулдашуунун күчүнө кирген күнү болуп саналат:
(i) ушул берененин (А) пунктунда саналып өткөн мамлекеттердин жана Тараптын бири катары аракеттенген Европа союзунун жана атом энергиясы боюнча Европа коомдоштугунун бири-бирин ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн бардык зарыл ички жол-жоболорду аткаруу аяктагандыгы жөнүндө акыркы билдирме берген күн (буга Макулдашууну убактылуу аткаруу жөнүндө протоколго катышуудан өзүнүн чыгуусун Макулдашууну убактылуу аткаруу жөнүндө протоколдун III беренесине ылайык жазуу жүзүндө билдирме берген бир Тарап катары аракеттенген кайсы болбосун өзүнчө мамлекет же Европа союзу жана атом энергиясы боюнча Европа коомдоштугу кирбейт);
(ii) Макулдашууну убактылуу аткаруу жөнүндө протоколго катышуудан чыгуу жөнүндө Россия Федерациясынын чечими күчүнө кирген күн;
(iii) каалаган башка мамлекет же мамлекеттер жана Тараптардын бири катары аракеттенген Европа союзу жана атом энергиясы боюнча Европа коомдоштугу Макулдашууну убактылуу аткаруу жөнүндө протоколго катышуудан чыгуу жөнүндө Макулдашууну убактылуу аткаруу жөнүндө протоколдун III беренесине ылайык жазуу жүзүндө билдирме бергенден кийин Макулдашууну убактылуу аткаруу жөнүндө протоколго катышуудан чыгуу жөнүндө кабыл алган чечим күчүнө кирген күн.
(С) Бул Макулдашуу күчүнө кирген соң Макулдашууну убактылуу аткаруу жөнүндө Протоколдун күчүн жокко чыгарат. Бул учурда Тараптар 1992-жылдагы Макулдашуунун убактылуу аткарылышын токтотот.
18-БЕРЕНЕ.
Бул Макулдашуунун депозитарийи болуп Борбордун Катчылыгы саналат. Депозитарийге жиберилүүчү бардык билдирүүлөр Аткаруучу директорго жөнөтүлөт. Депозитарий мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын ортосунда же эл аралык уюмдардын ортосундагы келишимдердин укугу жөнүндө Вена конвенциясынын 78-беренесинин 1-пунктунда, өзгөчө анын (b), (е), (f) H(g) пунктчаларында саналып өткөн депозитарийдин ролун аткарат.
УШУНУ ЫРАСТОО ҮЧҮН, төмөндө ага тиешелүү түрдө ыйгарым укуктуу кол коюучулар ушул Макулдашууга кол коюшту.
________________ шаарында "__" _____________-жылы англис, армян, грузин, казак, корей, кыргыз, немец, норвеж, орус, тажик, француз жана япон тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ар кайсы тилдеги эки же андан көп тексттердин ортосунда карама-каршылыктар болгондо англис тили артыкчылыкка ээ.