Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 15-июлу № 320-б
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Грузиянын Ички иштер министрлигинин ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Грузиянын Ички иштер министрлигинин ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Грузиянын Ички иштер министрлиги мындан ары Тараптар деп аталып,
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу жаатындагы мамилелерди колдоо жана өнүктүрүү боюнча ниеттерин көңүлгө алып,
теңчиликтин жана өз ара пайда көрүүнүн негизинде Тараптар ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүнү каалап,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашышты:
1-берене.
Ушул Меморандумду ишке ашыруу Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
2-берене.
Тараптар өздөрүнүн компетенциясынын алкагында кызматташтыкты төмөнкү чөйрөлөрдө жүзөгө ашырышат:
- табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды башкарууда жана табигый кырсыктардын коркунучун кыскартууда тажрыйба алмашуу;
- байланышты камсыз кылуу, кабарлоо жана өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучу жөнүндө жана келип чыккан убакта калкка маалымдоо боюнча тажрыйба алмашуу;
- ири көлөмдөгү өзгөчө кырдаалдар жана алардын кесепеттери жөнүндө статистикалык маалыматтарды, мезгилдүү басылмаларды, методикалык, илимий жана техникалык адабияттарды, илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын, видео жана сүрөт материалдарын алмашуу;
- заманбап технологияларды ишке киргизүү жаатында тажрыйба алмашуу;
- биргелешип пландаштыруу, биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- биргелешкен семинарларды, конференцияларды, кеңешмелерди жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу маселелери боюнча курстарды уюштуруу жана өткөрүү;
- Тараптардын билим берүү мекемелеринде адистерди окутуу, квалификациясын жогорулатуу, өзгөчө кырдаалдарды башкаруу чөйрөсүндө өз ара стажировкаларды өткөрүү;
- табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуда өз ара аракеттенүүлөрдү уюштуруу боюнча биргелешкен машыгууларды өткөрүү;
- зарыл учурда өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда өз ара жардам көрсөтүү;
- Тараптардын компетенциясынын алкагында башка маселелер боюнча кызматташуу.
3-берене.
Ушул Меморандум Тараптар же Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерден келип чыккан Тараптардын укуктарын жана милдеттерин козгобойт.
4-берене.
Ушул Меморандумду ишке ашырууга байланыштуу чыгымдар Тараптар тарабынан ар бир конкреттүү учурда белгиленет.
5-берене.
Ушул Меморандумга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор өз алдынча протоколдор аркылуу киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
6-берене.
Ушул Меморандумду колдонууга же чечмелөөгө байланыштуу талаш маселелер Тараптар ортосундагы консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
7-берене.
Ушул Меморандум кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет жана беш жылдын ичинде колдонулат. Ушул Меморандумдун иш мөөнөтү бүтөрүнө алты ай калган учурда бир Тарап экинчи Тарапты аны токтотуу ниети жөнүндө кабарлабаса, анын иш мөөнөтү автоматтык түрдө кийинки беш жылдык мезгилге узартылат.
201_-жылдын "__" __________ __________ шаарында үч түп нускада, ар бири кыргыз, грузин жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Эгерде ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыкса, орус тилиндеги текстине артыкчылык берилет.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн | Грузиянын Ички иштер министрлиги үчүн | |
___________________________ | ___________________________ | |
Кубатбек Боронов | Гиорги Мгебришвили |