Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 14-июлу № 314-б
Кыргыз-казакстандык өкмөттөр аралык кеңешинин алтынчы жыйынынын Протоколунун долбоорун талкуулоо боюнча сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы 2016-жылдын 14-16-июлунда Казакстан Республикасынын Астана шаарына жиберилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз-казакстандык өкмөттөр аралык кеңешинин алтынчы жыйынынын Протоколунун долбоорун талкуулоо боюнча сүйлөшүүлөргө катышуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын КУРАМЫ
Панкратов Олег Михайлович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын башчысы; |
Кемелова Динара Амантуровна | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары; |
Усупов Усен Макаевич | - | Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигиндеги өкүлү; |
Ахметова Нурсулу Меирбековна | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси; |
Айдарбеков Айбек Акматбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; |
Сазбаков Алмаз Замирбекович | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; |
Осоев Эркинбек Арстанбекович | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин орун басары; |
Керималиев Жаныбек Калканович | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары; |
Асанбаев Алмаз Жолчуевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары; |
Исаев Амангелди Сапарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Калиев Айбек Рыспекович | - | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Исабеков Тилек Асанакунович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директорунун орун басары; |
Урмат уулу Мират | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти; |
Толубаев Таалайбек Матмусаевич | - | "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Айткулов Медетбек Ашыркулович | - | "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Дусумбаев Нурлан Джапсарбаевич | - | "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын экономика, стратегиялык өнүктүрүү жана тариф саясаты башкармалыгынын начальниги; |
Исмаилова Чолпон Нурбековна | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи саясий департаментинин биринчи катчысы; |
Тургунбаева Асель Абдыракмановна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, Кеңештин жооптуу катчысы. |