Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 146-т тескемесине ылайык 2016-ЖЫЛДЫН 8-ИЮЛУНАН ТАРТЫП КОЛДОНУЛУШУ ТОКТОТУЛДУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

 2016-жылдын 8-июлу № 307-б

Жүн тармагын сактап калуу жана өнүктүрүү, "Кыргыз камволдук-нооту комбинаты" ачык акционердик коомуна берилген мамлекеттик карыз каражаттардын төлөнүшүн камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. "Кыргыз камволдук-нооту комбинаты" ачык акционердик коомунун 1997-жылдын 1-январындагы Карыздык милдеттенме жана 1997-жылдын 1-мартындагы Карыздык милдеттенме боюнча карызын "Касиет" камволдук-ийрүү фабрикасы" жоопкерчилиги чектелген коомуна которууга макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- "Касиет" камволдук-ийрүү фабрикасы" жоопкерчилиги чектелген коому менен төмөнкүдөй шарттарда карыздык милдеттенмелерди түзсүн:

карыздын негизги суммаларын төлөө мөөнөтү квартал сайын бирдей төлөмдөр менен 2018-жылдын 15-декабрынан баштап 2030-жылдын 15-декабрына чейин белгиленсин;

кредиттерди пайдалангандыгы үчүн акы жылдык 2,5 пайыз өлчөмдө, төлөй баштоо 2018-жылдын 15-декабрынан баштап 2030-жылдын 15-декабрына чейин белгиленсин;

ушул буйрукка кол коюлган датага карата төлөнө элек эсептелген пайыздар жана салынган айыптар капиталдаштырылсын, мында капиталдаштырылган пайыздар квартал сайын бирдей төлөмдөр менен 2030-жылдын 15-декабрынан баштап 2035-жылдын 15-декабрына чейин, пайыздарды кошуп эсептебестен төлөнсүн;

негизги сумма жана пайыздар боюнча төлөө мөөнөттөрү кечиктирилсе, төлөө мөөнөтү кечиктирилген төлөмдүн суммасынын жылдык 5 пайыз өлчөмүндө айыптык санкция белгиленсин;

негизги сумма боюнча жана учурдагы кошуп эсептелген пайыздар боюнча карыз 2030-жылдын 15-декабрына чейинки мөөнөттө толук төлөнсө, капиталдаштырылган пайыздар боюнча карыз төлөндү деп эсептелсин;

- эки айлык мөөнөттө "Касиет" камволдук-ийрүү фабрикасы" жоопкерчилиги чектелген коому менен күрөө жөнүндө келишим түзсүн;

- "Касиет" камволдук-ийрүү фабрикасы" жоопкерчилиги чектелген коому менен күрөө жөнүндө келишим түзүлгөндөн кийин, "Кыргыз камволдук-нооту комбинаты" ачык акционердик коому күрөөгө койгон мүлккө салынган тыюу жогоруда аталган Карыздык милдеттенме боюнча карызды камсыздоонун эсебинде белгиленген тартипте алып салынсын;

- "Касиет" камволдук-ийрүү фабрикасы" жоопкерчилиги чектелген коому карыздык милдеттенменин шартын бузган учурда карыздын баардык суммасын мажбурлап төлөтүүгө киришсин.

3. "Касиет" камволдук-ийрүү фабрикасы" жоопкерчилиги чектелген коомуна сунуш кылынсын:

- ушул буйрукка кол коюлган күндөн баштап эки айлык мөөнөттө күрөө жөнүндө келишим түзүү менен кредиттердин төлөнөөрүн кепилдеген күрөөлүк камсыздоону Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берүү;

- ишкананын жүн жана жүн аралаш кездемелерди жана трикотаж буюмдарды өндүрүү боюнча багытын өнүктүрүүнү жана сактоону камсыздоо.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жана өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков