Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 15-июлу № 321-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-октябрындагы № 430-б буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруу боюнча 2013-2017-жылдар мезгилине биринчи кезектеги иш-чаралар планынын 10-пунктун акткаруу максатында, "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21 -беренесине ылайык:
Кыргызстан элинин Ассамблеясынын 2020-жылга чейинки өнүктүрүү концепциясынын долбоорун талкуулоого арналган Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Кеңешинин жана Президиумунун жыйынын, тегерек столду, конференцияларды жана кеңешмелерди уюштуруу жана өткөрүү үчүн Кыргызстан элинин Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 200 000 (эки жүз миң) сом бөлүнсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |