Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 30-июну № 300-б
Саламаттык сактоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Калктын саламаттыгын сактоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2016-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралардын планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-чаралардын планын аткарууга жооптуу мамлекеттик органдар:
- Иш-чаралардын планын милдеттүү аткарууну белгиленген тартипте камсыз кылышсын;
- ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча, отчёттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Иш-чаралардын планын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча, отчёттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү тууралуу жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
2016-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралардын ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралардын аталышы | Күтүлүүчү жыйынтыктар | Аткаруучулар | Аткаруу мөөнөтү | Каржылоо булактары |
1. Үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарын башкаруу жана каржылоо механизмдерин өркүндөтүү | |||||
1 | Үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын ишин регламенттөөчү ченемдик укуктук актыларды (уставдарды, жоболорду) талдоо (профилдүү оорулары бар пациенттерди саламаттык сактоонун бардык деңгээли боюнча тейлөө маселелерин милдеттерине киргизүү менен) | Аралыктагы индикатор: - талдоо жүргүзүлгөн ченемдик укуктук актылардын тизмеги; - жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча аналитикалык маалымат; - оорулардын түрлөрү боюнча биринчи, экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын ишин координациялоого карата ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча иштелип чыккан сунуштар. Акыркы индикатор: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоору | ССМ, ММКФ | 2017-жылдын I кварталы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин алкагында |
2 | Биринчи жана экинчи деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын ишин координациялоого кетүүчү чыгымдарды эске алуу менен саламаттык сактоонун үчүнчү деңгээлиндеги уюмдарын каржылоонун ченемдерин кайра карап чыгуу | Арадагы индикатор: - координациялоо кызматын кармоону эске алуу менен үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо ченемдерин өзгөртүү боюнча эсептөөлөр. Акыркы индикатор: - Үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында ишти координациялоо үчүн кызматты түзүү жөнүндө ССМнын жана ММКФнын чечими | ССМ, ММКФ | 2017-жылдын I кварталы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин алкагында (ММКФ) |
3 | Биринчи жана экинчи деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын ишин координациялоо үчүн үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында штаттык бирдиктерди киргизүү | Арадагы индикатор: - координациялоо милдетин аткаруу үчүн каражаттарга муктаждыкты баалоо. Акыркы индикатор: - биринчи жана экинчи деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарын координациялоо кызматын кармоого үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарындагы чыгашалардын сметасы жана штаттык ырааттамасы бекитилген | ССМ, ММКФ | 2017-жылдын I кварталы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин алкагында (ММКФ) |
4 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик кепилдиктерди аткарууга бюджеттик каржылоо үлүшү менен мамлекеттик мекеменин статусун сактап, өзүн-өзү каржылоого өткөрүү аркылуу саламаттык сактоонун үчүнчү деңгээлиндеги адистештирилген уюмдарына финансылык жана башкаруучулук автономия берүү | Арадагы индикатор: - саламаттык сактоо уюмдарынын статусу, уюштуруу-укуктук формасына тиешелүү маселелерди жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларга талдоо жүргүзүү; - үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарын пилоттук режимде өзүн-өзү каржылоого өткөрүү. Акыркы индикатор: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик кепилдиктерди аткарууга бюджеттик каржылоо үлүшүн жана мамлекеттик мекеменин статусун сактоо менен өзүн-өзү каржылоого өткөрүү аркылуу үчүнчү деңгээлдеги айрым саламаттык сактоо уюмдары тууралуу бекитилген типтүү жоболор | ССМ, ФМ, ММКФ, Монополияга каршы агенттик | 2017-жылдын II кварталы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин жана калктын кошумча төлөмдөрүнүн алкагында (ММКФ) |
2. Калкка медициналык жардам көрсөтүү үчүн адистештирилген нефрологиялык кызматты түзүү | |||||
5 | Калкка медициналык жардам көрсөтүү үчүн адистештирилген нефрологиялык кызматты түзүү | Арадагы индикатор: - кырдаалга талдоо жүргүзүү жана калкка медициналык жардам көрсөтүү үчүн адистештирилген нефрологиялык кызматты түзүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн адистештирилген нефрологиялык кызматты түзүү жөнүндө чечиминин долбоорун иштеп чыгуу. Акыркы индикатор: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калкка медициналык жардам көрсөтүү үчүн адистештирилген нефрологиялык кызматты түзүү жөнүндө чечиминин долбоору | ССМ, ММКФ | 2017-жылдын III кварталы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин алкагында (ССМ, ММКФ) |
3. Бюджеттик каражаттарды чыгымдарды каржылоого максаттуу пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана шашылыш медициналык жардамга (ШМЖ) жетүүнү жакшыртуу | |||||
6 | ШМЖ кызматын кармоого каржылануучу бюджеттик каражаттардын пайдалануунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү | Арадагы индикатор: - ШМЖ кызматын, штаттык санды жана бир кызматкер менен ШМЖнын бир бригадасын кармоого каржылануучу бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун талдоо. Акыркы индикатор: - ШМЖнын штаттык санын түзүү үчүн ШМЖнын бир бригадасына иш жүктөмүнүн ченемдеринин долбоору | ССМ, ММКФ | 2017-жылдын I кварталы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин алкагында (ССМ, ММКФ) |
7 | ШМЖ кызматын бюджеттик каржылоонун ченемдерин жана ШМЖ бригадасынын иш жүктөмүнүн ченемдерин эсептөөнүн методикасын иштеп чыгуу | Арадагы индикатор: - ШМЖ кызматын бюджеттик каржылоонун ченемдерин эсептөөнүн методикасын иштеп чыгуу; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу. Акыркы индикатор: - "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 300 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоору; - ШМЖ станциясы жана бөлүмү жөнүндө жобонун долбоору | ССМ, ММКФ | 2017-жылдын II кварталы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин алкагында (ССМ, ММКФ) |
8 | Республиканын региондорунда ШМЖ станциялары менен бөлүмдөрүнүн уюштуруу түзүмүнүн жана ишинин натыйжалуулугун баалоо, республика боюнча ШМЖнын ишин координациялоо кызматын түзүү жөнүндө сунуштарды даярдоо | Арадагы индикатор: - ШМЖ станциялары менен бөлүмдөрүндө уюштуруу түзүмүнүн, эмгек акы төлөөнүн жана ишинин натыйжалуулугун талдоо; - республикалык деңгээлде ШМЖнын ишин координациялоо кызматын түзүү боюнча иштелип чыккан сунуштар. Акыркы индикатор: - республика боюнча ШМЖ кызматынын тармактык жана уюштуруу түзүмүн оптималдаштыруу программасы; - республика боюнча ШМЖ станциялары менен бөлүмдөрүн жайгаштырууну карталоо схемасы; - ШМЖ кызматкерлеринин эмгек акысын кайра карап чыгуу; - республикалык деңгээлде ШМЖ ишин координациялоо кызматын түзүү | ССМ, ММКФ | 2017-жылдын III кварталы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин алкагында (ССМ, ММКФ) |
4. Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу | |||||
9 | АМСЖ деңгээлинде медициналык кызматкерлердин - бир багыттагы адистердин иш жүктөмүнүн ченемдерин оптималдаштыруу | Арадагы индикатор: - АМСЖ деңгээлиндеги медициналык кызматкерлерге - бир багыттагы адистерге иш жүктөмүн оптималдаштыруунун жыйынтыгы боюнча аналитикалык маалымат. Акыркы индикатор: - АМСЖ деңгээлинде медициналык кызматкерлердин - бир багыттагы адистердин иш жүктөмүнүн ченемин эсептөө | ССМ, ММКФ | 2017-жылдын II кварталы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин алкагында (ССМ, ММКФ) |
10 | ҮМБ/ҮДТ жана АО деңгээлинде бир багыттагы адистердин ишинде кайталоону болтурбоо менен АО жана ҮМБ/ҮДТнын тармактык жана уюштуруу түзүмүн оптималдаштыруу | Арадагы индикатор: - АО жана ҮМБ/ҮДТ тармактык жана уюштуруу түзүмүнүн натыйжалуулугун талдоо; - АО жана ҮМБ/ҮДТ деңгээлинде бир багыттагы адистердин ишинде кайталоону болтурбоо боюнча иштелип чыккан сунуштар. Акыркы индикатор: - АО жана ҮМБ/ҮДТ тармактык жана уюштуруу түзүмүн оптималдаштыруу программасынын долбоору | ССМ, ММКФ | 2017-жылдаш III кварталы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин алкагында (ССМ, ММКФ) |
11 | Пациенттерди үй шартында барып көргөндүгү үчүн ҮДТнын медициналык кызматкерлеринин эмгек акысына үстөк акы киргизүү | Арадагы индикатор: - ҮМБ/ҮДТ тармактык жана уюштуруу түзүмүн оптималдаштыруунун натыйжасында бошотулган финансы каражаттарын баалоо жана ҮМБ чыгымдарынын сметасын түзүү тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизүү; - пациенттерди үй шартында барып көргөндүгү үчүн ҮМБнын медициналык кызматкерлеринин эмгек акысына үстөк акы киргизүүгө карата каражаттарга болгон муктаждыкты баалоо. Акыркы индикатор: - пациенттерди үй шартында барып көргөндүгү үчүн ҮДТнын медициналык кызматкерлеринин эмгек акысына үстөк акы киргизүү | ССМ, ММКФ | 2017-жылдын II кварталы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин алкагында (ССМ, ММКФ) |
12 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 300 "Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы медициналык-санитардык жардамды каржылоо методдорун оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна ҮМБ түзүмүндөгү ҮДТны кармоого чыгымдардын сметасын түзүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү | Арадагы индикатор: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу. Акыркы индикатор: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоору | ССМ, ММКФ, ҮДТА (макулдашуу боюнча) | 2017-жылдын III кварталы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин алкагында (ССМ, ММКФ) |
13 | Үй-бүлөлүк дарыгер жөнүндө типтүү жобонун долбоорун жана Үй-бүлөлүк дарыгерлерди даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун программасын кайра карап чыгуу жана иштеп чыгуу менен үй-бүлөлүк дарыгерлердин квалификациялык талаптарына даярдык деңгээлинин шайкештигин аныктоо | Арадагы индикатор: - ҮДТ медициналык кызматкерлерине ССМ бекиткен квалификациялык талаптарга ылайыктыгына аттестациялоо өткөрүү; - Үй-бүлөлүк дарыгер жөнүндө типтүү жобонун жана Үй-бүлөлүк дарыгерлерди даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун программасынын долбоорлорун кайра карап чыгуу жана иштеп чыгуу. Акыркы индикатор: - ССМ бекиткен квалификациялык талаптарга шайкеш келүүчү ҮДТнын медициналык кызматкерлеринин саны; - Үй-бүлөлүк дарыгер жөнүндө типтүү жобонун долбоорун жана Үй-бүлөлүк дарыгерлерди даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун программасын бекитүү жөнүндө ССМнин чечими | ССМ | 2017-жылдын III кварталы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин алкагында (ССМ, ММКФ) |
5. Калктын жеңилдик берилген категориясы үчүн Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында каржылоону сактоо менен стоматологиялык поликлиникаларды жарым-жартылай өзүн-өзү каржылоого өткөрүү | |||||
14 | Өзгөрүлгөн шарттарды эске алуу менен стоматологиялык кызмат жөнүндө (айрым стоматологиялык бейтапканалар, ҮМБда стоматологиялык бөлүмдөр/кабинеттер) типтүү жобонун долбоорун иштеп чыгуу | Арадагы индикатор: - стоматологиялык кызмат (айрым стоматологиялык бейтапканалар, ҮМБда стоматологиялык бөлүмдөр/кабинеттер) жөнүндө типтүү жобонун долбоорун иштеп чыгуу Акыркы индикатор: - стоматологиялык кызмат (айрым бир стоматологиялык бейтапканалар, ҮМБда стоматологиялык бөлүмдөр/кабинетттер) жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу ССМдин чечими | ССМ, ММКФ | 2017-жылдын I кварталы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин алкагында (ССМ, ММКФ) |
6. Саламаттык сактоо уюмдарын - стационарларды (АО, ОВО, УГ) башкаруу системасын оптималдаштыруу | |||||
15 | Базалык (жалпы профилдүү) ооруларды башкаруу боюнча Улуттук госпиталдын (УГ) Аймактык ооруканалар (АО) жана Облустук бириктирилген ооруканалар (ОБО) менен болгон вертикалдуу өз ара аракеттерин киргизүү | Арадагы индикатор: - УГнын АО жана ОБО менен вертикалдуу өз ара аракеттерин уюштуруу боюнча чаралар программасына карата иштелип чыккан сунуштар; - мониторинг жана маалыматтарды топтоо үчүн АО жана ОБО ишин баалоонун базалык көрсөткүчтөрүнүн тизмегин иштеп чыгуу Акыркы индикатор: - УГнын АО жана ОБО менен болгон вертикалдуу өз ара аракеттерин уюштуруу боюнча чаралар программасы; - АО жана ОБО ишинин учурдагы мониторингин уюштуруу боюнча практикалык колдонмо жана көрсөткүчтөрдүн системасы | ССМ, ММКФ | 2017-жылдын III кварталы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин алкагында (ССМ, ММКФ) |
7. Калкка медициналык-социалдык жана паллиативдик жардам көрсөтүүнү өнүктүрүү | |||||
16 | Калкка медициналык-социалдык жана паллиативдик жардам көрсөтүүнү өнүктүрүү боюнча программаны иштеп чыгуу | Арадагы индикатор: - терминалык деңгээлдеги бейтаптарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө медициналык-социалдык жана паллиативдик жардам көрсөтүү боюнча чаралардын программасынын долбоорун иштеп чыгуу; - медициналык-социалдык жана паллиативдик жардамды уюштуруу жөнүндө типтүү жобонун долбоорун иштеп чыгуу; Акыркы индикатор: - калкка медициналык-социалдык жана паллиативдик жардам көрсөтүүнү өнүктүрүү программасынын долбоору; - калкка медициналык-социалдык жана паллиативдик жардамды уюштуруу жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу ССМнин чечими | ССМ, ММКФ, ЭСӨМ | 2018-жылдын II кварталы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин алкагында (ССМ, ММКФ) |
8. Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнө региондордогу калктын жетүүсүн жакшыртуу | |||||
17 | Кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн региондук квоталоо механизмдерин жана калк үчүн күтүү баракчаларын пайдалануу менен ЖТФ каражаттарынын эсебинен калкка көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрү үчүн төлөмдү киргизүү | Арадагы индикатор: - калкка көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрү үчүн кызмат көрсөтүүчүлөр менен эсептешүү механизмдерин өркүндөтүү; - калкка көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүн кызмат көрсөтүүчүлөр жана региондор боюнча квоталоо механизмдерин иштеп чыгуу. Акыркы индикатор: - ЖТФ каражаттарынын эсебинен калкка медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүн көрсөтүүнүн механизмдери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими | ССМ, ММКФ | 2017-жылдын II кварталы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин алкагында (ССМ, ММКФ) |
9. Бирдиктүү төлөөчү системасындагы саламаттык сактоо уюмдарын каржылоону Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу (БММК) принциптерине өткөрүү | |||||
18 | Бирдиктүү төлөөчү системасындагы саламаттык сактоо уюмдарын бир каналдуу каржылоону жүргүзүү үчүн республикалык бюджет менен ММК каражаттарын бириктирүү боюнча чараларды иштеп чыгуу | Арадагы индикатор: - БММК каражаттарынан саламаттык сактоо уюмдарынын чыгымдарынын бириктирилген сметасын түзүү жана пайдалануу тартибин иштеп чыгуу. Акыркы индикатор: - БММК шартында чыгымдардын бириктирилген сметасын түзүү жана аткаруу тартиби, саламаттык сактоо уюмдарынын отчётторунун формасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоору | ССМ, ФМ, ММКФ | Этап-этабы менен, 2018-жылдын II кварталында аякташы менен | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин алкагында (ССМ, ММКФ) |
10. Жеке менчиктеги саламаттык сактоо уюмдарын Мамлекеттик кепилдиктер программасын аткарууга тартуу үчүн шарттарды түзүү | |||||
19 | Бирдиктүү төлөөчүнүн системасында МКПны аткаруучу саламаттык сактоонун жеке менчиктеги уюмдарын каржылоонун механизмдерин аныктоо | Арадагы индикатор: - жеке менчиктеги саламаттык сактоо уюмдарынын ишин регламенттөөчү ченемдик укуктук актыларды талдоо; - Бирдиктүү төлөөчүнүн системасында МКПны аткаруучу саламаттык сактоонун жеке менчиктеги уюмдарын каржылоонун механизмдерин өркүндөтүү боюнча иштелип чыккан сунуштар. Акыркы индикатор: - МКПны аткарууга жеке менчиктеги саламаттык сактоо уюмдарын этап-этабы менен Бирдиктүү төлөөчүнүн системасына тартуу программасынын долбоору | ММКФ, ССМ, | 2017-жылдын IV кварталы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин алкагында (ССМ, ММКФ) |
11. Жогорку медициналык билим берүү мекемелерин каржылоонун механизмдерин өркүндөтүү | |||||
20 | Жогорку медициналык билим берүү мекемелеринде бир студенттин окуу наркын каржылоонун методикасын жана стандарттар шкаласын иштеп чыгуу | Арадагы индикатор: - медициналык ЖОЖдорду бюджеттик жана бюджеттен тышкары каржылоону талдоо; - адистиктер жана окуу курстары боюнча медициналык ЖОЖдордун студенттеринин санына, ошондой эле медициналык ЖОЖдордун студенттери менсн окутуучуларынын адистиктери жава окуу курстары боюнча окуу жүктөмүнө талдоо жүргүзүү; - медициналык ЖОЖдордогу адистиктер жана окуу курстары боюнча бир студентгин бир жылга орточо ченемдик чкпъшдарынын эсебин даярдоо. Акыркы индикатор: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоору | ССМ, ФМ, БИМ ЖОЖдор | 2017-жылдын IV кварталы | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин алкагында |
21 | Окуу жылында бир студентти каржылоонун стандартынын негизинде медициналык ЖОЖдорду каржылоонун пилоттук апробациясын өткөрүү | Арадагы индикатор: - бир жылда бир студентти каржылоонун стандартынын негизинде медициналык ЖОЖдорду каржылоонун пилоттук апробациясын өткөрүү жөнүндө иштелип чыккан сунуштар. Акыркы индикатор: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоору | ССМ, ФМ, БИМ | 2017-2018-жылдар | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин алкагында (ССМ, БИМ, ФМ) |
Кыскартуулардын тизмеси:
БММК | - | Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу |
Монополияга каршы агенттик | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик |
ҮДТ | - | үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги |
УГ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталь |
ММК | - | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу |
РБ | - | Республикалык бюджет |
ОБО | - | Облустук бириктирилген оорукана |
АМСЖ | - | Алгачкы медициналык-санитардык жардам |
МКП | - | Калкка медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн мамлекеттик кепилдиктер программасы |
АО | - | аймактык оорукана |
ММКФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
ЖТФ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фонду |
ҮМБ | - | үй-бүлөлүк медицина борбору |
ШМЖ | - | шашылыш медициналык жардам |
ҮДТА | - | Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун ассоциациясы |
ЖОЖ | - | жогорку окуу жайы |
БТ | - | Бирдиктүү төлөөчү |