Редакцияот 01.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

 2016-жылдын 1-августу № 349-б

Жол каттамдарын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. БАРЭК 1 жана 3-коридорлордун ортосундагы бириктирүүчү жолдун долбоору боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарынын протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков

 

 

Тиркеме

БАРЭК 1 жана 3-коридорлордун ортосундагы бириктирүүчү жолдун долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ

Айдаров Замирбек Казакбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри, расмий делегациянын башчысы.

Расмий делегациянын мүчөлөрү:

Баймуратов Калдарбек Шакирович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Жамангулов Акылбек Жекшенович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Нурбаев Абдывахап Мамадрасулович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Тиллаев Таабалды Гапырович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Мамбетов Турдубек Мамбетович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;

Муратбеков Канатбек Камбарбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;

Кайкиев Эмиль Абдыкалыевич

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;

Байгончоков Марланбек Конушбекович

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;

Сазбаков Алмаз Замирбекович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

Садакбаев Талант Усенкеевич

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча).