КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 4-августу № 355-б
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 421-б буйругунун редакциясына ылайык)
Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн алкагында берилген мамлекеттик зайымдык каражаттарды өз убагында кайтарууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн карыздарын кайтаруунун убактылуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен бирге азык-түлүк буудай данын топтоону жана данды кайра иштетүүчү ишканаларга ташып жеткирүүнү айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн эсебинен уюштурушсун.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 421-б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан берилген маалыматтардын негизинде 2017-жылдын түшүмүнүн азык-түлүк дан эгининин бардык класстарына бааларды аныктасын.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 421-б буйругунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте дан алуучулар менен төмөнкүдөй шарттарда карыздык милдеттенмелерди түзсүн:
- кайтаруу мөөнөтү - карыздык милдеттенмеге кол коюлган учурдан тартып 6 ай;
- жеңилдетилген мөөнөт - карыздык милдеттенмеге кол коюлган күндөн тартып 6 ай;
- өтүмдүү күрөө менен камсыздоону берүү;
- кайтаруу Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы - сом менен акчалай жүргүзүлөт;
- өз убагында төлөбөгөн учурда мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн 0,05 пайыз өлчөмүндө финансылык санкцияны (айыпты) салуу.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 421-б буйругунун редакциясына ылайык)
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |