Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 3-августу № 448
Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2016-жылдын 4-июлундагы № 3 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" чечимин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар комплексинин иш-чараларын аткаруу үчүн жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топтун мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишин регламенттөөчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоодо тейлеген мамлекеттик органдарынын ишин контролдошсун.
3. Жумушчу топко зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын жана мекемелердин адистерин ишке тартууга белгиленген тартипте укук берилсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилери жумушчу топтун ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
Жумушчу топтун КУРАМЫ
Разаков Жениш Парпиевич | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси; |
Сагынбаев Дамир Казакович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Аалиев Азиз Кубанычбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы; |
Шадыбеков Куванычбек Баймуратович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы; |
Джаманкулов Марат Тургунбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Маматканов Улан Эркинович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы. |