Редакцияот 02.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 2-августу № 350-б

Мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 438-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүгө келишим түзүүдө бюджеттик каражаттардын үнөмдөлгөн суммасын беренелер боюнча чагылдыруу аркылуу, казыналыктын автоматташтырылган маалыматтык системасы менен мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталын интеграцияласын;

- атайын каражаттарды, милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын жана кошумча төлөмдөрдү, ошондой эле улуттук коопсуздук жана жазык-аткаруу системасынын органдарынын каражаттарын кошпогондо, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн натыйжасында бюджеттик мекемелердин үнөмдөлгөн каражаттарын "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү оңдоолорду киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнчө чечими белгиленген тартипте кабыл алынганга чейин чыгымдардын экономикалык беренелерине карата функционалдык классификациялардын тиешелүү бөлүмдөрү боюнча "Жалпы мамлекеттик чыгымдар - кризиске каршы чаралар" казыналык эсебине топтоштурсун.

2. Республикалык бюджеттен каржылануучу министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдөн үнөмдөлгөн каражаттарды өз убагында чагылдырышсын жана белгиленген тартипте өзүнчө казыналык эсепке аларды топтоштуруу үчүн сметалык багыттоолорду өзгөртүү тууралуу маалымкат-билдирүүнү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришсин.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков