Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1053-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 13-апрели № 438-VI
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер С.Ш.Жээнбеков тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" № 10-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|