Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 1-августу № 432
Миграция маселелери боюнча координациялык кеңештин ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу жана регламенттөө максатында:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 6-майындагы № 254 буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт "тиркемеге" деген сөзгө чейин "1" цифрасы менен толукталсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Миграция маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.";
- жогоруда аталган буйруктун тиркемеси:
"тиркеме" деген сөзгө чейин "1" цифрасы менен толукталсын;
- Миграция маселелери боюнча координациялык кеңештин курамына:
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары А.Э.Усенов киргизилсин;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Д.Б.Сыдыков чыгарылсын;
- Ушул буйруктун тиркемесине ылайык 2-тиркеме менен толукталсын.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
"2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Миграция маселелери боюнча координациялык кеңеши жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Миграция маселелери боюнча координациялык кеңеши (мындан ары - Координациялык кеңеш) бирдиктүү миграциялык саясатты ишке ашыруу боюнча кызыкдар мамлекеттик органдардын макулдашылган иш-аракеттерин камсыз кылуу үчүн түзүлгөн ведомстволор аралык координациялык орган болуп саналат.
2. Координациялык кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Координациялык кеңеш жөнүндө жобо жана анын курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
2. Координациялык кеңештин милдеттери жана максаттары
4. Координациялык кеңештин максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын бирдиктүү мамлекеттик миграциялык саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдашылган чечимдерин жана иш-аракеттерин иштеп чыгуу, анын ичинде миграциялык процесстерин жөнгө салуу боюнча иш-аракеттерди координациялоо;
- миграция маселелери боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу механизмин иштеп чыгуу.
5. Координациялык кеңештин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү бөлүгүндө мамлекеттик органдардын, коомдук жана эл аралык уюмдардын сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ишин координациялоо;
- миграция чөйрөсүндөгү чараларды ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоо.
3. Координациялык кеңештин функциялары
6. Координациялык кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
- Кыргыз Республикасындагы миграциялык кырдаалдын абалына талдоо жүргүзөт жана бирдиктүү мамлекеттик миграциялык саясатты ишке ашыруу маселелери боюнча практикалык сунуштарды иштеп чыгат;
- мамлекеттик миграциялык саясатты, миграциялык процесстерди жөнгө салуу концепцияларын, миграция жаатындагы эл аралык келишимдерди ишке ашыруу бөлүгүндөгү мыйзамдардын, башка ченемдик укуктук актылардын, максаттуу программалардын долбоорлорун кароого алат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасындагы миграциялык кырдаалдын абалы, Кыргыз Республикасындагы миграциялык процесстерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын иши тууралуу билдирет жана ушул иштин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизет;
- миграция жаатындагы эл аралык байланыштарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт.
4. Координациялык кеңештин укуктары
7. Координациялык кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн жыйындарында бирдиктүү мамлекеттик миграциялык саясатты ишке ашыруу боюнча, анын ичинде ички миграция маселелери боюнча максаттуу жана мамлекеттик программалардын алкагында тагылган милдеттердин аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүн угууга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан жана уюмдарынан Координациялык кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарды жана башка материалдарды белгиленген тартипте сурап алууга;
- бирдиктүү мамлекеттик миграциялык саясатты ишке ашыруу маселелери боюнча координациялык кеңешмелерди жана жумушчу жолугушууларды белгиленген тартипте өткөрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдарынын, илимий-изилдөө жана билим берүү мекемелеринин, уюмдарынын жана коомдук бирикмелердин адистерин Координациялык кеңештин ишине белгиленген тартипте тартууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин талап кылган миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү маселелери боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө.
5. Координациялык кеңештин иш тартиби
8. Координациялык кеңеш өз ишин бекитилген пландын негизинде жүргүзөт.
9. Координациялык кеңештин маалыматтык материалдары Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө жыйын өткөнгө чейин 5 жумуш күн мурда берилет. Координациялык кеңештин жыйындары өткөрүлө турган жерди жана убактысын Координациялык кеңештин төрагасы же төраганын тапшырмасы менен төраганын орун басары белгилейт.
10. Координациялык кеңештин жыйындары жарым жылда жок дегенде бир жолу өткөрүлөт. Зарыл учурларда Координациялык кеңештин кезексиз жыйындары өткөрүлөт. Координациялык кеңештин жыйындары, анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышкан учурда ыйгарым укуктуу болуп саналат.
11. Координациялык кеңештин жыйындарын Координациялык кеңештин төрагасы же анын тапшырмасы боюнча Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары алып барат.
12. Координациялык кеңеш жыйындын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алат. Координациялык кеңештин чечими Координациялык кеңештин жыйынга катышкан мүчөлөрү ачык добуш берип, жөнөкөй көпчүлүк добуштар менен кабыл алынат жана Координациялык кеңештин төрагасы же жыйынга төрагалык кылган адам тарабынан кол коюлат.
Координациялык кеңештин чечимдери сунуштоо мүнөзүндө берилет жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан каралып, чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айдан кечикпеген мөөнөттө кароонун жыйынтыгы тууралуу Координациялык кеңешке маалымат берилет.
13. Координациялык кеңештин чечимдерин аткарууну Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары контролдойт.
6. Координациялык кеңештин катчылыгынын милдеттери жана функциялары
14. Координациялык кеңештин жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы эсептелет (мындан ары - катчылык).
15. Катчылыктын милдеттери болуп Координациялык кеңештин максаттарына жана милдеттерине ылайык ишин уюштуруу техникалык жактан камсыз кылуу, Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жыйындарын өткөрүүнү уюштуруу эсептелет.
16. Катчылык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- Координациялык кеңештин жыйындарына материалдарды даярдайт жана катышуучуларды чакырат, Координациялык кеңештин жыйындарынын протоколдорун жүргүзөт жана тариздейт, документтерди таратууну, сактоону жана эсепке алууну уюштурат;
- Координациялык кеңештин чечимдеринин, бекитилген пландардын жана программалардын аткарылышына көмөктөшөт, кабыл алынган чечимдерди аткаруунун жүрүшүн контролдойт;
- жумушчу топтордун жана комиссиялардын жетекчилерине Координациялык кеңештин материалдарын жана чечимдеринин долбоорлорун оперативдүү жана сапаттуу даярдоо үчүн аларга берилген тапшырмаларды аткарууга көмөктөшөт;
- Координациялык кеңештин иш кагаздарын жүргүзөт;
- Координациялык кеңештин жетекчилигинин айрым тапшырмаларын аткарат.".