Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 551 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 24-августу № 476
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 28-мартындагы № 144 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган буйруктун тиркемесинде:
- алтынчы абзацындагы ", Координациялык комитеттин төрагасынын орун басары," деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Координациялык комитеттин төрагасынын орун басары;";
- он биринчи абзацындагы "коммуникациялар" деген сөз "жол" деген сөз менен алмаштырылсын;
- он үчүнчү абзацы "айыл чарба" деген сөздөрдөн кийин ", тамак-аш өнөр жайы" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи жана он сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы;".
Премьер-министр | С.Жээнбеков |