Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 551 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 28-марты № 144
(КР Премьер-министринин 2016-жылдын 24-августундагы № 476 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 867 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык комитет жөнүндө жобонун 2-пунктуна ылайык:
Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык комитеттин курамы тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык комитеттин КУРАМЫ
(КР Премьер-министринин 2016-жылдын 24-августундагы № 476 буйругунун редакциясына ылайык)
Кызмат орду боюнча:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Координациялык комитеттин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Координациялык комитеттин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Координациялык комитеттин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Координациялык комитеттин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Координациялык комитеттин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри;
Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору.
Жекече:
Чойбаева Нурия | - | Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун "Социалдык-экономикалык өнүктүрүү" багытынын программалык лидери (макулдашуу боюнча); |
Асылбекова Нургуль | - | Кыргыз Республикасынын "БУУ Аялдар" түзүмүнүн өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Молдокулов Оскон | - | Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) программаларынын Кыргыз Республикасындагы улуттук координатору (макулдашуу боюнча); |
Абдышева Сарина | - | БУУнун азык-түлүк жана айыл-чарба программасынын (ФАО) Кыргыз Республикасындагы улуттук координатору (макулдашуу боюнча); |
Турусбекова Гульсана | - | БУУнун Балдар фонду программаларынын (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасындагы улуттук координатору (макулдашуу боюнча); |
Родина Елена Михайловна | - | Кыргыз-Россия Славян университетинин Айлана-чөйрөнү туруктуу өнүктүрүү жана турмуш-тиричилик коопсуздугу кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин доктору, Экологиялык коопсуздук жана жаратылышты пайдалануу эл аралык коомдук академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Кочорбаева Зульфия Ирисовна | - | "Социалдык технологиялар агенттиги" коомдук бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча). |