Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 6-сентябры № 394-б
Кыргыз Республикасында айыл чарба кооператив системасын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык;
1. 2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында айыл чарба кооператив системасын өнүктүрүү концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө 2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында айыл чарба кооператив системасын өнүктүрүү концепциясынын жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттер планынын долбоорлорун иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Концепциянын жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттер планынын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесин ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топко белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана методикалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жүктөлсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында айыл чарба кооператив системасын өнүктүрүү концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Абулгазиев Мухамметкалый Дюшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Бекбоев Турдуназир Бекбоевич | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Чодуев Эркинбек Урайымович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары; |
Эсенкулов Нурмамат Жокенович | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Джуматаева Гульнара Муратовна | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары; |
Кармышаков Улукбек Тойчиевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Абакиров Эльдар Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Таштанов Нуржан Анарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин статс-катчысынын милдетин аткаруучу; |
Айдралиева Расым Шаршекеевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Торутаев Алтынбек Элимович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; |
Султаналиев Туруспек Оморович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Халитов Михаил Гилфанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Торомаматов Жусубали Кыргызбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун директору; |
Тайлаков Кенешбай Доскулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Текеева Люксина Айгуфовна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Бегалиева Чолпон Картанбаевна | - | "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун күрөөлүк камсыздоо бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Асанов Карыпбек Асанович | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Назик Бейшеналы | - | Кыргызстан кооперативдер союзунун президенти (макулдашуу боюнча); |
Абасканов Давлет Абасканович | - | "Жайыл" айыл чарба кооперативинин жетекчиси, Чүй облусунун Жайыл районундагы Алексеевка айылы (макулдашуу боюнча); |
Мукашев Замир Мукашевич | - | "Ай-Көл" дыйкан чарбасынын жетекчиси, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылы (макулдашуу боюнча); |
Джуманалиев Шадыбек | - | "Бактал" айыл-чарба кооперативинин төрагасы, Жалал-Абад облусунун Чаткал району (макулдашуу боюнча); |
Эдилова Асынкул | - | "Айыл Техно" айыл чарба кооперативинин төрагасы, Чүй облусунун Сокулук району (макулдашуу боюнча); |
Амираев Абдыкасым Бакыевич | - | Чүй облусунун Кооперативдер союзунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Барко Александр Андреевич | - | "КОСС" айыл чарба кооперативинин төрагасы, Чүй облусунун Сокулук району (макулдашуу боюнча); |
Керимбаев Эркин Молдобаевич | - | "Калча" кооперативинин жетекчиси, Нарын облусунун Нарын району (макулдашуу боюнча); |
Саткеев Осмон | - | "Белек" кооперативинин жетекчиси, Чүй облусунун Сокулук району (макулдашуу боюнча); |
Абдылдаева Бурул Абдылдаевна | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин кооперацияны өнүктүрүү секторунун жетектөөчү адиси. |