Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 5-сентябры № 392-б
2016-жылдын 8-9-сентябрында Россия Федерациясынын Москва шаарында болуучу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 71-жыйынына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Асанкожоева Зина Мукаевнага Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жогоруда аталган жыйынынын чечимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
Асанкожоева Зина Мукаевна | - | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү, делегациянын башчысы; |
Урмат уулу Мират(*) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти. |
Эскертүү:
(*) - эксперттик кеңешмеге катышуу үчүн Москва шаарына 2016-жылдын 7-10-сентябрында командировкага жиберилет.