Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 16-сентябры № 401-б
Стамбул шаарында (Түркия) 2016-жылдын 19-сентябры - 7-октябрында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун XXVI Конгрессинин ишине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Шаршембиев Бакыт Нурджановичке жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Аматов Эшмамбет Аматовичке Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун 2016-жылдагы XXVI Конгрессинин иштөө мезгилинде Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун, Административдик кеңешинин жана Почталык пайдалануу кеңешинин жетектөөчү курамына шайлоо жүргүзүүдө 2-тиркемеге ылайык форма боюнча добуш берүүгө катышууга ыйгарым укук берилсин.
3. Командировкалык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
1-тиркеме
Бүткүл дүйнөлүк почта байланыш уюмунун XXVI Конгрессинин ишине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ
Шаршембиев Бакыт Нуржанович(**) | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы, делегациянын башчысы; |
Аматов Эшмамбет Аматович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Эшалиев Таалайбек Мамырбаевич(*) | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору; |
Болжобекова Нурзат Талапбековна(**) | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы. |
Эскертүү:
(*) - 2016-жылдын 19-21-сентябрында Стамбул шаарына командировкага жиберилет;
(**) - 2016-жылдын 2-8-октябрында Стамбул шаарына командировкага жиберилет.
2-тиркеме
Форма
Ыйгарым укуктар
|
|
|
Мен, төмөндө кол койгон, | ____________________________________(1), | _________________________ |
ушуну менен төмөндөгүлөргө укук берем | (кызмат орду) | (өлкөнүн аталышы) |
Мырза/Айым ____________________________________ | _________________________________________ Делегация башчысы |
Мырза/Айым ____________________________________ | _________________________________________ Делегация башчысы |
Мырза/Айым ____________________________________ | _________________________________________ Делегация башчысынын орун басары |
Мырза/Айым ____________________________________ | _________________________________________ Делегатка |
_________________________________________________________________________________________
(өлкөнүн аталышы)
2016-жылдын 20-сентябрынан 7-октябрына чейин Стамбулда өтө турган Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун 26-Конгрессинде ________________________ атынан чыгууга, жарыш сөзгө катышуу жана добуш берүү укугун берем.
Мырза/Айым _______________, делегация башчысына, шайлоо процесстери учурунда добуш берүүгө уруксат берилет.
Ушул ыйгарым укуктар берилгендигин ырастоо иретинде зарыл болгон учурда колдонуу үчүн берилди.
Аткарылды _____________________, _______________________________________________
|
| (колу) |
|
| ________________________ (МӨӨР) |
___________________________________
(1) Мамлекет же өкмөт башчысы же тышкы иштер министри.