Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 22-сентябры № 403-б
2016-жылдын 29-30-сентябрында Азербайжан Республикасынын Баку шаарында өтүүчү V Баку Эл аралык гуманитардык форумдун ишине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2016-жылдын 28-сентябрынан - 1-октябрына чейин Азербайжан Республикасына командировкага жиберилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
2016-жылдын 29-30-сентябрында Азербайжан Республикасынын Баку шаарында өтүүчү V Баку Эл аралык гуманитардык форумдун ишине катышуучу Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ
Кудайбердиева Гульмира Каримовна(*) | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын башчысы; |
Жаманкулов Азамат Капарович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары - Туризм департаментинин директору; |
Утебаев Медер Шамшыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары. |
(*) - суткалык чыгымдардан тышкаркы командировкалык чыгымдар чакыруучу тараптын эсебинен төлөнөт.