Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 16-сентябры № 400-б
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Социалдык ресурстар министрлигинин ортосундагы Билим берүү жана илим жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Социалдык ресурстар министрлигинин ортосундагы Билим берүү жана илим жаатындагы кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Социалдык ресурстар министрлиги,
Тараптардын ортосундагы достук мамилени кеңейтүүнү жана өнүктүрүүнү каалап,
билим берүү жаатындагы кызматташтык Тараптардын ортосундагы гуманитардык байланыштардын чыңдалуусуна жана өнүгүшүнө мүмкүндүк берерине ишенүү менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар билим берүү жаатында тажрыйба алмашууга, билим берүү системасынын түзүмүнө жана аны уюштурууга, окуу планына, дидактикалык материалдарга тиешелүү маалыматтарды, колдонуудагы ченемдик укуктук документтерди жана Тараптардын ийгиликтүү кызматташуусу үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды алмашууга көмөк көрсөтүшөт.
2-берене.
Тараптар кызматташуу жөнүндө эки тараптуу келишимдердин негизинде билим берүү ишин жүргүзгөн кыргыз жана венгер уюмдарынын ортосундагы түз өнөктөш байланыштарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт.
3-берене.
Кыргыз тарап жыл сайын венгер тарапка илимий-изилдөө стажировкаларын өткөрүүгө мүмкүндүк берет.
Кабыл алуучу тарап делегациянын тамактанууга, жашап турууга жана транспортко чыгымдарын төлөйт, жиберүүчү Тарап эл аралык транспорттук чыгымдарды төлөйт.
4-берене.
Тараптар өз өлкөлөрүндө уюштурулуучу эл аралык симпозиумдар, конгресстер, конференциялар жана башка ушул сыяктуу жолугушуулар жөнүндө бир-бирине маалымдашат, бул жолугушуулардын аягында жарыялануучу илимий баяндамалар менен алмашышат.
5-берене.
Венгер тарап жыл сайын Кыргыз Республикасынын 25 жаранын Венгриянын мамлекеттик бюджетинин эсебинен жогорку билим берүү программалары жана төмөнкү программалар боюнча билим берүү уюмдарында окууга кабыл алат:
- айыл чарба, коомдук илимдер, маалыматтык технологиялар, экономикалык илимдер, инженерия, табигый илимдер, спорт илимдери жана мамлекеттик кызмат илимдери чөйрөлөрүндө бакалавр программасы боюнча 10 грант;
- айыл чарба, коомдук илимдер, маалыматтык технологиялар, экономикалык илимдер, инженерия, табигый илимдер, спорт илимдери жана мамлекеттик кызмат илимдери чөйрөлөрүндө магистратура программасы боюнча 10 грант;
- бардык чөйрөлөрдө докторантура программасы боюнча 5 грант.
Кабыл алуучу тарап окуучу-стипендиаттарды акысыз окутат, аларга өзүнүн студенттерине берилүүчү шарттарда жатакана берет же турак-жайга салым кылат, венгер тарап белгилеген өлчөмдөргө ылайык стипендияны төлөп берет, аларды ден соолукту сактоо жана медициналык жардам алуу укугу менен камсыз кылат.
Жиберүүчү тарап эл аралык транспорттук чыгымдарды төлөйт.
6-берене.
Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча кошумча протоколдорду түзүү жолу менен өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, ал бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Ушул Макулдашууну интерпретациялоо жана ишке ашырууга карата Тараптардын ортосунда келип чыккан кайчы пикирлер консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
7-берене.
Ушул Макулдашуу Тараптар бул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоону алган датадан тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу 2018-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөткө түзүлөт.
Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу бул Макулдашуунун жоболорунун негизинде макулдашылган жана анын колдонулушун токтотуу учуруна карата аяктай элек долбоорлорду жана программаларды Тараптардын аткаруусуна, ошондой эле ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында түзүлгөн келишимдердин жана макулдашуулардын колдонулушуна таасирин тийгизбейт.
________________________ шаарында 2016-жылдын "____" ________________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, орус, англис жана венгер тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда, англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги үчүн | Венгрия Социалдык ресурстар министрлиги үчүн |