Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 7-октябры № 419-б
Брюссель шаарында (Бельгия Королдугу) 2016-жылдын 16-19-октябрында болуучу Европа союзунун - Кыргыз Республикасынын кызматташтыгы боюнча комитетинин он төртүнчү жыйынынын жана Европа союзунун - Кыргыз Республикасынын Соода жана инвестициялар боюнча чакан комитетинин он бешинчи жыйынынын ишине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясынын иш сапарына байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
Брюссель шаарында (Бельгия Королдугу) 2016-жылдын 16-19-октябрында болуучу Европа союзунун - Кыргыз Республикасынын кызматташтыгы боюнча комитетинин он төртүнчү жыйынынын жана Европа союзунун - Кыргыз Республикасынын Соода жана инвестициялар боюнча чакан комитетинин он бешинчи жыйынынын ишине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ
Чуйков Н.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынан ЕБ менен кызматташтык боюнча улуттук координатору, делегациянын жетекчиси, Комитеттин кыргыз бөлүгүнүн төрагасы; |
Кайкиев Э.А. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары, делегациянын жетекчисинин орун басары, Комитеттин кыргыз бөлүгүнүн төрагасынын орун басары; |
Абакиров Э.К. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Байгончоков М.К. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Дооталиев У.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Абдрахматова А.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Исаев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси, Европа коомдоштугу комиссиясынын алдындагы Кыргыз Республикасынын айкалыштырып иштеген туруктуу өкүлү. |