Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 6-октябры № 417-б
Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Беларусь Республикасынын Гомель облустук аткаруу комитетинин ортосундагы Соода-экономика, гуманитардык жана маданият, илимий-техника чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүлөрдү эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Беларусь Республикасынын Гомель облусунун аткаруу комитетинин ортосундагы Соода-экономика, гуманитардык жана маданият, илимий-техникалык чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Беларусь Республикасынын Гомель облустук аткаруу комитети (мындан ары "Тараптар" деп аталышып),
- экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык жана маданий кызматташтыкты орнотуудагы, бекемдөөдөгү жана кеңейтүүдөгү өз ара кызыкчылыкты эске алып;
- тең укуктуулуктун, өз ара пайдалуулуктун, түшүнүүнүн, урматтоонун жана ишенимдин негизинде, эки тараптуу байланышты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтулуп;
- Кыргыз Республикасынын Чүй облусу менен Беларусь Республикасынын Гомель облусунун аймактарында өз ишин жүзөгө ашыруучу уюмдардын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы түз байланышты орнотуу жана кеңейтүү, жеке демилгеге жана ишкердикке колдоо көрсөтүүгө өзгөчө маани берип;
- Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык жана Тараптардын компетенцияларынын алкагында,
төмөнкүдөй келишимге келишти:
1-берене.
Тараптар өз компетенцияларынын алкагында, узак мөөнөттүү негизде, Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын чегинде, Тараптардын ар биринин кызыкчылыгын эске алуу менен, соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө төмөнкүдөй багыттар боюнча көмөк көрсөтүшөт:
- курулуш;
- өнөр жай;
- айыл чарбасы;
- транспорт, логистика жана соода;
- илим, техника, билим берүү;
- маданият жана искусство;
- туризм жана спорт;
- экология жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу.
2-берене.
Тараптар өз компетенцияларынын алкагында, Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык, өз ара сооданы, өндүрүштүк, инвестициялык жана экономикалык кызматташтыктын башка түрлөрүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар ишкердиктин түзүмдөрүнүн биргелешип иштөөсүн өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, инвестицияларга колдоо көрсөтүшөт жана коргошот, жаңы жумуш орундарын уюштурушат.
3-берене.
Тараптар өз ыйгарым укуктарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунда жана Беларусь Республикасынын Гомель облусунда жайгашкан менчиктин бардык түрүндөгү уюмдар жана ишканалардын ортосунда, чийки затты, азык-түлүктү, өндүрүштүк-техникалык багыттагы продукцияларды, эл керектөөчү товарларды жөнөтүү жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө тикелей келишимдерге (контракттар) кол коюуга жана ишке ашырууга көмөк көрсөтүшөт.
Бул берененин биринчи абзацында көрсөтүлгөн, макулдашуудан (контракттардан) келип чыккан милдеттерди аткаруу жоопкерчилигин аларга кол койгон чарба жүргүзүүчү субъекттер тартышат.
4-берене.
Тараптар товар рыногун, биргелешкен ишканаларды түзүү, ошондой эле Тараптардын чарба жүргүзүүчү субъекттердин өкүлчүлүктөрүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун ишканаларынын продукцияларынын жарманке жана көргөзмөлөрүн Беларусь Республикасынын Гомель облусунда, ошондой эле Беларусь Республикасынын Гомель облусунун ишканаларынын продукцияларынын жарманкесин жана көргөзмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусунда өткөрүүгө жана уюштурууга көмөктөшөт.
5-берене.
Тараптар өнөр жай жана айыл чарба ишканалары жөнүндө, ошондой эле мындай ишканалардын жана калктын өнөр жай жана айыл чарба продукцияларынын негизги түрлөрү, эл керектөөчү товарларына болгон керектөөлөрү, ошондой эле Тараптардын аймактарында Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жана Тараптардын мамлекеттик бийлик органдарынын компетенцияларынын чектеринде максаттуу ишке ашырылуучу, келечектүү инвестициялык долбоорлор жөнүндө маалымат алмашат.
6-берене.
Тараптар Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун жана Беларусь Республикасынын Гомель облусунун башкаруу органдары, ишканалары, илимий мекемелери жана уюмдары, саламаттыкты сактоо мекемелери жана билим берүү окуу жайларынын ортосундагы байланышты түзүү жана жөнгө салуу боюнча кам көрүшөт.
7-берене.
Тараптар изилдөөлөр, публикациялар жана илимий-техникалык жана башка мүнөздөгү маалыматтар боюнча тажрыйба алмашууга көмөктөшүп, жалпы семинар, симпозиум жана конференцияларды өткөрүүгө катышат.
8-берене.
Тараптар Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун жана Беларусь Республикасынын Гомель облусунун театрлары, музейлери, чыгармачыл союздары, ассоциациялары жана фонддорунун ортосундагы тикелей байланышка жана кызматташтыкка, ошондой эле көркөм көргөзмөлөрдү, көркөм жамааттардын жана жеке аткаруучулардын гастролдорун өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.
9-берене.
Тараптар билим берүү тармагында билим берүү мекемелеринин тикелей өнөктөштүк байланыштарын өнүктүрүү, педагогикалык семинарларды жана жумушчу жолугушууларды өткөрүү, окуучулар жана окутуучулардын делегацияларын, илимий-методикалык адабияттарды алмашуу аркылуу кызматташат.
10-берене.
Тараптар туристтерди тартуу үчүн туризм тармагында иштеген жана башка уюмдарды, туристтик агенттиктерди өнүктүрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтүшөт.
11-берене.
Тараптар жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана экологиялык таза өндүрүш чөйрөсүн кеңейтүү, экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрөт.
12-берене.
Тараптар региондор аралык байланыштарды өнүктүрүүдөгү артыкчылыктарды иликтөө, жалпы проблемаларды чечүүдө күч аракеттерди бириктирүү максатында мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын ортосунда жумушчу байланыштарын орнотууга көмөктөшөт.
Тараптар Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун жана Беларусь Республикасынын Гомель облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда тажрыйба алмашууга көмөктөшөт.
13-берене.
Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында белгиленген чектерде Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашырууга көмөк берүүчү социалдык-экономикалык, илимий-техникалык, укуктук жана башка маалыматтарды кеңири алмашууну камсыздашат.
14-берене.
Тараптар ушул Макулдашууга ылайык кызматташтык программаларын иштеп чыгышат жана бекитишет, зарылдыгына карата ушул Макулдашууну аткаруу маселелери боюнча эки тараптуу консультация жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт, анын негизинде башка келишимдерди, программаларды жана долбоорлорду түзүшөт.
15-берене.
Ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Тараптардын өз ара кат жүзүндөгү макулдугу боюнча киргизилет жана ушул Макулдашуунун ажырагыс бир бөлүгү болгон протоколдор менен таризделет.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөлөр же колдонуу, же болбосо чечмелөөдө пайдалануудагы айырмачылыктар Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
16-берене.
Тараптар ушул Макулдашуунун аткарылышына таасир этүүчү өз мыйзамдарынын өзгөрүлүшү тууралуу бири-бирине өз убагында маалымдайт.
17-берене.
Ушул Макулдашуу Тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлдү. Эгерде Тараптардын бири тиешелүү мөөнөттүн аягына чейин үч айдан кечиктирбей анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө кат жүзүндө кайрылбаса, Макулдашуунун колдонуу мөөнөтү кийинки жылга автоматтык түрдө узартылат.
Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу, эгерде Тараптар башка жөнүндө жазуу түрүндө макулдашпаса, Тараптардын Макулдашуунун жоболоруна ылайык макулдашылган жана аны колдонуу мөөнөтү аяктаган учурга карата бүтө элек долбоорлорду жана программаларды аткаруусуна таасирин тийгизбейт.
Ушул Макулдашуу 2016-жылдын "__" _____________ ___________ шаарында эки нускада, ар бири кыргыз, белорусь жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардыгы бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө үчүн орус тилиндеги текст пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты үчүн |
| Беларусь Республикасынын Гомель облусунун аткаруу комитети үчүн |
Б.Кудайбергенов |
| В.Дворник |