Редакцияот 21.11.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 21-ноябры № 496-б

Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 8-июлдагы № 106 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2015-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана ѳнүктүрүү банкынын ортосундагы "Баткен шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну (мындан ары - Кредиттик макулдашуу) ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жѳнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Баткен шаарынын мэриясы менен төмөнкү шарттарда Субкредиттик макулдашууну түзсүн:

- кредиттин суммасы 1,5 млн (бир миллион беш жүз миң) евро;

- кредитти пайдалануу үчүн пайыздык ставка - кредиттин иш жүзүндө өздөштүрүлгөн суммасына Еврибор + жылдык 1,5 %;

- кредиттик каражаттардын эсебинен сатып алынган жабдуулар жана башка мүлк түрүндөгү күрөөлүк камсыздоо;

- кредиттин негизги суммасы жана пайыздар жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 14-майында жана 14-ноябрында 25 бирдей бөлүк менен төлөнөт, мьнда кредитти төлөөнүн биринчи датасы - 2018-жылдын 14-майы жана кредитти төлөѳнүн акыркы датасы - 2030-жылдын 14-майы;

- төлөм кечиктирилген учурда меөнөтү өткөн карыздар пайда болгон учурдан тартып ушул карызды кошо алганда толук тѳлөнүп бүткөн датага чейинки финансылык санкциялар - Еврибор + жылдык 5 %;

- кредиттин өздөштүрулбөгѳн суммасы учун жылына 0,5 % өлчөмүндө комиссия, ал Кредиттик макулдашууга кол коюлган датадан тартып 60 күндөн кийин эсептелет;

- эсепти ачуу үчүн бир жолку комиссия кредиттин суммасынан 1 % өлчөмүндө.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмѳтγнγн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков