Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 21-ноябры № 497-б
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын ,8-июлундагы № 105 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2015-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Нарын шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну (мындан ары - Кредиттик макулдашуу) ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Нарын шаарынын мэриясы менен тѳмөнкү шарттарда Субкредиттик макулдашууну түзсүн:
- кредиттин суммасы 2 млн (эки миллион) евро;
- кредитти пайдалануу үчүн пайыздык ставка - кредиттин иш жүзүндө өздѳштүрүлгөн суммасына Еврибор + жылдык 1,5 %;
- күрөѳлүк камсыздоо - кредиттик каражаттардын эсебинен сатып алынган жабдуулар жана башка мүлк;
- кредиттин негизги суммасы жана пайыздар жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 14-майында жана 14-ноябрында 25 бирдей бөлүк менен төлөнөт, мында кредитти төлөөнүн биринчи датасы - 2018-жылдын 14-майы жана кредитти тѳлѳөнүн акыркы датасы - 2030-жылдын 14-майы;
- төлөм кечиктирилген учурда мөөнөтү өткѳн карыздар пайда болгон учурдан тартып ушул карызды кошо алганда толук төлөнүп бүткөн датага чейинки финансылык санкциялар - Еврибор + жылдык 5 %;
- кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн жылына 0,5 % өлчөмүндө комиссия, ал Кредиттик макулдашууга кол коюлган датадан тартып 60 күндөн кийин эсептелет;
- эсепти ачуу үчүн бир жолку комиссия кредиттин суммасынан 1 % өлчөмүндө.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтγнγн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктѳлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |