Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУГУ
2016-жылдын 12-декабры № 662
Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтγнγн тγзγмγнγн жана мамлекеттик органдардын функциялык милдеттеринин ѳзгѳрγγсγнѳ байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 23-июнундагы № 339 буйругуна тѳмѳнкγдѳй ѳзгѳртγγ жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Коллективдγγ коопсуздук жѳнγндѳ келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык комиссиянын кыргыз бѳлγгγнγн курамында:
- биринчи-тѳртγнчγ абзацтары тѳмѳнкγдѳй редакцияда баяндалсын: «Чек ара маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын тѳрагасы;
Кыргыз Республикасынын Ѳнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагасы, комиссиянын тѳрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ѳнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагасынын орун басары, комиссиянын тѳрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин тѳрагасынын орун басары, комиссиянын тѳрагасынын орун басары;»;
- тѳмѳнкγдѳй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын Ѳнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин машина куруу, металлургия жана курулуш материалдары башкармалыгынын начальниги, комиссиянын жооптуу катчысы;»;
- тѳмѳнкγдѳй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары (эл аралык кызматташуу маселелерин тейлеген);».
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |