Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУГУ
2016-жылдын 23-июну № 339
(КР Премьер-министринин 2016-жылдын 12-декабры № 662 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-ноябрындагы № 538 токтому менен түзүлгөн Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобонун 7-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
Коллективдүү коопсуздук жөнүндө
келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн
КУРАМЫ
Чек ара маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Ѳнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагасы, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ѳнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагасынын орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ѳнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин машина куруу, металлургия жана курулуш материалдары башкармалыгынын начальниги, комиссиянын жооптуу катчысы;»;
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары (эл аралык кызматташуу маселелерин тейлеген);
(КР Премьр-министринин 2016-жылдын 12-декабры № 662 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары (эл аралык кызматташуу маселелерин тейлеген);
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары (эл аралык кызматташуу маселелерин тейлеген);
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары (эл аралык кызматташуу маселелерин тейлеген);
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары (эл аралык кызматташуу маселелерин тейлеген);
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын командиринин орун басары (эл аралык кызматташуу маселелерин тейлеген);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары (эл аралык кызматташуу маселелерин тейлеген);
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Интеграциялык бирикмелер департаментинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары - Башкы штабдын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары (эл аралык кызматташуу маселелерин тейлеген);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары (эл аралык кызматташуу маселелерин тейлеген);
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары (эл аралык кызматташуу маселелерин тейлеген);
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин коргоону, укук тартиби бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин аскер экономикасы, экспорттук контроль жана лицензиялоо бөлүмүнүн начальниги.