Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУГУ
2016-жылдын 7-октябры № 538
Кыргыз Республикасында Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2017-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын долбоорун иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- 2016-жылдын 11-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-январындагы № токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2013-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашырууга карата иш-чаралар планынын аткарылышына талдоону даярдасын;
- 2016-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасында Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2017-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын долбоорун иштеп чыксын жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматына берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы 2016-жылдын 10-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасында Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2017-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топ белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу экендиги белгиленсин:
- топторду түзүүгө;
- министрликтерден жана административдик ведомстволордон зарыл болгон маалыматтык материалдарды сурап алууга;
- өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын көз карандысыз эксперттерин өзүнүн ишине тартууга.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруу-методикалык жана башка камсыздоо милдети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматына жүктөлсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С.Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасында Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2013-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашырууга карата иш-чаралар планынын аткарылышына баалоо жүргүзүү жана Кыргыз Республикасында Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2017-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Кудайбердиева Гульмира Каримовна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Адылов Бакытбек Адылович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Асанбаев Алмазбек Жолчуевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары; |
Каримов Азамат Мамазиядинович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти; |
Айдакеева Бактыгуль Сабышевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын чет өлкөдөгү жарандардын эмгек миграциясы бөлүмүнүн башкы адиси; |
Шамшиев Улан Насирдинович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын миграциялык саясатты иштен чыгуу бөлүмүнүн башкы адиси; |
Амира Дамирбек | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин атташеси; |
Ахмедгалиева Жылдыз Мелисовна | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам өкүлү, адамдарды сатууга жана чет өлкөлүк жарандарга карата жасалган кылмыштарга каршы күрөшүүнү уюштуруу боюнча топтун жетекчиси; |
Авай уулу Адилет | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Кызаева Жаныл Шурубековна | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чөйрөдөгү чыгымдарды пландоо башкармалыгынын башкы адиси; |
Асылбашева Раиса Бейшеналиевна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам көрсөтүү жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси; |
Мамбетова Салтанат Сталбековна | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүү жана жаштар саясаты башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Эралиев Анаш Доолоталиевич | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кадрдык жана укуктук бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Кадыралы уулу Суюн | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери; |
Макишов Дамир Джумагулович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын улук офицери; |
Турдумаматова Махабат Каримжановна | - | Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын үй-бүлөдөгү зомбулуктан жана гендердик кодулоодон коргоо бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Аралбаев Урмат Сагыналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын эксперттик-укуктук иштер бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча); |
Акыев Арзыбек Акыевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы (макулдашуу боюнча); |
Кулушев Эрмек Эгенович | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү, социалдык чөйрөдөгү жана балдар жөнүндөгү мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана адамдардын укуктары менен эркиндигинин сакталышы боюнча бөлүмдүн улук прокурору (макулдашуу боюнча); |
Чынтемиров Мирлан Жолоевич | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын башкы адиси; |
Жуматаева Нурайым Муратовна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин жетектөөчү адиси; |
Осмонжанова Чолпон Асанбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жаштар саясатын ишке ашыруу бөлүмүнүн адиси; |
Султанбеков Бекболот Султанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын адиси; |
Бактыбек уулу Белек | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгынын социалдык статистика бөлүмүнүн башкы адиси (макулдашуу боюнча); |
Кун Маркверинг | - | БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын долбоорунун эл аралык координатору (макулдашуу боюнча); |
Сариева Мадина | - | БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын долбоорунун улуттук координатору (макулдашуу боюнча); |
Заиченко Елена Семеновна | - | Кыргыз Республикасындагы БУУнун Балдар фондунун Балдарды коргоо боюнча программасынын (ЮНИСЕФ) жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Мунир Намикович Мамедзаде | - | ЮНИСЕФ балдарды коргоо боюнча программанын жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Ахметова Жылдыз Асановна | - | Кыргыз Республикасындагы Миграция боюнча эл аралык уюмдун адамдарды сатууга каршы аракеттенүү маселелери боюнча программалык менеджери (макулдашуу боюнча); |
Борбиева Салия Токторбековна | - | Кыргыз Республикасындагы Миграция боюнча эл аралык уюмдун программалык ассистенти (макулдашуу боюнча); |
Ишматов Амир Тарханович | - | Бишкектеги ЕККУ Борборунун улук программалык ассистенти (макулдашуу боюнча); |
Тулегабылова Нуржан Мукашевна | - | "Эл агартуу" коомдук бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Кадыркулова Мээрим Кадыркуловна | - | "Сезим" кризистик борбордогу долбоорлордун координатору (макулдашуу боюнча); |
Айдаралиев Мааматкул Аджигулович | - | "Арыш" коомдук бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Турдубекова Назгуль Усеновна | - | "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча). |
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |