Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-ноябрындагы № 743 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-январы № 14
Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2013-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 7 токтомунун редакциясына ылайык)
"Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2013-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы (мындан ары - Программа) 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2013-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- жогоруда аталган Программаны жана Иш-чаралар планын толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча зарыл чараларды көрүшсүн;
- жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Программаны жана Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине берип турушсун.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 7 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги:
- Программаны жана Иш-чаралар планын ишке ашырууну контролдосун;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен топтомо маалымат берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 7 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-сентябрындагы № 515 "Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2008-2011-жылдарга карата иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 7 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр |
| Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-январындагы № 14 токтомуна 2-тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 7 токтомунун редакциясына ылайык)
№ к/к | Иш-чаралар | Күтүлүүчү натыйжалар жана индикаторлор | Каржылоо булактары | Жооптуу аткаруучулар | Аткаруу мөөнөттөрү |
1. Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | |||||
1.1 | Адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү. Өркүндөтүүнү талап кылган ченемдик укуктук актылардын тизмесин даярдоо. Эл аралык ченемдерди, КМШга катышуучу мамлекеттердин моделдик мыйзамдарын эске алуу менен, мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо жана төмөнкү проблемаларга талдоо: - адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоо критерийлерин жана "адамдарды сатуунун курмандыктары" статусун берүү критерийлерин, адамдарды сатуунун курмандыктары үчүн аларды чыккан өлкөсүнө кайра кайтарган учурда коркунучтарды баалоо механизмдерин аныктоо; - адамдарды сатуунун курмандыгы болгон адам укук коргоо органдары менен кызматташууну каалоосуна карабастан, адам сатуунун курмандыктары абалынан улам жасаган укук бузуулары үчүн административдик же кылмыш жоопкерчиликтерине тартылбайт деген шарттарды кароо; - өлгөн адамдын денесинен органдарды же ткандарды мыйзамсыз алгандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилөө; - эл аралык нике ортомчулук ишин жана моделдик бизнести милдеттүү лицензиялоону мыйзамдык жактан бекемдөө | Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү. Инвентаризация жүргүзүү жана сунуштарды иштеп чыгуу үчүн эксперттик жумушчу топту түзүү. Өркүндөтүүнү талап кылган ченемдик укуктук актылардын тизмесин даярдоо. Сунуштарды иштеп чыгуу | Мамлекеттик органдардын каражаттары, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ЭМЖМ, ИИМ, БИМ, ССМ, СЕМ, МУКК, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | 2013-жылдын I жарым жылдыгы 2013-жылдын II жарым жылдыгы |
1.2 | "Ишке орноштуруучу жеке агенттиктердин иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу | Ишке орноштуруучу жеке агенттиктердин | Мамлекеттик органдардын каражаттары ишин жөнгө салуу. Долбоорду иштеп чыгуу. Долбоорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | ЭМЖМ | 2013-жылдын I жарым жылдыгы 2013-жылдын II жарым жылдыгы |
1.3 | Адамдарды сатуунун курмандыктарын колдоо жана жардам көрсөтүү боюнча башпаанектерди уюштуруу жана алардын иш тартиби жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу | Башпаанектин укуктук статусун аныктоо. Сунуштарды иштеп чыгуу жана жеткире иштеп чыгуу | Мамлекеттик органдардын каражаттары | ЭМЖМ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | 2013-жылдын I жарым жылдыгы |
1.4 | Укук коргоо органдары үчүн "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" (тактап айтканда адамдарды сатуунун курмандыктарын) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын натыйжалуу аткарылышына мүмкүндүк берген методикалык окуу куралын даярдоо | Адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоо боюнча иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу. Методикалык окуу куралын басып чыгаруу | Мамлекеттик органдардын каражаттары, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ИИМ, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), МУКК, Жогорку сот (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | 2013-жыл |
2. Адамдарды сатуунун алдын-алуу | |||||
2.1. Маалыматтык-түшүндүрүү иштери | |||||
2.1.1 | Адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты, чет өлкөгө чыгуунун коркунучтарын жана эрежелерин, адамдарды сатуунун келип чыгуу факторлорун жана кесепеттерин түшүндүрүү боюнча жыл сайын маалыматтык компанияларды жүргүзүү | Адамдарды сатуунун факторлору жөнүндө калктын маалымдуулугунун деңгээлин жогорулатуу. Өткөрүлгөн иш- чаралардын саны; катышуучулардын саны; маалымат алган адамдардын саны | Мамлекеттик органдардын каражаттары, эл аралык уюмдардын каражаттары | ЭМЖМ, ТИМ, ИИМ, БИМ, СӨМ, ССМ, КР Өкмөтүнүн ОЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО, КТРК (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар, (макулдашуу боюнча) ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | 2013-2016-жылдар |
2.1.2 | Чет өлкөгө чыгуунун эрежелери жөнүндө, адамдарды сатуунун коркунучтары жана келип чыгуу факторлору жана кесепеттери жөнүндө маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу. Калк арасында жана чек ара контролдоо пункттарында маалыматтык материалдарды таркатуу | Калкты маалыматтык материалдар менен камсыз кылуу. Маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу жана жарыялоо. Даярдалган маалыматтык материалдардын жана таркатылган материалдардын саны | Мамлекеттик органдардын каражаттары, эл аралык уюмдардын каражаттары | ЭМЖМ, ИИМ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | 2013-жылдын I жарым жылдыгы. Жылына бир жолу. Дайыма |
2.1.3 | Жарандарды тышкы эмгек миграция жөнүндө так маалымат менен камсыз кылуу, www.mfa.kp, www.jashtar.kg, www.trafficu№et.kg, www.dvm.kg, www.mz.kg, сайттарында маалыматтарды дайыма жаңылап туруу, жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чектеринен тышкары ишке орноштуруу менен байланышкан иштерди жүргүзүү укугуна уруксаты бар юридикалык жана жеке жактардын тизмесин жана башка маалыматтык материалдарды мезгил-мезгили менен жайгаштыруу | Калктын маалымат алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана камсыз кылуу. Жарыялоолордун саны жана мезгилдүүлүгү. Маалымат алуу үчүн кайрылган адамдардын саны | Мамлекеттик органдардын каражаттары, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ЭМЖМ, ТИМ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Жарым жылда бир жолу 2013-2016-жылдардын ичинде |
2.1.4 | Мыйзамсыз миграцияга жана адамдарды сатууга бөгөт коюу, укукка каршы жосундар менен байланышкан маселелерди жана бул кылмыштарга каршы аракеттенүүнүн натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында чыгаруу | Калкка мыйзамсыз миграция жана адамдарды сатуу коркунучтары жөнүндө маалымат берүү. Жарыялоолордун саны жана мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик органдардын каражаттары, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ИИМ, КТРК (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Дайыма, аныкталгандыгына жараша |
2.1.5 | Миграция чөйрөсүндө, анын ичинде адамдарды сатуунун алдын-алуу жана мыйзамсыз миграция боюнча калкка маалыматтык-консультациялык кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу. Маалымат алуу деңгээлин жогорулатуу. Берилген консультациялык жана маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн саны; шашылыш байланыштар боюнча кайрылган адамдардын саны | Мамлекеттик органдардын каражаттары, эл аралык уюмдардын каражаттары | ЭМЖМ, ИИМ, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Дайыма |
2.1.6 | Адамдарды сатуунун алдын-алуу боюнча маалыматтык материалдарды такталарга жайгаштыруу | Калктын маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү. Маалыматтык такталардын саны | Мамлекеттик органдардын каражаттары, эл аралык уюмдардын каражаттары | ЭМЖМ, ТИМ, кызыкдар министрликтер жана ведомстволор, КР Өкмөтүнүн ОЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Дайыма |
2.1.7 | Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2013-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын жүрүшү тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында чыгаруу | Иш-чаралар планын ишке ашыруунун натыйжалары жөнүндө маалымдоо. Сүйлөгөн сөздөрдүн жана жарыяланган материалдардын тизмеси жана саны | Мамлекеттик органдардын каражаттары, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ЭМЖМ, ТИМ, ИИМ, ССМ, БИМ, КТРК (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча |
2.2. Маалыматтык-билим берүү иши | |||||
2.2.1 | Адамдарды сатууга каршы аракеттенүү боюнча окутуучу семинарларды төмөнкүлөр үчүн өткөрүү: - укук коргоо органдары; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган; - билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган; - жарандардын саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган; - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган; - КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары; - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары. | Жооптуу кызматкерлердин билимдерин жана көндүмдөрүнүн деңгээлин жогорулатуу. Өткөрүлгөн семинарлардын жана окутулган кызматкерлердин саны | Мамлекеттик органдардын каражаттары, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ИИМ, ЭМЖМ, БИМ, ССМ, СӨМ, МУКК, Чек ара кызматы, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), КР Өкмөтүнүн ОЫУӨ, ЖМА, ЖӨБУ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | 2013-2016- жылдар. Жыл сайын |
2.2.2 | "Адамдарды сатуунун алдын-алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык атайын курстарды иштеп чыгуу аркылуу адамдарды сатуу боюнча кылмыштарды алдын-алуу, аныктоо, бөгөт коюу жана ачуу боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлерин кесиптик даярдоо | Кызматкерлердин кесиптик көндүмдөрүн жогорулатуу. Өткөрүлгөн иш-чаралардын жана окутулган кызматкерлердин саны | Мамлекеттик органдардын каражаттары, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ИИМ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Дайыма, квалификацияларды жогорулатуунун алкагында |
2.2.3 | Адамдарды сатуу менен байланышкан кылмыш иштерин кароо боюнча соттор үчүн окутуучу семинарларды өткөрүү | Соттордун кесиптик көндүмдөрүн жогорулатуу. Өткөрүлгөн иш- чаралардын жана окутулган соттордун саны | Мамлекеттик органдардын каражаттары, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Жогорку сот (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | 2013-2016-жылдардын ичинде |
2.2.4 | Адамдарды сатууга каршы аракеттенүүнүн актуалдуу проблемалары боюнча илимий-практикалык конференцияларды жана башка иш-чараларды өткөрүү | Маалымат алуу деңгээлин жогорулатуу. Кызыкдар тараптардын эриш-аркак иштөөсү. Өткөрүлгөн иш-чаралардын саны | Мамлекеттик органдардын каражаттары, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ЭМЖМ, ТИМ, БИМ, ССМ, ИИМ, МТМ, КТКР (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Жылына бир жолу |
2.2.5 | Тышкы эмгек рыногунда потенциалдуу мигранттардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүү: - алардын кесиптик багыттарын өркүндөтүү; - кайра даярдоо курстарын уюштуруу жана алардын квалификациясын ырастаган сертификаттарды берүү; - орус жана корея тилдерин окутуу боюнча кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу | Эмгек мигранттардын чет өлкөдө татыктуу ишке орношуу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу. Консультация алган адамдардын саны; өткөрүлгөн курстардын жана берилген сертификаттардын саны | Мамлекеттик органдардын каражаттары, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ЭМЖМ, БИМ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | 2013-2016-жылдар, окуу планынын алкагында |
2.2.6 | Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча тематикаларды кеңейтүү жана окуу сааттарын көбөйтүү | Окугандардын билимдеринин жана көндүмдөрүнүн деңгээлин жогорулатуу. Окуу сааттарынын саны. Окутулган адамдардын саны | Мамлекеттик органдардын каражаттары, бюджеттен тышкаркы каражаттар | БИМ, ИИМ, ЭМЖМ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | 2013-2016-жылдар, окуу планынын алкагында |
3. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар | |||||
3.1 | Макулдашылган алдын-алуучу төмөнкү иш-чараларды өткөрүү: Кыргыз Республикасынын жарандарын өлкөнүн чегинен тышкары ишке орноштурууну ишке ашырган субъекттердин мыйзамсыз ишине бөгөт коюу боюнча; - адамдарды сатуунун курмандыктарын алып келүү жана алып чыгуу каналдарын аныктоо, бөгөт коюу жана жоюу боюнча; - жасалма документтерди жасоо жана сатуу боюнча ишти аныктоо жана бөгөт коюу боюнча; - персонифицирленген документтерди жасоо үчүн маалыматтарды иштеп чыгууда тобокелдикти баалоо системасын киргизүү боюнча; - эл аралык ортомчулук нике ишин жана мыйзамсыз моделдик бизнести аныктоо боюнча; - Интернет тармагында балдар сойкулугунун жана порнографияларынын жайылтылышын аныктоо жана бөгөт коюу | Адамдарды мыйзамсыз алып кетүү жана сатуу фактыларын аныктоо. Өткөрүлгөн иш-чаралардын жана аныкталган фактылардын саны | Мамлекеттик органдардын каражаттары, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ИИМ, МУКК, Чек ара кызматы, ЭМЖМ, МКК, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | 2013-2016-жылдар, жарым жылда бир жолу |
3.2 | Балдар үйлөрүнөн, интернаттардан, төрөт үйлөрүнөн, ымыркайлар үйлөрүнөн балдарды асырап алуу процессине, ошондой эле үй-бүлөлүк балдар үйлөрүнүн жана реабилитациялык борборлордун ишине контролду күчөтүү | Балдарды мыйзамсыз асырап алуу фактыларын аныктоо. Өткөрүлгөн иш-чаралардын, аныкталган фактылардын жана көрүлгөн чаралардын саны | Мамлекеттик органдардын каражаттары | ИИМ, СӨМ, СЕМ, МУКК, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча) | 2013-2016-жылдар |
3.3 | Оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга алардын сексуалдык, эмгектик же криминалдык эксплуатациялоонун потенциалдуу курмандыктарына айлануу мүмкүнчүлүктөрүн болтурбоо максатында өз убагында социалдык жардам көрсөтүүгө багытталган чаралардын комплексин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | Балдардын укуктарын коргоону күчөтүү. Көрүлгөн жана бекитилген чаралардын комплекси. Чаралардын комплексин ишке ашыруу | Мамлекеттик органдардын каражаттары, бюджеттен тышкаркы каражаттар | СӨМ, ИИМ, СЕМ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | 2013-жылдын I жарым жылдыгы 2013-2016- жылдар |
3.4 | Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан катталган адамдарды сатууга жана мыйзамсыз миграцияга байланышкан кылмыштар жөнүндө маалыматтар базасын иштеп чыгуу жана түзүү | Маалыматтар базасын түзүү. Укук коргоо органдарынын ортосунда маалыматты системалуу жана дайыма жыйноо, алмашуу | Мамлекеттик органдардын каражаттары, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ИИМ, МУКК, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | 2014-жылдын январь-февралы. Дайыма |
3.5 | Биометрикалык паспортторду, автоматташтырылган маалыматтык эсепке алуу системаларын киргизүү жөнүндө маселени иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасында биометрикалык маалыматтарды пайдалануу | Документтерди коргоо деңгээлин жогорулатуу. Ведомстволор аралык комиссияны түзүү. Сунуштарды жана рекомендацияларды иштеп чыгуу | Мамлекеттик органдардын каражаттары, бюджеттен тышкаркы каражаттар | МКК, МУКК, ИИМ, ТКМ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | 2013-жылдын I жарым жылдыгы |
3.6 | 2013-2015-жылдар мезгилинде иш жүзүндө тиешелүү жазык-укуктук ченемдерди бир түрдүү колдонууну камсыз кылуу максатында адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү кылмыш иштерин кароонун соттук практикасын жалпылоо | Бирдиктүү соттук-тергөө практикасын түзүү. Адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү кылмыш иштерин кароо боюнча рекомендациялар | Мамлекеттик органдардын каражаттары, бюджеттен тышкаркы каражаттар | Жогорку сот (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | 2013-2016- жылдар |
3.7 | Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары менен чет мамлекеттердин укук коргоо органдарынын ортосунда кызматташтыкты күчөтүү: - жетекчилердин иш байланыштарын жөнгө салуу боюнча; - адамдарды сатуунун каналдарын изилдөө жана ачуу боюнча; - адамдарды сатуунун курмандыктарын аныктоо жана аларга зарыл жардам көрсөтүү боюнча; - адамдарды сатуунун курмандыктарына карата кайтаруу жана башка аракеттер менен байланыштуу келип чыккан проблемалар жөнүндө маалымат алмашуу боюнча; - адамдарды сатуучулардын кылмыштуу кирешелерин аныктоо, көзөмөлдөө, алып коюу жана конфискациялоо боюнча; - адамдарды сатууга каршы аракеттенүү менен байланышкан ченемдик укуктук актылар, методикалык окуу куралдар, башка маалымат менен алмашуу боюнча | Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча ишти координациялоонун деңгээлин жогорулатуу. Маалымат алмашуу боюнча өткөрүлгөн жолугушуулардын жана консультациялардын, биргелешкен ыкчам иш-чаралардын саны | Мамлекеттик органдардын каражаттары, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ИИМ, ЭМЖМ, МУКК, ТИМ, Чек ара кызматы, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | 2013-2016- жылдар |
3.8 | Укук коргоо органдарынын жана башка уюмдардын укук бузууларды алдын-алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында адамдарды сатууга каршы аракеттенүү, мыйзамсыз миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышы үчүн прокурордук көзөмөлдү күчөтүү | Адамдын жана жарандын укугун коргоону күчтүү. Укук коргоо органдарынын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу. Аныкталган укук бузуулардын саны | Мамлекеттик органдын каражаттары | Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча) | 2013-2016-жылдар |
3.9 | Эл аралык тажрыйбаны колдонуу менен адамдарды сатуу менен байланышкан кылмыштарды аныктоо, ачуу жана изилдөө ыкмасын өркүндөтүү жана жайылтуу | Кызматкерлердин кесиптик көндүмдөрүн күчөтүү. Түшүндүрмөлөр жана колдонмолор иштелип чыкты. Максаттуу аудиторияларда таркатылды | Мамлекеттик органдардын каражаттары, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ИИМ, МУКК, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | 2013-2016-жылдар |
4. Адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоо жана аларга жардам көрсөтүү | |||||
4.1 | Аялуу эмгек мигранттарына жана адамдарды сатуунун курмандыктарына мекенине кайтып келүүдө көмөк көрсөтүү | Мигранттарды жана адамдарды сатуунун курмандыктарынын мекенине кайтып келүүсү. Жардам алган мигранттардын жана курмандыктардын саны | Мамлекеттик органдардын каражаттары, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ТИМ, ИИМ, ЭМЖМ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | 2013-2016-жылдар |
4.2 | Адамдарды сатуунун курмандыктарын Бишкек жана Ош шаарларында башпаанектерге убактылуу жайгаштырууга көмөк көрсөтүү | Адамдарды сатуунун курмандыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу. Башпаанек алган потенциалдуу курмандыктардын жана ушундай деп таанылган курмандыктардын саны | Бюджеттен тышкаркы каражаттар | ЭМЖМ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Дайыма |
4.3 | Адамдарды сатуунун курмандыктарына медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүү | Адамдарды сатуунун курмандыктарын реабилитациялоо. Жардам алган потенциалдуу курмандыктардын жана ушундай деп таанылган курмандыктардын саны | Мамлекеттик органдардын каражаттары, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ССМ, Эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Дайыма |
4.4 | Адамдарды сатуунун курмандыктарына укуктук жана консультациялык колдоо көрсөтүү | Зарыл юридикалык жардам көрсөтүү. Көрсөтүлгөн кызматтардын саны | Мамлекеттик органдардын каражаттары, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ЭМЖМ, ИИМ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Дайыма |
4.5 | Бишкек жана Ош шаарларында адамдарды сатуунун курмандыктарынын убактылуу жашап туруусу үчүн башпаанек жайларынын кызматкерлеринин укук коргоо органдары, адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүү боюнча медициналык мекемелер менен эриш-аркак иштөөсү | Адамдарды сатуунун курмандыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу. Көрсөтүлгөн кызматтардын саны | Мамлекеттик органдардын каражаттары, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ИИМ, ССМ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Дайыма |
4.6 | Укук коргоо органдарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын ортосундагы төмөнкү тармактарда эриш-аркак иштөө жөнүндө меморандумдарды иштеп чыгуу жана кол коюу: - адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоо жана аларга жардам көрсөтүү; - жабыр тарткандарга психологиялык, медициналык жана акысыз юридикалык жардам көрсөтүү; - укук коргоо органдарынын, прокуратура органдарынын, сот системасынын жана башка министрликтердин, ошондой эле жарандык коомдун институттарынын кызматкерлери үчүн натыйжалуу кызматташуу маселелери боюнча семинарларды, "тегерек столдорду" жана конференцияларды уюштуруу | Укук коргоо органдарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын координацияланган ишин жогорулатуу. Эриш-аркак иштөө жөнүндө меморандумдар иштелип чыккан жана кол коюлган | Мамлекеттик органдардын каражаттары, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ИИМ, МУКК, кызыкдар министрликтер жана ведомстволор, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | 2013-2016-жылдар |
Кыскартуулардын тизмеси:
Жогорку сот | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку соту |
Башкы прокуратура | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы |
МУКК | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети |
МКК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ЖМА | - | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги |
МТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
МЭУ | - | Миграция боюнча эл аралык уюм |
ЭЭУ | - | Эмгек боюнча эл аралык уюм |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги |
ЭМЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
ӨЭУ | - | Өкмөттүк эмес уюмдар |
ЕККУ | - | Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму |
ЖӨБО | - | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
Чек ара кызматы | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы |
КТРК | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы |
КР Өкмөтүнүн ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
БУУӨП | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы |
АКШ | - | Америка Кошмо Штаттары |
КМШ | - | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги |