Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 9-февралы № 36-б
Адистештирилген саламаттык сактоо уюмдарында базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу моделин апробациялоо боюнча пилоттук долбоорду андан ары ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы № 104-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "2016-жылы", "2016-жылга" деген цифралар жана сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "2017-жылы", "2017-жылга" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Бирдиктүү төлөөчү системасы боюнча тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде 11 адистештирилген уюмда базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу моделин пилоттук апробациялоону жүргүзсүн.";
- 6-пунктунун үчүнчү абзацындагы "2017" деген цифралар "2018" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 8-пунктундагы "билим берүү, маданият жана спорт" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган буйруктун 1-тиркемесинде:
- аталышындагы "2016" деген цифралар "2017" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- бүткүл тексти боюнча "УОБ" деген аббревиатура "УОГБ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Пландуу стационардык психиатриялык жардам ооруканага жаткырууга жолдомо болгондо же шашылыш көрсөткүчтөрү боюнча бардык муктаж болгон бейтаптарга акысыз көрсөтүлөт.";
- 13-пунктунун экинчи абзацы "Улуттук онкология" деген сөздөрдөн кийин "жана гематология" деген сөздөр менен толукталсын;
- 20-пунктунда:
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- оорунун терминалдык стадиясындагы бейтаптарга;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган адамдарга;";
онунчу абзацы "медициналык кызматтардын толук наркын баалардын" деген сөздөрдөн кийин "бекитилген" деген сөз менен толукталсын;
- 21-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
"5) Химиялык терапия бөлүмдөрүндө стационардык онкологиялык жардам төмөнкү формула боюнча эсептелүүчү жеке кошумча төлөмдү төлөө шарты менен көрсөтүлөт:
Кошумча төлөө = СТ - Фбюджет - Фммк - Фжтф, мында:
СТ - баалардын бекитилген прейскуранты боюнча кызмат көрсөтүүнүн наркы;
Фбюджет - бир кишинин дарыланышын базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун каражаттарынан каржылоо;
Фмкк - бир кишинин дарыланышын милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынан каржылоо;
Фжтф - бир кишинин дарыланышын ЖТФ каражаттарынан каржылоо.";
- 22-пунктундагы ", оорунун жана көрсөтүлгөн кызматтын багытына" деген сөздөр "жана көрсөтүлгөн кызматка" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 23 жана 24-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 27-пунктунун экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Кыргыз илимий гематология борборунун (мындан ары - КИГБ)" деген сөздөр жана аббревиатура "УОГБ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- 40-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"40. Стационардык кардиохирургиялык жардам 1-тиркеменин 5-пунктунда көрсөтүлгөн формула боюнча эсептелүүчү жеке кошумча төлөмдү төлөө шарты менен көрсөтүлөт.";
- 1-таблица алып салынсын;
- 2-таблица төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-таблица
Адистештирилген стационардык онкологиялык жардам алууда кошумча төлөө өлчөмдөрү
Профиль | Ооруканага жаткырууга жолдомосу болгон жарандар үчүн кошумча төлөө деңгээли | Күндүзгү стационарда дарыланууда кошумча төлөө өлчөмү (сом менен) | Толук стационарда дарыланууда кошумча төлөө өлчөмү (сом менен) |
Терапевттик | Минималдык деңгээл | 546 | 1093 |
Орточо деңгээл | 2099 | 4198 | |
Максималдык деңгээл | 3306 | 6613 | |
Хирургиялык | Минималдык деңгээл | 1596 | 3188 |
Орточо деңгээл | 6110 | 12220 | |
Максималдык деңгээл | 9621 | 14293 |
";
- 4-таблица алып салынсын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |