Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т
тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 17-марты № 104-б
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы № 36-б буйругунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-1-бөлүмүнө ылайык каржылоону базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу принциптерине өткөрүү жолу менен калкты социалдык жактан коргоо системасын өркүндөтүү жана республиканын калкы үчүн кымбат баалуу адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында:
1. 2017-жылы базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу моделинин пилоттук апробациясы адистештирилген (психиатриялык, онкологиялык, гематологиялык, кардиохирургиялык) медициналык жардам көрсөтүүчү 11 мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында (мындан ары - адистештирилген уюмдар) өткөрүлсүн.
2. Ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн пилоттук апробацияны өткөрүү учурунда төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2017-жылга Кыргыз Республикасынын жарандарына адистештирилген (психиатриялык, онкологиялык, гематологиялык, кардиохирургиялык) медициналык жардам көрсөтүүнүн көлөмү, түрлөрү жана шарттары 1-тиркемеге ылайык;
- 2017-жылга Кыргыз Республикасынын жарандарына адистештирилген (психиатриялык, онкологиялык, гематологиялык, кардиохирургиялык) медициналык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарын каржылоонун убактылуу тартиби 2-тиркемеге ылайык.
3. Пилоттук апробацияны өткөрүү мезгилинде (финансылык жылдын аягына карата) адистештирилген уюмдардын базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу каражаттарынын пайдаланылбаган калдыгы келерки финансылык жылга республикалык бюджетте кошумча каралаары белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Бирдиктүү төлөөчү системасы боюнча тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде 11 адистештирилген уюмда базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу моделин пилоттук апробациялоону жүргүзсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы № 36-б буйругунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге:
- 2017-жылга адистештирилген уюмдардын консолидацияланган бюджетин түзүү жана аткаруу боюнча нускаманы ушул буйруктун 2-пункту менен бекитилген убактылуу тартиптин негизинде иштеп чыгышсын жана бекитишсин;
- Бирдиктүү төлөөчү системасы менен иштөө шартына адистештирилген уюмдарды 2017-жылга базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен каржылоо ченемдерин иштеп чыгышсын жана бекитишсин;
- адистештирилген уюмдар үчүн 2017-жылга консолидацияланган бюджетте дары-дармек каражаттары менен медициналык багыттагы буюмдарды сатып алууга финансылык каражаттардын минимумдук чектик маанилери белгиленсин;
- калк жана медициналык кызматкерлердин арасында Бирдиктүү төлөөчү системасында жарандарга көрсөтүлүүчү адистештирилген медициналык жардамды көрсөтүү шарттары жөнүндө кеңири түшүндүрүү ишин жүргүзүшсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен бирге:
- базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын, ошондой эле калктан кошумча төлөө тартибинде түшкөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлгөн сатып алуулардын көлөмүнө ылайык адистештирилген диагностикалык жана стационардык медициналык жардамды калкка көрсөтүүдө дары-дармек каражаттары менен медициналык багыттагы буюмдарды пайдаланууга контролду камсыз кылышсын;
- жарандарды базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу моделинин пилоттук апробациясынын жыйынтыктарын 2018-жылдын 1-февралына карата жалпыласын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна апробациянын жыйынтыктары боюнча отчетту жана апробациянын жыйынтыктарын Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген бардык саламаттык сактоо уюмдарында жайылтуу боюнча сунушту белгиленген тартипте киргизишсин.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы № 36-б буйругунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги адистештирилген уюмдарды базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу принциптерине өткөрүү боюнча даярдоо иштерин жүргүзсүн, анын ичинде:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана/же саламаттык сактоо уюмдарынын сайтында медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрүн алууга муктаж жарандардын электрондук кезегин түзүшсүн;
- бир жумалык мөөнөттө "Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бюджеттен тышкары каражаттарды жана гуманитардык жардамды колдонуунун натыйжалуулугун, медициналык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында адистештирилген саламаттык сактоо уюмдарынын көзөмөлчүлүк кеңешин тандап алуу жана түзүү боюнча комиссия түзүлсүн.
8. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы № 36-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | Т. А. Сариев |
1-тиркеме
2016-жылга Кыргыз Республикасынын жарандарына адистештирилген
(психиатриялык, онкологиялык, гематологиялык, кардиохирургиялык)
медициналык жардам көрсөтүүнүн көлөмү, түрлөрү жана шарттары
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы № 36-б буйругунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын жарандарына адистештирилген медициналык жардамды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (мындан ары - ММКФ) менен тиешелүү келишим түзүшкөн адистештирилген саламаттык сактоо уюмдары көрсөтүшөт.
2. Адистештирилген жардамды көрсөтүүнүн шарты болуп жарандардын жеңилдиктерге укуктарын күбөлөндүрүүчү документтин, лаборатордук-диагностикалык изилдөөлөргө, стационарга жатууга төмөнкү адистер тарабынан берилген жолдомонун болуусу саналат:
- үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (мындан ары - ҮДТ);
- үй-бүлөлүк медицина борборлорунун (мындан ары - ҮМБ);
- жалпы дарыгерлик практика борборлорунун (мындан ары - ЖДПБ);
- ведомстволук медициналык кызматтын;
- аскердик-дарыгерлик комиссиянын;
- стационарлардын консультациялык-диагностикалык бөлүмдөрүнүн, ошондой эле соттук же укук коргоо органдардын чечими.
3. Кыргыз Республикасынын жарандарына амбулатордук жана стационардык деңгээлде адистештирилген медициналык жардамдын төмөнкү түрлөрү көрсөтүлөт:
- психиатриялык;
- онкологиялык;
- гематологиялык;
- кардиохирургиялык жардам жана органдардын трансплантациясы.
2. Психиатриялык жардам
§ 1. Амбулатордук психиатриялык жардам
4. Амбулатордук шартта адистештирилген психиатриялык жардам төмөнкү адистер тарабынан көрсөтүлөт:
- психикалык ден соолук борборлорунун кабыл алуу - консультациялык-диагностикалык бөлүмдөрүнүн (ККДБ);
- мобилдүү адистештирилген бригадаларынын;
- ҮМБ, ЖДПБ.
5. Психикалык оорулардан жабыр тарткан адамдарга диспансердик байкоо жүргүзүлөт. Диспансердик байкоо акысыз көрсөтүлөт жана бул тиркеменин 6-пунктунда көрсөтүлгөн дары-дармек пакетинин алкагында пациентке зарыл болгон медициналык жардамды көрсөтүү жана врач-психиатрдын үзгүлтүксүз кароосу аркылуу жүргүзүлөт.
6. ҮМБда, ЖДПБда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык психикалык ден соолук борборунда (мындан ары - РПДБ) эсепке тургузулган, параноялык шизофрения, ар кандай генездеги аффективдүү бузулуштар, талмасы бар бейтаптар ҮМБ, ЖДПБ жана РПДБ врачтары жазып берген жеңилдетилген рецепттер боюнча дарыканалар аркылуу дары-дармектер менен төмөнкүдөй берүү нормаларына ылайык камсыз кылынат:
Дары-дармек каражатынын жана медициналык багыттагы буюмдун аталышы | Жылына 1 бейтапка берүү нормасы |
Галоперидол, таблеткалар, инъекциялар үчүн ампулалар | 2100 мг |
Тригексифенидил, таблеткалар | 720 мг |
Клозапин, таблеткалар, же хлорпромазин, таблеткалар | 9000 мг |
Амитриптилин, таблеткалар | 13500 мг |
Клоназепам, таблеткалар | 360 мг |
Фенобарбитал, таблеткалар | 21000 мг |
Карбамазепин, таблеткалар | 108000 мг |
7. Дары-дармекке жеңилдетилген рецепт пациенттерге дары-дармек каражатынын базистик баасынын 100 пайыздык өлчөмүндө берилет.
8. Женилдетилген рецепт боюнча дары-дармек каражаттарын берүүнү ММК фонду менен келишим түзгөн дарыкана мекемелери жүргүзөт.
9. Дары-дармек каражатынын белгиленген базистик баасы менен чекене баасынын ортосунда айырма пайда болгон учурда жеңилдетилген рецепти бар жарандар айырмасын өз каражаттарынын эсебинен төлөшөт.
10. Айыл жергесинде психотроптук препараттарды сатууга укуктуу дарыкана мекемелери болбосо, ММК фонду менен макулдашып ҮМБ жана ЖДПБ ушул тиркеменин 6-пунктунда көрсөтүлгөн жарандарды дары-дармек каражаттары менен республикалык бюджеттин кошумча каражаттарынын эсебинен акысыз камсыз кылышат.
11. Психикалык ден соолук борборлорунун ПКДБ адистери лаборатордук-диагностикалык изилдөөлөрдү, консультациялык-дарылоо жардамды төмөнкүлөрдөн жолдомо болгондо акысыз көрсөтүшөт:
- психикалык оорулуу адамдарга,
- сүйлөө патологиясы бар 5 жашка чейинки балдарга,
- мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына,
- Советтик Армиянын майыптарына,
- майып-интернационалисттерге,
- Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен адамдарга,
- Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен адамдардын балдарына (18 жашка чейинки),
- сот жана укук коргоо органдарынын чечими боюнча соттук-психиатриялык экспертизадан, психиатриялык күбөлөндүрүүдөн өтүп жаткан адамдарга,
- мамлекеттик жөлөкпул алган адамдарга (аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул, балдары бар адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул).
Адамдардын калган категориялары үчүн лаборатордук-диагностикалык изилдөөлөрдү, консультациялык-дарылоо жардамды психикалык ден соолук борборлорунун ПКДБ адистери медициналык кызматтардын толук наркын баалардын прейсуранты боюнча төлөгөндөн кийин көрсөтүшөт.
§ 2. Стационардык психиатриялык жардам
12. Пландуу стационардык психиатриялык жардам ооруканага жаткырууга жолдомо болгондо же шашылыш көрсөткүчтөрү боюнча бардык муктаж болгон бейтаптарга акысыз көрсөтүлөт.
3. Онкологиялык жардам
§ 1. Амбулатордук онкологиялык жардам
13. Адистештирилген онкологиялык жардам амбулатордук шартта төмөнкү адистер тарабынан көрсөтүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук онкология жана гематология борборунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ош облустар аралык онкология борборунун (мындан ары - ООАОБ) клиникалык-диагностикалык бөлүмдөрүнүн (мындан ары - КДБ);
- ҮМБ, ЖДПБ.
14. ҮМБ, ЖДПБ деңгээлинде адистештирилген онкологиялык жардам төмөнкүдөй жол менен көрсөтүлөт:
- оорунун алгачкы диагностикасы жана адистештирилген уюмдарда дарылоо үчүн жолдомо берүү;
- онкологиялык бейтапты диспансердик эсепке тургузуу;
- терминалдык стадиядагы онкологиялык бейтаптарды дары-дармек препараттары менен камсыз кылуу.
15. Дары-дармек каражаттары ҮМБ, ЖДПБ адистери жазып берген жеңилдетилген рецепттер боюнча дарыканалар аркылуу төмөнкү берүү нормаларына ылайык берилет:
Дары-дармек каражатынын жана медициналык багыттагы буюмдун аталышы | Жылына 1 бейтапка берүү нормасы |
Кетопрофен, инъекциялар үчүн ампулалар | 36000 мг |
Тримеперидин гидрохлорид, инъекциялар үчүн ампулалар | 4800 мг |
Морфин гидрохлорид, инъекциялар үчүн ампулалар, таблеткалар | 3000 мг |
Трамадол, инъекциялар үчүн ампулалар | 36000 мг |
16. Дары-дармекке жеңилдетилген рецепт пациенттерге дары-дармек каражатынын базистик наркынын 100 пайыздык өлчөмүндө берилет.
17. Жеңилдетилген рецепттер боюнча дары-дармек каражаттарын берүүнү ММК фонду менен келишим түзгөн дарыкана мекемелери жүргүзөт.
18. Дары-дармек каражатынын белгиленген базистик баасы менен чекене баасынын ортосунда айырма пайда болгон учурда жеңилдетилген рецепти бар жарандар айырмасын өз каражаттарынын эсебинен төлөшөт.
19. Айыл жергесинде баңгилик жана таасири күчтүү препараттарды сатууга укуктуу дарыкана мекемелери жок болгондо, ММК фонду менен макулдашып ҮМБ жана ЖДПБ залалдуу шишиктери бар адамдарды дары-дармек каражаттары менен республикалык бюджеттин кошумча каражаттарынын эсебинен акысыз камсыз кылышат.
20. Улуттук онкология борборунун жана Ош облустар аралык онкология борборунун клиникалык-диагностикалык бөлүмдөрүнүн адистери тарабынан лаборатордук-диагностикалык изилдөөлөр, консультациялык-дарылоочу жардам жолдомо болгон учурда төмөнкүлөргө акысыз көрсөтүлөт:
- оорунун терминалдык стадиясындагы бейтаптарга;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган адамдарга;
- 16 жашка чыга элек балдарга (жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларына - окууну бүтүргөнгө чейин, бирок 18 жашка чейинкилерге);
- Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына;
- мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына;
- Советтик Армиянын майыптарына;
- майып-интернационалисттерге;
- Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен адамдарга;
- Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен адамдардын балдарына (18 жашка чейинки);
- мамлекеттик жөлөкпул алган адамдарга (аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул, балдары бар адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул).
Адамдардын калган категориялары үчүн лаборатордук-диагностикалык изилдөөлөрдү жана консультациялык-дарылоочу жардамды медициналык кызматтардын толук наркын баалардын бекитилген прейсуранты боюнча төлөгөндөн кийин УОГБ жана ООАОБ КДБ адистери көрсөтүшөт.
§ 2. Стационардык онкологиялык жардам
21. Пландуу стационардык онкологиялык жардам ооруканага жаткырууга жолдомо болгон учурда же шашылыш көрсөтмөлөр боюнча көрсөтүлөт:
1) акысыз түрдө:
- 16 жашка чыга элек балдарга (жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларына - окууну бүтүргөнгө чейин, бирок 18 жашка чейинкилерге);
- Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына;
- мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына;
- Советтик Армиянын майыптарына;
- майып аскер-интернационалисттерге;
- Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен адамдарга;
- Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен адамдардын балдарына (18 жашка чейинки);
2) минимумдук деңгээлдеги кошумча төлөм берүү шарты менен:
- пенсионерлерге жана 70 жаштан ашкан эмгек ардагерлерине;
- бала чагынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга;
- мамлекеттик жөлөкпул алган адамдарга (аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул, балдары бар адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул);
3) орточо деңгээлдеги кошумча төлөөнү берүү шарты менен - ММК боюнча камсыздандырылган адамдарга, анын ичинде ММК төгүмдөрүн өз алдынча төлөгөндөргө, айыл чарбасында эмгектенген жана ММК төгүмдөрүн төлөгөн адамдарга, ММК полиси бар контракт боюнча аскер кызматын өтөгөн аскер кызматчыларына жана аларга теңештирилген адамдарга;
4) максимумдук деңгээлдеги кошумча төлөмдү берүү шарты менен - адамдардын калган категорияларына.
5) Химиялык терапия бөлүмдөрүндө стационардык онкологиялык жардам төмөнкү формула боюнча эсептелүүчү жеке кошумча төлөмдү төлөө шарты менен көрсөтүлөт:
Кошумча төлөө = СТ - Фбюджет - Фммк - Фжтф, мында:
СТ - баалардын бекитилген прейскуранты боюнча кызмат көрсөтүүнүн наркы;
Фбюджет - бир кишинин дарыланышын базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун каражаттарынан каржылоо;
Фмкк - бир кишинин дарыланышын милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынан каржылоо;
Фжтф - бир кишинин дарыланышын ЖТФ каражаттарынан каржылоо.
22. Кошумча төлөө өлчөмү жеңилдиктерге укуктарына жана көрсөтүлгөн кызматка жараша бөлүштүрүлөт.
23. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы № 36-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
24. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы № 36-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
25. Стационардык дарылоо учурунда кошумча төлөө химиялык терапия жана паллиативдик жардам бөлүмдөрүндөгү бейтаптардан алынбайт.
26. Онкологиялык бейтаптарга химиялык препараттар гуманитардык жардамдын каражаттарынын эсебинен берилет же пациент өз каражаттарынын эсебинен сатып алат.
4. Гематологиялык жардам
§ 1. Амбулатордук гематологиялык жардам
27. Адистештирилген гематологиялык жардам амбулатордук шартта төмөнкү адистер тарабынан көрсөтүлөт:
- УОГБ, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ош облустук клиникалык ооруканасынын (мындан ары - ООКО) КДБ;
- ҮМБ, ЖДПБ.
28. ҮМБ, ЖДПБ адистери төмөнкү оорулары бар бейтаптарга диспансердик байкоону жүргүзөт:
- катуу кармаган жана өнөкөт лейкоз;
- гемофилия;
- залалдуу лимфома, анын ичинде лимфогранулематоз;
- апластикалык анемия;
- миелодиспластикалык синдромдор.
Диспансердик байкоо акысыз көрсөтүлөт жана пациентке керектүү медициналык жардам көрсөтүү жана врачтын үзгүлтүксүз кароосу аркылуу жүргүзүлөт.
29. Гемофилия менен ооруган бейтаптар амбулатордук деңгээлде ҮДТ, ҮМБ, ЖДПБ аркылуу VIII, IX кан факторлорунун концентраттары жана медикаменттер менен төмөнкү берүү нормаларына ылайык акысыз камсыз кылынат:
Оорунун аталышы | Дары-дармек каражатынын жана медициналык багыттагы буюмдун аталышы | Жылына 1 бейтапка берүү нормасы |
Гемофилия | Криопреципитат 15 мг | 20 флакон |
Мурда кан факторлору менен дарылоо алган, гемофилия оорусу бар 16 жашка чейинки жана андан ашкан балдар | VIII жана IX кан факторлорунун концентраттары | 6500 ME |
30. Дары-дармек каражаттарына муктаждыгы гемофилия боюнча эсепке тургузулган бейтаптардын саны жана учурдагы жылга каржылоого жараша белгиленген нормаларга ылайык аныкталат. Кан факторлорунун концентраттарын бөлүштүрүүнү ММК фонду саламаттык сактоо уюмдары берген өтүнмөлөргө, гемофилия менен ооруган бейтаптар берген арыздарга ылайык жүргүзүлөт.
31. Гемофилия менен ооруган балдарга шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн кан факторлорунун концентраттары саламаттык сактоо уюмдарынын адистештирилген стационардык бөлүмдөрү аркылуу берилет.
32. КДБ адистери тарабынан лаборатордук-диагностикалык изилдөөлөр, консультациялык-дарылоочу жардам ушул тиркеменин 28-пунктунда көрсөтүлгөн кан оорулары бар бейтаптарга, ошондой эле мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына жолдомосу болгон учурда акысыз көрсөтүлөт.
Адамдардын калган категориялары үчүн лаборатордук-диагностикалык изилдөөлөр жана консультативдик-дарылоочу жардам баалардын прейсуранты боюнча медициналык кызматтын толук наркы төлөнгөндө КДБ адистери тарабынан көрсөтүлөт.
§ 2. Стационардык гематологиялык жардам
33. Пландуу стационардык гематологиялык жардам ооруканага жаткырууга жолдомо болгондо же шашылыш көрсөтмөлөр боюнча төмөнкүдөй көрсөтүлөт:
1) акысыз:
- катуу кармаган жана өнөкөт лейкозу бар бейтаптарга;
- гемофилиясы бар бейтаптарга;
- залалдуу лимфомасы, анын ичинде лимфогранулематозу бар бейтаптарга;
- апластикалык анемиясы бар бейтаптарга;
- миелодиспластикалык синдромдору бар бейтаптарга;
- Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына;
- мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына;
- Советтик Армиянын майыптарына;
- майып аскер-интернационалисттерге;
- Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен адамдарга;
- Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен адамдардын балдарына (18 жашка чейинки);
2) минимумдук деңгээлдеги кошумча төлөм берүү шарты менен:
- 70 жаштан ашкан пенсионерлерге жана эмгек ардагерлерине;
- бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга;
- мамлекеттик жөлөкпул алган адамдарга (аз камсыз болушкан үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул, балдары бар адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул);
3) орточо деңгээлдеги кошумча төлөөнү берүү шарты менен - ММК боюнча камсыздандырылган жарандарга, анын ичинде ММК төгүмдөрүн өз алдынча төлөгөндөргө, айыл чарбада алектенген жана ММК төгүмдөрүн төлөгөн адамдарга, ММК полиси бар контракт боюнча аскер кызматын өтөгөн аскер кызматчыларына жана аларга теңештирилген адамдарга;
4) максимумдук деңгээлдеги кошумча төлөм берүү шарты менен - адамдардын калган категорияларына.
Кошумча төлөмдөрдүн өлчөмдөрү 3-таблицада берилди.
5. Кардиохирургиялык жардам жана органдардын трансплантациясы
§ 1. Амбулатордук кардиохирургиялык жардам
34. Адистештирилген кардиохирургиялык медициналык жардамды амбулатордук шартта Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Жүрөк хирургиясы жана органдардын трансплантациясы илим-изилдөө институтунун (ЖХжОТИИИ), Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Жүрөк-кан тамыр хирургиясынын түштүк региондук илимий борборунун (ЖКТХТРИБ) КДБ жүргүзүшөт жана төмөнкүлөргө акысыз көрсөтүлөт:
- 1 жашка чейинки балдарга:
- Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына;
- мамлекеттик балдар үйлөрүндө, үй-бүлөлүк балдар үйлөрүндө, интернаттык типтеги балдар мекемелеринде жашаган жетим балдарга, ата-энесинин камкордугу жок калган балдарга;
- социалдык стационардык мекемелерде жашаган жарандарга;
- мамлекеттик жөлөкпул алган адамдарга (аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул, балдары бар адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул);
- мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына;
- Советтик Армиянын майыптарына;
- майып интернационалисттерге;
- Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен адамдарга;
- Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен адамдардын балдарына (18 жашка чейинки);
- мурда өткөргөн операциядан кийин (6 айдан кеч эмес) кабылдоолор пайда болгондо, дарылоо-контролдук комиссиянын (мындан ары - ДКК) чечими боюнча жүрөккө кайтадан операция өткөрүүгө муктаж адамдарга.
Адамдардын калган категориялары үчүн лаборатордук-диагностикалык изилдөөлөр жана консультациялык-дарылоочу жардам баалардын прейсуранты боюнча медициналык кызматтын толук наркы төлөнгөндө КДО адистери көрсөтүшөт.
§ 2. Стационардык кардиохирургиялык жардам жана органдардын трансплантациясы
35. Пландуу стационардык кардиохирургиялык жардамды пациенттерге ооруканага жаткырууга жолдомо болгон учурда ЖХжОТИИИ, ЖКТХТРИБ көрсөтүшөт.
36. ЖХжОТИИИ жана ЖКТХТРИБ ДКК Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондусунун (мындан ары - ЖТФ) квотасынын негизинде пациенттерди дарылоонун кезектүүлүгү жөнүндө чечим чыгарат жана аларды күтүү барагына киргизет.
37. Пландуу стационардык жардам күтүү барагынын мөөнөтүнө ылайык көрсөтүлөт. Пациент аны жиберген саламаттык сактоо уюму аркылуу билдирилет жана чакырылат.
38. Уюмдарды квоталоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 7-майындагы № 287 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондун түзүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн тизмесине кирген, келерки жылга каржылоо үчүн бекитилген жогорку технологиялуу жана кымбат баалуу медициналык кызматтардын айрым түрлөрүнүн негизинде;
- жашаган жери боюнча региондордун кесилишинде бейтаптардын санын чагылдыруу менен Тизме боюнча кызматтарды көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдарынын өтүнмөлөрүнүн негизинде;
- бейтаптардын саны боюнча уюмдарды каржылоо муктаждыгынын жана муктаждыкты ЖТФ каражаттарынын эсебинен жабуу ченеминин негизинде.
39. Пландуу стационардык кардиохирургиялык жардам төмөнкүлөргө акысыз көрсөтүлөт:
- 1 жашка чейинки балдарга;
- Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына;
- мамлекеттик балдар үйлөрүндө, үй-бүлөлүк балдар үйлөрүндө, интернаттык типтеги балдар мекемелеринде жашаган жетим балдарга, ата-энесинин камкордугу жок калган балдарга;
- социалдык стационардык мекемелерде жашаган жарандарга;
- мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына;
- Советтик Армиянын майыптарына;
- майып аскер-интернационалисттерге;
- Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен адамдарга;
- Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен адамдардын балдарына (18 жашка чейинки);
- мурда өткөргөн операциядан кийин (6 айдан кеч эмес) кабылдоолор пайда болгондо, ДКК чечими боюнча жүрөккө кайтадан операция жасоого муктаж адамдарга.
40. Стационардык кардиохирургиялык жардам 1-тиркеменин 5-пунктунда көрсөтүлгөн формула боюнча эсептелүүчү жеке кошумча төлөмдү төлөө шарты менен көрсөтүлөт.
41. Аз камсыз болгондордун категориясына кирген, кирешеси кепилденген минимумдук кирешеден төмөн Кыргыз Республикасынын жарандарына социалдык коргоо органдары же айыл өкмөтү берген маалымкатты көрсөткөндө, кошумча төлөм өлчөмү 50 пайызга төмөндөйт.
Мындай жарандарга медициналык кызмат көрсөтүү саламаттык сактоо уюмунун консолидацияланган бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт.
42. Терапиялык дарылоону алуу үчүн ЖХжОТИИИде, ЖКТХТРИБде мурда жүрөгүнө операция жасаткан жана органдардын трансплантациясын баштан кечиришкен пациенттер жаткырылышы мүмкүн. Мындай учурларда кошумча төлөм Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуунун мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык жардам көрсөткөн республикалык стационарлар үчүн аныкталган өлчөмдө алынат.
6. Адистештерилген медициналык жардамдын бардык түрү үчүн жалпы жоболор
43. Шашылыш медициналык жардам пациенттерге жашоо көрсөткүчтөрү боюнча тез медициналык кийлигишүүнү талап кылган абалдарда Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына төмөнкүлөр тарабынан акысыз көрсөтүлөт:
- шашылыш медициналык жардам кызматы;
- менчиктин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабай, ар кандай дарылоо-профилактикалык уюмдарга кайрылганда.
44. Жеңилдетилген рецепттер боюнча дары-дармек каражаттарын бейтаптын каалоосу боюнча анын туугандары рецептти жана пациент менен туугандык мамилесин далилдеген документти көрсөткөндө алышы мүмкүн.
45. Медициналык кызматка баалардын прейскуранты белгиленген тартипте бекитилет.
46. Адистештирилген стационардык жардам пациенттерге толук жана күндүзгү стационар түрүндө көрсөтүлүүсү мүмкүн.
47. Стационардык дарылоо учурунда зарыл болгон консультацияларды, лаборатордук жана диагностикалык изилдөөлөрдү өткөрүү, дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу үчүн кошумча акы алууга жол берилбейт.
48. Ооруканага жатууга жолдомосу бар жана госпиталга чейинки этапта алдын ала текшерилүүдөн өткөн пациенттерди ооруканага жаткыруу амбулатордук-диагностикалык бөлүмдө/КДБда кошумча текшерилүүсүз жүргүзүлөт.
49. Стационардык шартта жарандарды дары-дармектер менен камсыз кылуу базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын, атайын каражаттардын, кошумча төлөөнүн, ЖТФ каражаттарынын, ошондой эле гуманитардык жардамдын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт. Дары-дармек каражаттары менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 693 токтому менен бекитилген жана ММК фонду менен макулдашуу боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери бекиткен Кыргыз Республикасында Жашоого маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесинин (мындан ары - ЖМДКТ) негизинде түзүлгөн дары каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын ооруканадагы тизмесинин алкагында жүргүзүлөт.
Дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын ооруканадагы тизмесине стационардын спецификасына жана багытына ылайык ЖМДКТга кирген генерикалык дары-дармек каражаттарынын 20 пайызына чейин кошумча киргизилиши мүмкүн. Ооруканадагы тизме ЖМДКТ кайра каралганына жараша кайрадан каралып турат.
50. Дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды генерикалык аталыштар боюнча дайындоо стационардык бейтаптын медициналык картасында чагылдырылат.
51. Саламаттык сактоо уюмдары дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын болушу жөнүндө көрсөтмөлүү маалыматты пациентке жеткиликтүү жерде жайгаштырылышын камсыз кылышат.
52. Айрым пациенттер төлөй албаган учурда, тиешелүү документтерди көрсөткөндө саламаттык сактоо уюмунун ДКК чечими боюнча алардан минимумдук деңгээлдеги кошумча төлөө алынышы мүмкүн. Мындай пациенттерге медициналык кызмат көрсөтүү саламаттык сактоо уюмунун бюджетинин эсебинен камсыз кылынат.
53. Эгерде пациентти дары-дармек менен камсыз кылууга иш жүзүндөгү кеткен чыгымдар ММК фондусу тарабынан белгиленген тартипте бекитилген дарылоонун орточо наркынан үч эсе ашып кеткен учурда, уюмдун дарылоо-контролдук комиссиясы пациенттин жеңилдиктерге укуктары бар экендигине карабастан, пациентти андан нары дарылоосу үчүн дары каражаттарга кошумча чыгашаларды пациенттин өз каражаттарынын эсебинен төлөө жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
2-таблица
Адистештирилген стационардык онкологиялык жардам алууда кошумча төлөө өлчөмдөрү
Профиль | Ооруканага жаткырууга жолдомосу болгон жарандар үчүн кошумча төлөө деңгээли | Күндүзгү стационарда дарыланууда кошумча төлөө өлчөмү (сом менен) | Толук стационарда дарыланууда кошумча төлөө өлчөмү (сом менен) |
Терапевттик | Минималдык деңгээл | 546 | 1093 |
Орточо деңгээл | 2099 | 4198 | |
Максималдык деңгээл | 3306 | 6613 | |
Хирургиялык | Минималдык деңгээл | 1596 | 3188 |
Орточо деңгээл | 6110 | 12220 | |
Максималдык деңгээл | 9621 | 14293 |
3-таблица
Адистештирилген стационардык гематологиялык жардам алууда кошумча төлөө өлчөмү
Ооруканага жаткырууга жолдомо болгондо жарандар үчүн кошумча төлөө деңгээли | Күндүзгү стационарда дарыланууда кошумча төлөө өлчөмү (сом менен) | Толук стационарда дарыланууда кошумча төлөө өлчөмү (сом менен) |
Минимумдук деңгээл | 165 | 330 |
Орточо деңгээл | 595 | 1190 |
Максимумдук деңгээл | 2390 | 4780 |
2-тиркеме
2016-жылга Кыргыз Республикасынын жарандарына адистештирилген (психиатриялык, онкологиялык, гематологиялык, кардиохирургиялык) медициналык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарын каржылоонун УБАКТЫЛУУ ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Бул Убактылуу тартип Бирдиктүү төлөөчү системасында психиатриялык, онкологиялык, гематологиялык, кардиохирургиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарын (мындан ары - адистештирилген уюмдар) каржылоо жол-жоболорун аныктайт.
2. Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген адистештирилген уюмдарды каржылоо базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу (мындан ары - БММК) жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу (мындан ары - ММК) каражаттарынан финансылык ресурстарды консолидациялоо менен калкка көрсөтүлгөн медициналык кызматтар үчүн эсептешүү боюнча бир каналдык каржылоону жүргүзүү максатында жүзөгө ашырылат.
3. БММК камсыздандыруу негизине которулган саламаттык сактоонун чыгашалары боюнча республикалык бюджеттин каражаттары болуп саналат. Бул Тартип менен Кыргыз Республикасында БММК системасын ишке киргизүүнүн биринчи (пилоттук) этабы адистештирилген уюмдар үчүн аныкталды.
2. Адистештирилген уюмдардын кирешелерин түзүү
§ 1. БММК каражаттарынан адистештирилген уюмдардын кирешелерин түзүү
4. Бирдиктүү төлөөчү системасындагы бюджеттик каражаттар чыгашалардын эки багыты боюнча аныкталат:
- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуунун мамлекеттик кепилдиктер программасын аткарууга каражаттар;
- медициналык жардамды адистештирилген уюмдарда алган Кыргыз Республикасынын жарандарын БММК.
5. Медициналык жардамды адистештирилген уюмдарда алган Кыргыз Республикасынын жарандарына БММК бюджеттик чыгашалары:
- Бирдиктүү төлөөчү системасынын бюджеттик каражаттарынын 4,6 пайыз көлөмүндө аныкталат (милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары менен максаттуу иш-чараларга кошумча бөлүнгөн каражаттарды кошпогондо);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду үчүн (мындан ары - ММКФ) саламаттык сактоо системасында бирдиктүү берене боюнча, бюджеттик каражаттарды алуучуларга (адистештирилген уюмдарга) бөлүштүрүлбөй толук көлөмдө өз алдынча сап менен республикалык бюджетте бекитилет.
6. Программалык бюджеттин алкагында БММК каражаттары адистештирилген уюмдар боюнча стационардык жардамды каржылоо ченемдеринин негизинде бөлүштүрүлөт.
7. БММК каражаттарынын эсебинен адистештирилген стационардык жардамды каржылоо ММК боюнча камсыздандыруусу жана жеңилдиктер категориясы боюнча бөлүштүрүү, ар бир учурдун татаалдыгын эске алуу менен каржылоонун базалык ставкасынын негизинде ар бир дарылоо учуруна жүргүзүлөт. Ошол эле учурда базалык ставкага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 300 "Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы медициналык-санитардык жардамды каржылоо методдорун оптималдаштыруу жөнүндө" токтому менен бекитилген адистештирилген уюмдарынын географиялык жайгашуусун жана анын түзүмдүк өзгөчөлүгүн, ошондой эле медициналык жардам көрсөтүүдөгү башка шарттарын чагылдырган түзөтүүчү коэффициенттер колдонулат.
8. БММК каражаттарынын эсебинен адистештирилген уюмдардын чыгымдарын келерки жылга аныктоодо эсепке жеңилдиктер категориясы жана ММК боюнча камсыздандырылуусу боюнча бөлүштүрүү менен өткөн жылга дарылоо учурларынын саны алынат.
9. Эсепке алынган дарылоо учурларынын саны келерки жылга Бирдиктүү төлөөчү системасында стационардык жардам көрсөтүүгө ММК фонду менен адистештирилген уюмдун ортосундагы келишиминде чагылдырылат.
10. Жыл ичиндеги бюджетти аткаруу процессинде каржылоо көлөмдөрү дарыланган учурлардын иш жүзүндөгү санына жараша такталбайт.
11. БММК каражаттарынан стационардык жардамды каржылоо ченемдерин ММКФ жыл сайын эсептейт жана бекитет.
12. Ченемдерди эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 300 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарына Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарына көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамды каржылоонун базалык ченемдерин эсептөө методикасына ылайык жүргүзүлөт. Мында адистештирилген уюмдардын иш жүзүндөгү түзүлгөн чыгымдары эсепке алынат.
§ 2. ММК каражаттарынан адистештирилген уюмдардын кирешелерин жана чыгашаларын түзүү
13. ММК фонду жыл сайын ММК боюнча камсыздандырылган жарандардын ичинен дарыланган учурлардын санына жана ММК каражаттарынын жалпы көлөмүнө жараша ММК каражаттарынан стационарларды каржылоонун базалык ставкасын эсептейт жана бекитет.
14. ММК каражаттарынын жалпы көлөмү төмөнкү каражаттардан түзүлөт:
- иштеген жарандардын ММКга жумуш берүүчүлөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрүнөн;
- балдардын, пенсионерлердин, мамлекеттик жөлөкпул алышкан адамдардын (аз камсыз болушкан жана балдары бар үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул жана социалдык ай сайын берилүүчү жөлөкпул) ММКсына республикалык бюджеттен.
15. ММКФ адистештирилген уюмдардын ортосунда ММК каражаттарын стационардык жардамды каржылоо ченемдеринин негизинде бөлүштүрөт.
16. Адистештирилген уюмдарга арналган ММК каражаттары адистештирилген уюмдар үчүн БММК боюнча чыгымдар таандык кылынган бирдиктүү берене боюнча ММКФ үчүн өзүнчө сап менен республикалык бюджеттин чыгымдарында бекитилет.
17. Иштеп жаткан жарандардын ММКсына иш берүүчү тарабынан чегерилген жана адистештирилген уюмдар үчүн арналган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмү республикалык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүндө чагылдырылат.
18. Иш берүүчүнүн иштеп жаткан жарандардын ММКсына төлөнүүчү жана адистештирилген уюмдарга арналган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмү ММК Фондунун табыштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө которот.
§ 3. Башка булактардын эсебинен адистештирилген уюмдардын кирешелерин түзүү
19. ММКФ медициналык кызматтар үчүн калктын кошумча төлөө каражаттары жана акы төлөнүүчү медициналык жана медициналык эмес кызматтардын айрым түрлөрү үчүн каражаттар боюнча адистештирилген уюмдардын кирешелеринин болжолун жүзөгө ашырат.
20. Калктын кошумча төлөө каражаттарынан түзүлгөн адистештирилген уюмдардын кирешелери төмөнкүлөрдүн негизинде аныкталат:
- жеңилдиктер категориясы жана ММК аркылуу камсыздандырылгандыгы боюнча ооруканага жаткандардын болжолдуу саны;
- амбулатордук пациенттерге консультациялык-дарылоо жардамынын, лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдүн болжолдуу саны жана ошол кызматтардын баалар прейскуранты боюнча наркы.
Атайын каражаттардын түшө турган көлөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июлундагы № 350 "Саламаттык сактоо тармагында ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Бирдиктүү төлөөчү системасында саламаттык сактоо уюмдарынын атайын каражаттары жөнүндө жобого ылайык көрсөтүлүүчү кызматтардын наркы боюнча эсептелет. Башка акы төлөнүүчү кызматтар боюнча чыгашалар көрсөтүлгөн медициналык жана медициналык эмес кызматтардын айрым түрлөрү үчүн алардын болжолдуу түшкөн көлөмүнүн өлчөмүндө аныкталат.
21. Жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) медициналык жардамдын түрлөрүнүн фондусунун каражаттарынан адистештирилген уюмдардын кирешелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 7-майындагы № 287 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялык (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондун түзүү жөнүндө" токтому менен белгиленген жол-жоболорго ылайык аныкталат.
3. Адистештирилген уюмдардын чыгашаларынын консолидацияланган сметасын түзүү
22. Келерки жылга бардык булактар боюнча адистештирилген уюмдарды каржылоо көлөмүн аныктоодон кийин адистештирилген уюмдун чыгашалар жана кирешелеринин консолидацияланган сметасы түзүлөт.
23. Кирешелердин жана чыгашалардын консолидацияланган сметасын адистештирилген уюм стационардык жардам көрсөтүү боюнча ММКФ менен адистештирилген уюмдун келишиминде аныкталган сарптоо багыттары боюнча каражаттарды колдонуу регламентине ылайык иштеп чыгат.
24. Адистештирилген уюмдун кирешелеринин жана чыгашаларынын консолидацияланган сметасын ММКФ менен макулдашкандан кийин уюмдун жетекчиси бекитет.
25. Адистештирилген уюмдарга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана ММК фонду бекиткен милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын, калктын кошумча төлөөсүн жана атайын каражаттарды пайдалануу регламентинин күчү таркабайт.
4. Адистештирилген уюмдардын консолидацияланган бюджетин аткаруу
§ 1. Адистештирилген уюмдарды каржылоо
26. Адистештирилген уюмдар үчүн каралган БММК каражаттары ММК фондунун табыштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан казыналыктын региондук бөлүмүндөгү (мындан ары - КРБ) уюмдун алыш-бериш (өздүк) эсебине каржыланат.
27. Калктын кошумча төлөө каражаттары, медициналык жана медициналык эмес кызматтардын айрым түрлөрүн көрсөтүүдөн түшкөн каражаттар адистештирилген уюмдун КРБдагы атайын эсебине түшөт.
§ 2. Адистештирилген уюмдардын кирешелеринин жана чыгашаларынын консолидацияланган сметасын аткаруусу
28. Адистештирилген уюмдар БММК каражаттары боюнча чыгашалардын консолидацияланган сметасын белгиленген жол-жоболорго ылайык аткарышат.
29. Кошумча төлөм каражаттары жана атайын каражаттар боюнча адистештирилген уюмдун кирешелер жана чыгашалар сметасы өз алдынча аткарылат.
30. Каржылоонун булактары боюнча чыгашалардын консолидацияланган сметасын аткарууну контролдоо ММКФ тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Эсепке алуу жана отчет берүү
31. БММК каражаттары боюнча эсепке алууну жана отчёт берүүнү адистештирилген уюмдар эсепке алуу жана отчёт боюнча белгиленген жол-жоболорго ылайык жүргүзүшөт.
32. ММКФ адистештирилген уюмдар боюнча БММК, калктын кошумча төлөөсү жана атайын каражаттар боюнча топтолгон отчеттукту түзөт.
33. ММКФ жалпы республика боюнча республикалык бюджеттен алынган БММК каражаттары боюнча чыгашалар сметасын аткаруу жөнүндө топтолгон отчетту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берет.