Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 29-марты № 91-б
Мамлекеттик имараттарды, курулмаларды жана жайларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун иштеши γчγн талаптагыдай шарттарды тγзγγ максатында, "Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Ѳкмѳтγнγн Иш башкармасы:
- "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна Бишкек шаары, Пушкин кѳчѳсγ 50 дареги боюнча жайгашкан имаратты 3 жылга чейинки мѳѳнѳткѳ акы тѳлѳп пайдалануу (ижаралоо) келишиминин шарттарында берсин;
- Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 токтому менен бекитилген Мамлекеттик мγлктγ ижарага берγγнγн тартиби жѳнγндѳ жобонун 2-главасына ылайык тооруктарды ѳткѳрбѳстѳн "Айыл Банк" ачык акционердик коому менен ижаралоо келишимин белгиленген тартипте тγзсγн.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |