Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 6-т, 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемелерине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 3-марты № 60-б
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-августундагы № 297-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программанын (мындан ары - Мамлекеттик программа) экинчи этабын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн сунуштарды даярдоо максатында:
1. Мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн сунуштарды даярдоочу ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ эки айлык мөөнөттө жогоруда аталган Мамлекеттик программанын биринчи этабын пландаштыруудагы кемчиликтерди эске алуу менен Мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруу-методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топко министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун жооптуу кызматкерлерин жана адистерин ишке тартууга укук берилсин.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун жетекчилери жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С.Ш.Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн сунуштарды даярдоочу ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-августундагы № 297-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын чек ара маселелерин тейлеген вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары - башкы штабдын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары.