Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 11-декабры № 591
1. 2016-жылдын биринчи кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралууга тийиш болгон негизги маселелердин тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун жетекчилери 10 жумушчу күндүн ичинде ушул буйрук менен бекитилген маселелерди иштеп чыгышсын жана аларды даярдоонун кадамдык пландарын бекитишсин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизишсин.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралууга тийиш болгон маселелерди даярдоо тапшырылган Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери (демилгечилери) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун сапаттуу жана өз убагында берүү үчүн жеке жоопкерчилик тартаары;
- ушул буйрук менен бекитилген маселелерди кийинкиге калтыруу же алып салуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында гана чечилери;
- ушул буйрук менен бекитилген маселелерди негизсиз себептер боюнча алып салуу үчүн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жооптуу мамлекеттик органынын жетекчилерине карата тартиптик жаза чаралары көрүлөөрү.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмдүк бөлүнүштөрү ушул буйрук менен бекитилген маселелердин даярдалышына туруктуу негизде инспекциялоо жүргүзүшсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А.Сариев |
Тиркеме
2016-жылдын биринчи кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында карала турган негизги маселелердин ТИЗМЕГИ
№ | Маселенин аталышы | Маселени даярдоо үчүн жооптуу органдын аталышы | Докладчы | Маселени кароонун актуалдуулугу жана күтүлүүчү натыйжалар | Маселелерди өз убагында даярдоону контролдоочу КРӨАнын бөлүмдөрү |
2016-жылдын 15-январы | |||||
1 | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө | Экономмин | Экономика министри | Энергетика тармактарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу | Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмү |
2016-жылдын 29-январы | |||||
1 | Көп функциялуу Калкты тейлөө борборлорун түзүү жөнүндө | Мамкаттоо | Мамкаттоонун төрагасы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Туруктуулук, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" программасын ишке ашыруу | Курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмү |
2 | Террорго каршы жана Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин жана жашоо-турмушту камсыз кылуучу маанилүү объекттеринин диверсияга каршы корголушунун абалы жөнүндө, ошондой эле террордук коркунучтардын алдын алуу жана аны болтурбоо боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коом менен өз ара иш-аракеттерин күчөтүү жөнүндө | МУКК | МУККнын төрагасы | Объекттердин корголуу деңгээлин жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун реалдуу чагылдыруу жана потенциалдуу коркунучуна карата мамлекеттик органдардын жана калктын даярдыгын жогорулатуу | Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү |
3 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 17 "Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | Жаштар жана спорт агенттиги | Жаштар жана спорт агенттигинин директору | Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине дем берүү максатында эмгек акысын жогорулатуу | Билим берүү, илим жана спорт бөлүмү |
2016-жылдын 12-февралы | |||||
1 | 2015-жылдын январь-декабры үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө | Экономмин | Экономика министри | Алдыдагы мезгилге негизги милдеттерди аныктоо жана аларга жетишүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү | Экономика жана инвестициялар бөлүмү |
2 | 2015-жылы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жарандардын кайрылуулары менен иштөөнүн абалы жөнүндө | Каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр | Жарандардын кайрылуулары менен аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын иштерине мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана өркүндөтүү | Каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү |
3 | "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу | МБК | БМКнын төрагасы | Бажы кызматынын кызматкерлеринен жеке киреше салыгын кармоо маселесин жөнгө салуу | Финансы жана кредит саясаты бөлүмү |
4 | Социалдык чөйрөнүн уюмдары үчүн казыналык системасындагы эсептердин колдонулушу жөнүндө | БИМ | Билим берүү жана илим министри | Мектептердин камкорчулук кеңештери тарабынан тартылган, кошумча билим берүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттардын пайдаланылышынын ачык айкындыгын жана жарандык коом алдында отчеттуулукту камсыз кылуу | Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү |
2016-жылдын 26-февралы | |||||
1 | 2015-жылдын жыйынтыктары боюнча 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чараларынын планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө | Коррупцияга каршы саясат бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр | Мамлекеттик кызмат системасында коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө жарандык коом институттарынын күч аракеттерин бириктирүү | Коррупцияга каршы саясат бөлүмү |
2 | 2015-жылдын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун аткаруучулук тартиби жөнүндө | Чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр | Кыргыз Республикасынын министрликтеринде жана административдик ведомстволорунда аткаруучулук тартипти күчөтүү | Чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмү |
3 | Мамлекеттик кайра камсыздандыруу уюмун түзүү жөнүндө | Мамфинкөзөмөл, Маммүлкфонду, Финмин, Экономмин | Мамфинкөзөмөлдүн төрагасы | Республиканын ичинде кайра камсыздандыруу системасын стимулдоо боюнча чараларды ишке ашыруу жана 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын 9.4-пунктунда каралган кайра камсыздандыруу механизмин өркүндөтүү | Финансы жана кредит саясаты бөлүмү |
2016-жылдын 11-марты | |||||
1 | "Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын мамлекеттик органдардын аткаруусу тууралуу | ТИМ | Тышкы иштер министри | "Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын мамлекеттик органдардын аткаруусунун натыйжалуулугун жогорулатуу | Эл аралык кызматташтык бөлүмү |
2 | Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландары жөнүндө | Курулуш агенттиги | Курулуш агенттигинин директору | Башкы пландарды модернизациялоо жана корректировкалоо | Курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмү |
3 | Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу боюнча иштери жөнүндө | Экономмин | Экономика министри | Инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда мамлекеттик органдарды жана жеке секторду тартуу жана активдүү катышуусу | Экономика жана инвестициялар бөлүмү |
4 | Кыргыз Республикасында ветеринардык-санитардык көзөмөлдү жакшыртуу жана мал чарбасындагы эпизоотиялык жакшы абалды камсыздоо боюнча артыкчылыктуу милдеттер жөнүндө | Ветинспекция | Ветинспекциянын директору | Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл системасын жана ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын өркүндөтүү | Агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмү |
5 | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында электрондук саламаттык сактоо системасын киргизүү жөнүндө | ССМ | Саламаттык сактоо министри | Электрондук саламаттык сактоо системасынын иштеши (Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарындагы электрондук түрдө пациенттердин жеке маалыматтар базасы, медициналык документтер, медициналык архив) | Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү |
6 | "Улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө | Экономмин, Маммүлкфонду | Экономика министри, ММБФнын төрагасы | Мамлекеттик мүлктү реформалоо боюнча концепциянын алкагында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн өзгөртүү | Экономика жана инвестициялар бөлүмү |
2016-жылдын 25-марты | |||||
1 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин ишке ашыруу жөнүндө | ЖӨБ жана этностор агенттиги | ЖӨБ жана этностор агенттигинин директору | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү | Уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү |
2 | 2015-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу | Экономмин | Премьер-министр, Экономика министри | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2015-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө отчетун берүү | Экономика жана инвестициялар бөлүмү |
3 | ЖОЖдордун акы алып билим берүү кызматтарын мамлекеттик жөнгө салууну жоюу жөнүндө | Монополияга каршы агенттик, БИМ | Монополияга каршы агенттиктин директору, Билим берүү министри | ЖОЖдор жана АОЖдор көрсөтүүчү билим берүү кызматтары рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүү | Экономика жана инвестициялар бөлүмү, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү |
4 | Эмгек жана калкты ишке орноштуруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө | Эмгексоцмин | Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Туруктуулук, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" программасын ишке ашыруунун алкагында эмгек рыногун өнүктүрүү боюнча чараларды ишке ашыруу | Социалдык өнүктүрүү бөлүмү |
5 | Республиканын театрларынын ишин реформалоо | Маданиятмин | Маданият, маалымат жана туризм министри | Республиканын театрларынын ишин өркүндөтүү | Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү |